Вашингтон менен Бээжиндин Дональд Трамп быйыл январда АКШ президентинин кызматына киришкенден берки жогорку деңгээлдеги алгачкы сүйлөшүүлөрүн мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон жүргүзүп, ал ушул дем алыш күндөрү президент Си Цзинпин баштаган кытай лидерлери менен кездешти.
Тиллерсон Бээжинге барар алдында Түндүк Корея кубаттуу ракеталык кыймылдаткычын сынап, өлкө лидери Ким Чен Ын бул окуяны алар үчүн ракеталык өндүрүштүн “жаңы жаралуусу” катары сыпаттады.
Пхеньяндын акыркы сыноосуна чейин Чыгыш Азия боюнча алгачкы сапарда жүргөн жеринен Тиллерсон аймактагы коопсуздук кырдаалын “коркунучтуу деңгээлде” деп мүнөздөгөн эле.
Вашингтон Кытай Түндүк Кореяга болгон таасирин Пхеньян өзөктүк жана ракеталык программаларын токтотуусу үчүн пайдаланышы керек деп санайт.
Ал эми Бээжин Вашингтонду өз өнөктөшү - Түштүк Кореяда ракетадан коргонуу боюнча THAAD системасын жайгаштыруу пландарын кескин сынга алган. Бирок мамлекеттик катчы Тиллерсон билдиргендей, эки тарап Түндүк Кореяны “башка багытка” буруу үстүндө чогуу иштөөнү макулдашты.
Негизинен эле Кытай борборундагы сүйлөшүүлөрдө Бээжин да, Вашингтон да карым-катыштын бекемдигине умтулары айтылды:
- Биз Кытай менен Кошмо Штаттардын ортосундагы кызматташтык үчүн биргелешкен аракеттерди көрүшүбүз керек. Биз жаңы доордо да конструктивдүү карым-катышты камсыздай алабыз деген ойдобуз. Менин ишенимимде, биз мына ушуну жасай алган убакытка чейин карым-катышыбыз, албетте, туура багытта кетет, -деди президент Си Цзинпин жолугушууда.
Мамлекеттик катчы Тиллерсон өз кезегинде кытай лидери менен президент Трамптын ортосунда телефондон узак сүйлөшүү болгонун эске салып, ал Бээжин менен байланыштарга олуттуу маани берерин белгиледи.
Кытай борборундагы пресс-конференция учурунда Тиллерсон төмөнкүлөргө токтолду:
- Биздин эки өлкөнүн алака-катышы тарыхый жактан мындан 40 жыл мурда башталгандан бери Кытай менен АКШнын мамилеси конфронтацияга барбоого, өз ара урматтоого, эки тарап үчүн тең пайдалуу кызматташтыкка негизделип келди. Мен деңиз талаштары, кемелердин эркин каттамы өңдүү маселелерде баары эрежеге негизделиши керектигинин маанилүүлүгүн талкууладым. Кошмо Штаттар адам укуктары, диний эркиндиктер өңдүү универсалдык баалуулуктарды коргоону уланта берерин да ачык айттым.
Мамлекеттик катчы Тиллерсон деңиз талаштары дегенде Түштүк Кытай деңизин айтып жатат. Дүйнөлүк соода үчүн канжолдордун бири катары саналган бул деңизде Кытай аскерий максатта жасалма аралдарды курушуна АКШ каршы. Деңиздин бөлүктөрүн болсо Бээжин менен Түштүк Чыгыш Азиядагы айрым коңшулары талашып жүрөт.
Тиллерсон Вашингтон менен Бээжин сооданын адилеттүү жүрүшү үстүндө иштеши керектигине да көңүл бурду. Президент Трамп талапкер кезинде Кытайдын соода жана валюта саясатын кескин айыптаган билдирүүлөрдү жасаганы белгилүү.
Кытайдын тышкы иштер министри Ван И эки ортодогу пикир келишпестиктерди табигый көрүнүш деп атады:
- Көз караштардагы ажырым эки тарап үчүн кадимки көрүнүш. Тайван болобу, ТХААД ракеталык системасы болобу, сезимтал маселелерге эки тарап тең кылдат мамиле жасап, көзөмөлдөп турушу абзел. Дүйнөгө таасири бар ири державалар катары Кытай-Америка алакасынын маанилүүлүгү өзүнөн-өзү эле түшүнүктүү. Биз баарыбыз алака-катыштын туруктуу өнүгүшү эки өлкөнүн калкынын да, эл аралык коомчулуктун да мүдөөсүнө жооп берет деп санайбыз.
Тайван демекчи президенттик кызматка расмий киришкенден кийин Трамп Кытай өзүнүн бир бөлүгү катары санаган Тайвандын лидери Цай Инвэнь менен телефондон сүйлөшүп, бул Бээжиндин нааразылыгын жараткан. Мындан улам Вашингтон узактан бери карманып келген “бир Кытай” саясатынан баш тартабы деген жоромолдор болгон. Бирок президент Дональд Трамп кийин Си Цзинпин менен телефон сүйлөшүүсүндө АКШ "бир Кытай" саясатын сактай турганын айткан.