Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

РОССИЯНЫ ДЕМОГРАФИЯЛЫК КРИЗИСТЕН МИГРАНТТАР АЛЫП ЧЫГАТ


Айнура Жекше кызы Географиялык жактан алганда Россия Европадан Тынч океанга чейин жайылган дүйнөдөгү эң чоң өлкө. Ал эми калктын саны боюнча Россия барган сайын ылдыйыкы саптарга жылып баратат. Эксперттер көптөн бери эле өлкө демографиялык кризиске кабылышы мүмкүн деп эскертип келатышат, эми бул маселе саясатчыларды да коопко сала баштады өңдөнөт.

Саясий бейстабилдүүлүк, жашоо стандарттарынын төмөндүгү жана медициналык тейлөөнүн начардыгы Россиянын калкынын азайып баратышына өбөлгө түзбөй койбойт.Өлкөнүн регионалдык өнүгүү министри Владимир Яковлев өткөн жумада ырастагандай, акыркы эки жылдын аралыгында калктын саны 1,7 миллионго кыскарган.

Соңку эл каттоого ылайык, Россиянын калкы 145 миллион кишинин тегерегинде. Бирок бул сан азыркы темп менен азая берсе, 50 жылдан кийин өлкөнүн калкы 3 эсеге кыскарат, - деп кооптонот Яковлев.

Россиянын Илимдер Академиясынында иштеген эксперт-демограф Никита Мкрчян калктын азайышы коркунучтуу деңгээлге жеткенин белгилеп, анын арты экономика үчүн да начар болот деп эсептейт:

Биздин санактарга ылайык, мигранттар келбесе, 2015-жылга карай жумушка жарамдуу адамдардын саны жыл сайын 1 жарым миллионго төмөндөп турмакчы. Бул – экономикалык өнүгүүгө кедерги болуп калышы ыктымал.

Россияда ар бир аялга 1,3 бала туура келет. Бул – калктын санын азыркы деңгээлде кармап туруш үчүн жетиштүү эмес. Орустардын орточо өмүр узундугу да башка мамлекеттер менен салыштырмалуу төмөн. Ал эми балдардын өлүмү болсо, тескерисинче, өтө жогору. Орто эсеп менен алганда, Россияда эркектер 60 жашка чейин, аялдар болсо 73кө чейин жашашат.Маселен, Францияда бул көрсөткүчтөр – 75 жана 82 жашты түзөт.

Жумушчу күчтүн азайып баратышы экономикалык кризиске сөзсүз алып келет, - деп ырасташат адистер. Министр Яковлев белгилегендей, жумушка жарамдуу эркектердин саны 20 миллиондун айланасында, алардын дээрлик 75 проценти ичкиликке берилген же ишсиз, же болбосо армияда кызмат өтөп жүрөт, же ар кандай кылмыштар үчүн колония-түрмөлөрдө отурат.
Калктын 60 пайыздайы - пенсионерлер, өздөрүнө камкордук көрө албаган жашы жете элек балдар жана майыптар.

Демограф Мкрчян эмгектенген институттун прогноздору деле көңүл кубантаарлык эмес. Аларга ылайык, 20 жылдан кийин Россияда ар бир беш адамдын бирөө эле иштеп калат.

Демографиялык проблеманы Россиянын президенти Владимир Путин дүйшөмбү күнү улутка кайрылуу жасаганда да сөз кылган. Жыл сайын 40 миңге жакын активдүү, ишке жарамдуу эркектердин алкоголдук уулануудан көз жумуп жаткандыгын Путин кайгылуу көрүнүш катары белгиледи:

- Орус аялдары Батыш европалыктардан 10 жылга, эркектери болсо 16 жылга кыскараак өмүр сүргөн фактыны биз унчукпай кабыл ала албайбыз. Өлүмгө алып келген себептердин айырмдарын жок кылганга болот. Медициналык тейлөө, анын сапатын жакштыртуу алдыңкы планга коюлушу керек, илдеттерди алдын алуу практикасын жандатууга тийишпиз.

Демографтар жетекчиликтин мындай комментарийлерин кубаттап, бийликтин бул проблемага көңүл бура башташын жакшы жышаан катары баалашууда. Ошону менен бирге, эксперттер экономикалык кризисти болтурбоо үчүн саламаттыкты сактоо системасын жакшыртуу, балдардын төрөлүшүн көбөйтүү өңдүү чаралар жетишсиз дешет.

Алардын бир тобу Россияда демографиялык жана экономикалык алааматты алдына алуунун бир гана аргасы бар деген пикирде. Бул - мигранттарды кабыл алуу жолу.Мкрчян Сибирь, Ыраакы чыгышта жашаган эл, Москвага агылып, эбегейсиз аймактар бош калууда, борбор шаарда болсо, тескерисинче, калктын саны ыкчам көбөйүүдө дейт. Ошол бош калган чөлкөмдөргө мигранттарды жайгаштыруу практикасын колдонсо болот, - деп эсептейт демограф.

Россия демографиялык проблемаларга буга чеийн көп эле ирет кептелген. Соңку эле кылымды алсак, 1917-жылкы большевиктер революциясы, андан кийин тутанган жарандык согуш, 1932-33-жылкы ачарчылык калктын санынын азайышына алып келген. Улуу Ата Мекендик согуш менен сталиндик репрессиялар да миллиондогон адамдардын өмүрүн кыйып салган.

XS
SM
MD
LG