Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

АКШ-Орусия форумунун баш темасы: Адам укугу


Полиция Эл аралык эмгек күнүндө. Москва. 1-май, 2011
Полиция Эл аралык эмгек күнүндө. Москва. 1-май, 2011

Орусиядагы адам укугунун абалы, адвокат Магницкийдин абакта көз жумуу жагдайы жана башка суроолор Адам укугу боюнча АКШ-Орусия ортолук форумдун акыркы жыйынында талкууланды.

Кошмо Штаттардын Конгрессине үстүдөгү аптада орусиялык 60 чиновникке каршы санкция колдонуу жөнүндөгү мыйзам долбоору сунуш кылынды.

Долбоордун жаралышына Эл аралык Hermitage Capital Management компаниясынын адвокаты Сергей Магницкийдин 2009-жылы Москвада абакта медициналык жардам көрсөтүлбөй көз жумуусу түрткү болду.

Бул окуя АКШ-Орусия аралык Президенттик комиссиясынын Жарандык коом боюнча жумушчу тобунун 6-7-июнда Вашингтондо өткөн акыркы сессиясында да кеңири талкууланды.

Жыйын Орусия президентинин администрация башчысынын орун басары Владислав Сурков менен АКШ президенти алдындагы Улуттук коопсуздук боюнча Кеңештин Орусия жана Евроазия иштери боюнча улук директору Майкл МакФол төрагалыгы астында өттү.

Диалог-
Барак Обама жана Дмитрий Медведев. Вашингтон. 24-июнь 2010
талкууда Сурков баш болгон чиновниктер Магницкий менен болгон окуяны экинчи болтурбоо үчүн жаңы мыйзам кабыл алынганын айтышты. Бирок, МакФолдун “Азаттыкка” айтышынча, ырасмий жооп жыйындын кээ бир катышуучуларын ынандырган эмес:

- Менимче, кээ бирөөлөр: "жаңы мыйзам кабыл алынганы жакшы, бирок бул кылмышка жооптуу адамдар жазасын албады”, -дешип, окуяга улам кайрылып жатышты. Бул факт боюнча ачык айкын пикир алмашуу болуп, карама-каршы пикирлер айтылды.

Сергей Магницкий милицияны жана салык полициясын өз ара макулдашып алып, казынага кол салат деп күнөөлөгөндөн кийин түрмөгө салынган.

АКШ-Орусия ортолук Адам укугу боюнча форум эки өлкө арасындагы мамилеге жаңы дем берүү үчүн түзүлүп, анын ишине ырасмий адамдарга катар бейөкмөттүк уюмдарынын мүчөлөрү тартылган.

Обаманын Орусия саясатынын каршылары кимдер?

Ак Үйдүн сындоочулары президент Барак Обаманын кеңсеси Москва менен жакшы алака түзүүгө умтулуп, көпчүлүк мезгилде Орусиянын талабына жетеленип кетүүдө деп санашат.

Мисалы, республикачыл
Милиция Конституциянынын жарандардын жыйындарга чогулуу укугун коргогон 31-беренесин коргоого чакырган демонстрациянын катышуучуларын кармаганы жатат. Санкт-Петербург. 31-май 2011

сенатор Жон МакКейн Ак Үйдү Россия саясатында “реализмге таянбайт” деп үзбөй сындап жүрөт.

Кайрадан президенттикке талапкер болору айтылып жаткан Сара Пэйлин да бир нече күн мурда Обаманын администрациясынын Европаны ракета чабуулунан коргоодо Орусия менен кызматташуу аракетин сындады.

МакКейн-Пэйлин тандеми өткөн президенттик шайлоодо республикачыл Обамага жеңилип калышкан.

Мындай көз караштарды Майкл МакФол туура эмес деп санайт. Анын айтышынча, президент Обаманын кеңсеси Москва менен мамилени жакшыртууга умтулуу менен бирге адам укугуна байланыштуу суроолордо дайыма бекем бир позицияда турат. Бул маселеге АКШ-Орусия аралык Адам укугу боюнча форумдун акыркы сессиясында да чоң маани берилген.
Жаңы мыйзам кабыл алынганы жакшы, бирок бул кылмышка жооптуу адамдар жазасын албады.


- Форумда биз жарандык коомдун мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде коррупцияга каршы күрөштөгү ролу жана массмедианын жемсөөлүккө каршы күрөштөгү орду жөнүндө ачык талкууладык. Коррупцияны азайтууда, өзгөчө, өкмөттөгү жемсөөлүктүн бетин ачууда өтө эффективдүү курал саналган кубаттуу жана көзкарандысыз медианын болушу зарыл.

АКШ президенти алдындагы Улуттук коопсуздук боюнча Кеңештин Орусия жана Евроазия иштери боюнча улук директору Майкл МакФолдун сөзүнчө, Адам укугу боюнча диалог - Орусиядагы адам укугун жакшыртууга таасир этчү көп механизмдин бири гана.

Басма сөз эркиндигин изилдеген көзкарандысыз уюмдардын билдиришинче, соңку жылдары Орусияда маалымат булактарына кысым бир кыйла өскөн жана Орусия журналисттердин өмүрү үчүн дүйнөдөгү эң коркунучтуу өлкөлөрдүн бири.

XS
SM
MD
LG