Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Москва Олимпиадасынын көмүскөдө калган өңүттөрү


Мындан 40 жыл мурда ошол кездеги СССРдин баш калаасы Москвада 22-Жайкы Олимпиада өткөн. Ал оюндар тарыхта эң саясатташкан спорттук иш-чаралардын бири болуп калды.

65 өлкөнүн командалары советтик аскерлердин Ооганстанга киргизилишине каршылыгын билдирип, оюндарга катышуудан баш тартышкан. СССРдин өзүндө калың элден жаап-жашырылып, кийин ачыкка чыккан терс көрүнүштөргө карабай миллиондогон катардагы адамдар үчүн ал иш-чара чыныгы спорт майрамы болгон. Советтик Кыргызстандын атлеттери ошондо сегиз медаль уткан.

1980-жылдын 19-июлунан 3-августуна чейин борбор шаардан тышкары Ленинград, Киев, Минск жана Таллин шаарларында Олимпиада мелдештери өткөн. Советтик спортчулар 195 медаль, анын ичинде 80 алтын жеңип, улуттук командалар арасында биринчи орунду алган. Ал эми оюндарга катышпаган өлкөлөрдүн саны өзүнчө рекорд катары тарыхка кирип калды.

АКШнын ошол кездеги президенти Жимми Картер Москвага шарт коюп, аскердик контингентти Ооганстандан чыгарып кетүүнү талап кылган. Бирок СССР аны аткарган эмес. Вашингтондун оюндарга катышпоо тууралуу чакырыгын Батыш Европанын жана Латын Америкасынын айрым өлкөлөрү, Канада, Жапония жана Түштүк Корея, көпчүлүк мусулман мамлекеттер колдошкон.

Ошол эле маалда кээ бир өкмөттөр каалаган спортчуларына Москвага барууга уруксат беришкен. Кошмо Штаттардын өзүндө бойкот тууралуу чечимди колдобогондор да болгон. Айтмакчы, Вашингтондун ал кадамы жоопсуз калган эмес. Төрт жылдан кийин СССР баштаган 13 өлкө Лос-Анжелестеги Олимпиадага барбай койгон.

Советтик басма сөз болсо «Москва Олимпиадасына 80 мамлекеттин командалары келет, 65 эле өлкө катышпайт» деген таризде маалымат таратып турду.

«Кандай болбосун, Олимпиада коопсуздук, мелдештерди уюштуруу жагынан үлгүлүү болду, ошол кездеги (саясий) тирешүүгө карабай катышуучулардын эсинде калды десем жаңылышпайм. Советтер Союзу ал жылдары карасанатай империя катары саналчу, андыктан 80 гана өлкөнүн командалары келген. Бирок ал Олимп оюндары болчу», - деп эскерет украиналык спорт комментатору Валентин Щербачев.

Москва Олимпиадасын «эң таза» деп атап келишкен, медаль тагынган бир да спортчу допинг үчүн дисквалификация болгон эмес. Бирок 1980-жылы жеңил атлетикада күмүш медаль жеңген Константин Волков жана КГБнын мурдагы подполковниги Владимир Попов «Настоящее время» телеканалына айтып беришкендей, ошондо эле Сочидегидей анализдерди алмаштырган система бар болчу. Ал кезде советтик гана эмес, башка атлеттердин да тесттерин бурмалап турушчу.

«Допинг-контроль бар болчу. Сыягы погончон кызматкерлерибиз отурчу. Бир жолу заарамды тапшырганы барып идишти берсем, «Мына сенин заараң, ушуну бересиң» деди. «Мен коркпойм, эч кандай кызытма жок» десем, «кокустуктарды болтура албайбыз бар, тапшыр» деп айтышты. «Атаандаштырымчы?». «Бирин калтырбай ушинтебиз» деп жооп кайтарышты», - деп эскерет Волков.

Белгилей кетсек, иш-чарага спорт федерациялары гана эмес, атайын кызматтар да жакшылап даярданышкан. 1977-жылы КГБнин 11-бөлүмү түзүлүп, ага Олимпиада маалында жана даярдык учурунда «душман элементтердин чагымчыл аракеттерине каршы чара көрүү» вазийпасы жүктөлгөн. Иш жүзүндө чекисттер антидопинг лабораториясында да иш алып барышкан.

Ушу тапта Канадада жашаган мурдагы подполковник Владимир Попов 1980-жылдагы тажрыйба кийин 2014-жылы Сочи Олимпиадасында да пайдаланылганын айтат.

КГБнин ролуна кайтсак, атайын кызматка миңдеген коноктор менен миллиондогон көрүүчүлөргө СССРдин жалаң жакшы жактарын тартуулоо милдети да жүктөлгөн.

Алсак, «коомго каршы» маанайдагы жазуучулар менен активисттерди психиатриялык ооруканага жайгаштыруу, Москвадан же өлкөдөн чыгаруу иштери жүргөн. Мамлекеттик коопсуздук кызматынын ал тууралуу документтери жана диссиденттердин эскерүүлөрү Советтер Союзу ыдыргандан кийин гана ачыкка чыккан.

Ошентсе да көптөгөн советтик кишилер үчүн 1980-жылдагы Олимпиада элди бириктирген спорт майрамы катары эсте калган.

Макала «Настоящее время» телеканалынын материалдарынын негизинде даярдалган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG