Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

РОССИЯДА МИГРАЦИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРДИ КҮЧӨТКӨН ЖАҢЫ МЫЙЗАМДАР КҮЧҮНӨ КИРДИ


Азиза Турдуева, Бишкек 1-январдан тарта Россия Федерациясынын аймагында өлкөнүн жаңы миграциялык эрежелери күчүнө кирди. Мамлекеттик Дума өткөн жылы өлкөдө орун алган бир катар террордук акттардан кийин миграциялык эрежелерди күчөткөн мыйзамдарды кабыл алган. Жаңы миграциялык эрежелер Россияда иштеп жүргөн кыргызстандыктарга кандай таасирин көрсөтүшү мүмкүн?

Өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин маалыматтары боюнча Россия Федерациясындагы Кыргызстандык эмгек мигранттар бул мамлекеттеги чет өлкөлүк эмгек мигранттарынын 1 пайызын гана түзөт. Россияда иштеген кыргызстандыктар өздөрүнүн тууган-туушкандарын багууга жылына 100-120 млн АКШ долларын жумшап турушат.
Орусиянын Мамлекеттик Думасы кабыл алган миграциялык эрежелерди татаалдаткан мыйзамдарга ылайык, чет өлкөлүк мигранттардын Россиянын аймагында иштеп, жашашынын шарттары кыйла татаалдаштырылды.
1-январдан тарта Россиянын аймагында КМШнын атуулдарынын паспорттору эгерде аларда чет өлкөгө чыгууга уруксат берген бааракчасы ачылган болсо гана мыйзамдуу. Учурда Россиянын шаар, региондорунда иммиграциялык инспекциялар да түзүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин алдындагы Миграция Департаментинин жетекчиси Зафар Хакимов:

Мына 1-январдан тарта Россиянын бардык шаар, облустарында атайын миграциялык инспекциялар түзүлө баштады. Алардын башкы максаты: өлкөгө келген чет өлкөлүк атуулдардын мыйзамдуу жүрүшүн көзөмөлдөө , -дейт Зафар Хакимов.

“Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк атуулдардын укуктук статусу жөнүндөгү” мыйзамдын кабыл алынышы менен, Кыргызстандын атуулдары да чет өлкөлүк атуулдун статусуна ээ болгондугуна карабастан, азыр деле кыргызстандык көптөгөн атуулдар мурдагы Советтер Союзунда жашагандай мамиле жасап, жаңы эрежелерге тиешелүү көңүл бурбай жатат. Буга байланыштуу Россиянын Тюмень шаарында иштеп келген Мырзабек Аттокуровдун пикирин уксак:

Эми Россия «загранстраницаны» талап кылган мындай жаңы мыйзамдарын киргизбей эле койсо болмок. Мен мисалы, канча жылдан бери Россияга барып иштеп жүрөм. Эми биз азыр деле мурдагыдай эле карым-катнашта болуп атпайбызбы. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы саясий, экономикалык мамилелер жакшы да .

Россияда иштеп жүргөн айрым кыргызстандыктардын пикиринде, өлкөдөгү жаңы миграциялык эрежелер эгерде алар так аткарылса, Россиядагы кыргызстандык мигранттардын санынын азайышына алып келбейт. Ушул тапта Москва шаарында иштеп жүргөн кыргызстандыктардын бири Нурлан Шадыканов бул маселеге байланыштуу:

Россия башка өлкөлөрдөй эле, мигранттарга карата болгон эрежелерин катуулатып атат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Быйыл болбосо, эмдиги жылы мындай тартип киргизилмек. Эгерде мыйзамдарды биз так аткарсак, Россиядагы ишибизди мурдагыдай эле уланта берсек болот. Күнөө көбүнчө өзүбүздө болот. Каттоодон өтпөйбүз, качып жүрө беребиз. Анан бир күн кармалабыз. Россия чет өлкөлүк мигранттарга караата туура эле мыйзамдарды кабыл алды деп ойлойм , - деген оюн айтты Нурлан Шадыканов.

Миграция Департаментинен билдиргендей, учурда Кыргызстандын Москвадагы, Екатеринбургдагы жана Новосибирскидеги консулдук кызматтары кыргызстандыктардын паспортторуна чет өлкөгө чыгууга уруксат берген баракчаларын ачуу иштерин улантууда. Ал эми бул шаарлардан алыс жайгашкан региондордо иштеп жүргөн кыргыздар өз өлкөсүнө паспортуна чет өлкөгө чыгууга уруксат берген баракчасын ачуу үчүн келишүүдө.

Кыргызстандын Новосибирскидеги вице-консулу Екатерина Мартюшованын маалыматы боюнча Россиянын көптөгөн шаар,облустарынын бийлик органдары да кыргызстандык атуулдардын ал жактарда иштөө маселесин чечүүгө көмөктөшүүдө.

Айрым көз караштарга караганда, Россиядагы жаңы эрежелер бул өлкөдөгү Кыргызстандык мигранттардын санынын азайышына жана Кыргызстандагы жумушсуздардын санынын кескин көбөйүшүнө алып келиши ыктымал. Буга байланыштуу Россия Федерациясында иштеген кыргызстандык эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо иштерин жүргүзгөн “Акыйкат жолу” коомдук бирикмесинин төрайымы Бүбүайша Арстанбекова мындай дейт:

Россиянын анын аймагында иштеген мигранттарга карата тартибин катуулантканы кыргызстандыктарга өз таасирин тийгизе баштады десем болот. Россиянын көптөгөн, өзгөчө кыргыз консулдугунун өкүлчүлүктөрү жок шаар, облустардан кыргыз эмгек мигранттары депортациялана баштады. Россияда иштеген кыргыз атуулдарынын саны азайа баштагандыгы байкалууда. Азыр биздин бирикмеге Россияда иштеген көптөгөн атуулдар нааразылык билдирип, кайрылып жатышат , - деди Бүбүайша Арстанбекова.

Тышкы иштер министрлигинин малыматы боюнча жакынкы мезгилде Россия Федерациясынын аймагындагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны бул өлкөдөгү миграциялык эрежелердин татталдашына байланыштуу кыскарышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG