Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:30

Усмонзода Рахмонду кетирүүнү көздөгөнбү?


Саиджафар Усмонзода, Тажикстан парламентинин мурдагы депутаты.
Саиджафар Усмонзода, Тажикстан парламентинин мурдагы депутаты.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы июнда парламенттин мурдагы депутаты, "Демократиялык партиянын" мурдагы төрагасы Саиджафар Усмонзода "мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылган" деген шек менен кармалганын билдирген.

"Усмонзода өзүнүн кылмыштуу планын ишке ашыруу үчүн өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдөн тарапкерлерин чогултуп, элди нааразылык акциясына чыгаруу үчүн чет мамлекеттик бир жарандан 10 миллион доллар сураган" деп айтылат расмий билдирүүдө.

Өткөн айда экс-депутат менен чогуу бир катар тажик аткаминерлер да кармалган. Алардын байланышы бар-жогу белгисиз, бирок коңшу өлкөнүн тургундары төңкөрүш аракети көрүлгөнүн жокко чыгарышпайт.

"Убакыт келдиби?"

АКШда жашаган тажикстандык саясат таануучу Азиз Нуруллоев "өлкөдө чоң таасирге ээ болгон топтордун ичинде азыркы коомдук-саясий кырдаалды өзгөртүү талабы эбак келген, анткени өлкөнүн бардык ресурстарын монополизациялоо бир аймактагы адамдардын гана эмес, бир кландын колунда. Бул көрүнүш өлкөнүн президенти менен байланышкандардын кызыкчылыгынын кагылышуусу үчүн табигый негиз болуп саналат" деген пикирде.

Деген менен Берлиндеги Карнеги борборунун илимий кызматкери Темур Умаров Тажикстанда төңкөрүш ыктымалын четке кагат. Анын пикиринде, автократиялык мамлекеттер көбүнчө мындай ыкма менен нааразы же мамлекет үчүн кооптуу, маанилүү, жашыруун маалыматтарга ээ адамдардан арылат.

"Бул жерде кандайдыр бир макулдашуу болгону толук ыктымал, аны ишке ашыруу мүмкүн болбой калган, ошондуктан Эмомали Рахмондун режимин дайыма колдоп келген Усмонзоданын кереги жок болуп калды", - дейт Умаров.

Ал эми Нуруллоев Тажикстанда учурдагы саясий кырдаалда эгемендикти көрсөтө ала турган бир дагы адам же топ жок экенин баса белгилейт:

"Жакында эле кармалган таасирдүү кишилердин арасында андай адамдар жок болчу. Эгерде алар өздөрүнүн гүлдөп турган кезинде, таасири жана саясий күчү менен системага каршы чыга алышпаса (мисалы, Искандаров, Зарифи, Салимов ж.б.), азыр эми мурдагыдай таанымал болбой калганда, бул мүмкүн эмес", - дейт Нуруллоев.

Башка жергиликтүү серепчилер да камактагылардын эч кимиси бийликке келүүгө саясий таасири же социалдык базасы жок деген пикирди колдошот. Бирок атын атагысы келбеген саясий эксперт "Азаттыктын" тажик кымзаты - "Озоди" радиосуна курган маегинде "адаттан тышкары жагдайлар белгисиз адамдарды күтүүсүз аракеттерге түртүшү мүмкүн" дейт.

""Демократиялык партиянын" мурдагы төрагасы Махмадрузи Искандаровду, катталбаган "Жаңы Тажикстан" партиясынын лидери Зайд Саидовду, Социал-демократиялык партиянын жетекчиси Рахматилло Зоировду же катталбаган "Тараккиёт" партиясынын лидери Султон Кувватты эске алсак болот. Алар Эмомали Рахмондун өкмөтүнө өзгөчө коркунуч туудурган эмес, бирок бийлик аларды да саясий аренадан четтетүү, түрмөгө камоо үчүн баарын жасады. Усмонзода "Демократиялык партиянын" лидери жана парламенттин депутаты катары Рахмонду колдобой коюп, анын иш-аракеттерине каршылык көрсөтсө, сахнага чыгып, кыска убакыттын ичинде кырдаалды өзгөртүүгө жөндөмдүү коомдук лидерге айланмак" деген серепчи бул "сырттан келген жардамга жараша" гана мүмкүн болорун белгилейт.

Саиджафар Усмонзода.
Саиджафар Усмонзода.

14-июнда Тажикстандын баш прокурору Юсуф Рахмон парламенттин төмөнкү палатасынын кезектеги жыйынында эл өкүлдөрүнө Саиджафар Усмонзоданы депутаттык кол тийбестиктен ажыратып берүү өтүнүчү менен кайрылган. Жыйынга катышкан мыйзам чыгаруучулардын баары прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, Усмонзоданы камоого уруксат беришкен.

Баш прокурор айткандай, Усмонзода 2021-жылы сентябрь айында "Тажикстандын улуттук альянсы" экстремисттик-террордук уюмунун жетекчиси Шарофиддин Гадоев менен телефондон сүйлөшүп, Тажикстандагы мамлекеттик бийликти узурпациялап алуу боюнча алдын ала сунуштарды берген. Бирок Гадоев прокурордун сөздөрүн дароо четке каккан.

Усмонзода буга чейин эки жолу - 2013 жана 2020-жылдары Тажикстандын президенттигине ат салышууга ниеттенген. Ал ошондой эле Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Саймумин Ятимовдун кудасы. Тактап айтканда, Усмонзоданын уулу Ятимовдун иниси Жамшиддин кызын алган.

Сырттагы күч

Чет өлкөдөгү оппозициялык партияларды жана кыймылдарды бириктирген Тажикстандын Улуттук альянсынын төрага орун басары, бозгундагы Шарофиддин Гадоев Усмонзода кармалгандан бир күн өткөндөн кийин "Озоди" радиосуна курган маегинде депутаттын камалышын орусиялык генералдын сапарына байланыштырган. Гадоев Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын генералы Саиджафар Усмонзодага өкмөттүн жаңы лидери болууну сунуштаганын, Орусия Тажикстанда жаңы өкмөт курагысы келгенин айткан.

Бирок Темур Умаров Кремль Тажикстандагы стабилдүүлүккө коркунуч туудурууну каалабайт, "Путинди көптөн бери тааныган жана ага ишенген Рахмонду алмаштыруу Москванын кызыкчылыгына туура келбейт" деген пикирде.

Умаровдон айырмаланып, орусиялык эксперт Андрей Серенко "бийлик үчүн ички күрөш" жана атадан балага өткөн бийликти алмаштырууга даярдыктар бар экенин четке какпайт, бирок ал Кремлдин Тажикстанда болуп жаткан окуяларга тиешеси жок деп эсептейт.

"Эмне үчүн экенин билбейм, бирок Рахмондун бийликти өткөрүү планы Москваны толук канааттандырган эмес дешет. Учурда Рахмон эртеби-кечпи кете турганын баары түшүнүп, Кремль бул процесс жасалма эмес, уюшкандыкта, ырааттуу жана рационалдуу болушун каалайт", - дейт Андрей Серенко.

Ал Украинадагы согуш башталгандан бери Орусиянын Борбор Азиядагы таасири азайганын моюнга алып, Орусиянын атаандаштары, ал тургай анын достору да чөлкөмдүн жаңы келечегин түзүүнү каалап жатышы толук ыктымал деп болжолдойт. "Москванын көз карашында, Рахмон жетектеген башкаруучу топ Орусиянын аймактагы таасиринин эң алсыз түйүнү болуп саналат" дейт орусиялык серепчи.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Кытайдын лидери Си Цзинпин. Дүйшөмбү шаары. 5-июль, 2024-жыл.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Кытайдын лидери Си Цзинпин. Дүйшөмбү шаары. 5-июль, 2024-жыл.

Ал тапта 4-5-июлда Кытайдын лидери Си Цзинпин Тажикстанга расмий сапары менен барып, президент Рахмонго "Достук" медалын тапшырып, эки өлкө толук стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткенин билдирген. Ал ошондой эле Кытай ар дайым Тажикстандын жанында экенин, анын аймактык бүтүндүгүн сыйлай турганын белгилеген.

Азиз Нуруллоевдин айтымында, Кытай башка мамлекеттерден жана державалардан айырмаланып, өкмөттүн алмашуусун өлкөнүн ички иши деп эсептейт, бирок "Бээжинди да, Москваны да Эмомали Рахмондун мураскери азыркы стабилдүүлүктү сактай алабы деген суроо тынчсыздандырууда" дейт серепчи.

Mинистрлердин тынчсыздануусу

Саясат таануучу Нуруллоев соңку камакка алуулар тууралуу кабарды системанын ичиндеги бөлүмдөр жана топтордун күрөшү менен байланыштырат. Коопсуздук үчүн жашыруун сүйлөшүүгө макул болгон дүйшөмбүлүк дагы бир эксперт "көп жылдардан бери иштеген кээ бир министрлер кооптонуп жатышат, анткени бийликтин атадан балага өтүшү өкмөттүн курамын өзгөртүү дегенди билдирет. Бирок бул өзгөрүүлөр кандай болору белгисиз, Хамрохон Зарифи менен Акбаршо Искандаровдун кармалышы алардын кооптонуусуна себеп болууда. Камакка алуулардын максаты – Рустамдын айланасындагыларды тазалоо жана андан таасирдүү фигураларды болтурбоо" дейт эксперт.

Ал ортодо атын атагысы келбеген тергөөгө жакын дагы бир булак "Озоди" радиосуна 2-июлда билдиргендей, тергөө учурунда Усмонзода төңкөрүш аракетине ондогон адамдарды шериктери катары атаган, ошондуктан алар суракка чакырылган. Тергөөчүлөр алардын айрымдарын Усмонзода менен беттештиргени, ал алардын бетине "бири-бириңер менен кантип кеңешкениңер эсиңде жокпу" дегени айтылат. Бирок сурактагылар мындай сүйлөшүүлөрдү толугу менен четке кагышкан.

Иштин табышмактуу жактарынын бири: буга чейин тажик бийлиги дайыма төңкөрүш аракети деген теманы таратып келсе, бул жолу маселе тымызын каралууда. Усмонзода кармалгандан бери бир ай өттү, бирок бийлик бул иштин жаңы чоо-жайын ачыктай элек.

Тажикстандын Жогорку кеңешинин мурдагы төрагасы Акбаршо Искандаров.
Тажикстандын Жогорку кеңешинин мурдагы төрагасы Акбаршо Искандаров.

Белгилей кетсек, Тажикстанда соңку айларда мурдагы министрлер, дипломат жана депутат кармалганын медиа каражаттары жазышкан. Тажикстандын Жогорку кеңешинин мурдагы төрагасы Акбаршо Искандаров камалганын "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 21-июнда кабарлаган. 73 жаштагы Искандаров 1990-жылдардын башында Тажикстандын Жогорку Кеңешин жетектеген, алтургай бир кезде мамлекет башчынын милдетин убактылуу да аткарып турган.

Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи.
Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи.

12-июнда Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи да кармалган. 75 жаштагы Зарифи эмне себептен кармалганы белгисиз. Тажикстандын укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактын айтканын караганда, "суракка алуу жана кармоо Зарифи министр болуп турган учурда Тышкы иштер министрлигинин имаратын куруудагы экономикалык кылмышка байланышкан".

Зарифи 1996-2002-жылдары Тажикстандын ЕККУдагы жана БУУдагы туруктуу өкүлү болгон. 2002-2006-жылдары Тажикстандын АКШдагы элчиси кызматын аркалаган. Ал эми 2006-2013-жылдары Тажикстандын Тышкы иштер министрлигин жетектеген.

"Озоди" радиосунун макаласын бул жерден орус тилинде окуй аласыз.

XS
SM
MD
LG