Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:49

Өзбекстандын каарына калган Камаловдор


Өзбекстандын тизмеси.
Өзбекстандын тизмеси.

25-январда Өзбекстандын министрлер кабинетине караштуу Дин иштери боюнча комитет тыюу салынган адабияттардын жана сайттардын 40 барактан турган жаңы тизмесин бекитти. Ал тизмеге Ош облусунун Кара-Суу районунан чыккан имамдар, ата-бала Камаловдор да кошулган.

«Кызматтык колдонуу үчүн» деген мөөр басылган бул документтин көчүрмөсү «Азаттыктын» өзбек кызматына келип түшкөн. Ал тизмеде бир катар имамдардын, диний топтордун жана уюмдардын аттары аталган. Алардын катарында Ош облусунун Кара-Суу районунан чыккан, экстремизмге байланыштуу айыпталып, 2015-жылдан бери түрмөдө отурган, Кара-Суудагы «Ас-Сарахси» мечитинин имамы Рашот Камалов да бар.

Рашот Камалов сотто.
Рашот Камалов сотто.


Кара тизмеде Рашот Камаловдун атасы, 2006-жылы Ош шаарында антитеррордук операция учурунда өлтүрүлгөн имам Мухаммадрафик Камалов да бар. Рашот Камалов камакка алынып соттолуп жаткан учурда Кыргызстанга кастыгы жок экенин билдирген болчу:

- Жетиштүү далилдер жоктугунан улам кайсы бир мамлекетти күнөөлөбөйбүз. Бирок менин камалышыма үчүнчү күчтөрдүн кызыкчылыгы болуп жатат деп эсептейм. Бизге Кыргызстан диний эркиндик берген. Ошондуктан биз Кыргызстанга эч кандай жаман оюбуз жок. Бирок кайсы бир сырткы күчтөр бул аркылуу Кыргызстандагы мусулмандар менен бийликтин ортосундагы мамилени муздатууну каалап жатат деп эсептейм.

40 барактан турган тизмеде өрөөндө атагы чыккан өзбекстандык диний ишмерлердин аттары да кездешет. Алардын катарында азыр Швецияда качкын макамы менен жашап жаткан каракалпакстандык имам Мухаммадсолих Абутов, 2012-жылы кол салуудан аман калып, Швецияга качкан намангандык имам Обидхон-кары Назаров, 1994-жылы Ташкент аэропортунан дайынсыз жоголгон анжияндык имам Абдували Мирзаев бар.

Өзбек жазуучусу Нурилло Отахановдун «Бул күндөр» чыгармасы жана өзбекстандык имам Фазлиддин Парпиевдин Шавкат Мирзиёевге жиберген видео кайрылуусу да «кара тизмеге» кирген.

Өзбекстан өзүнүн «кара тизмесине» имамдардан сырткары бир нече диний маңыздагы материалдарды жана уюмдарды да кошкон. Алардын арасында ошол эле «Хизб ут-Тахрир», «Нуржулар» кыймылы, «Акрамиттер» коому, «Нурсафардийя» кыймылы, «Таухид валь-Жихад», «Жабхат ан-нусра», «Таблиги жамаат» жана башка топтор жана уюмдар учурайт.

Андан сырткары, айрым авторлордун саясий, диний мүнөздөгү ырлары, чыгармалары жазылган социалдык баракчалар да бар. Мунун арасына башкы кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан VICE NEWS каналынын Сириядагы согуш тууралуу бир мүнөттүк видеосу да кошулган.

Азырынча Өзбекстандын ИИМи бул документ боюнча «Азаттыктын» суроолоруна жооп бере элек. Бирок документтин түшүндүрмөсүндө тизмеде аты аталгандардын баарына Өзбекстанда тыюу салынары жазылган. Андан сырткары ал документтеги тизме маал-маалы менен жаңыланып, кошумчаланып турары өзгөчө белгиленген.

Бул тизмени иштеп чыккан Өзбекстандын министрлер кабинетине караштуу Дин иштери боюнча комитет тизме ИИМге жиберилгенин ырастады. Бирок ал орган бул тизме элге эмне үчүн жарыяланбаганын ачыкка чыгарган жок.

«Азаттыктын» өзбек кызматынын булагы берген маалыматка караганда Өзбекстандын ИИМнин кызматкерлери адатта көп адамдарды «коомдук тартипке коркунуч келтирген материалдарды сактоо, таратуу», «Диний экстремизмди камтыган материалдарды Өзбекстандын аймагына алып кирүү» деген беренелер менен айыпташат.

Бул беренелер боюнча коюлган айыпты мойнуна алган адам өзбек мыйзамдары боюнча 3-5 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG