Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:38

Трамп Путинди Вашингтонго чакырат


Трамп жана Путин Хелсинкидеги басма сөз жыйынында. 16-июль, 2018-жыл.
Трамп жана Путин Хелсинкидеги басма сөз жыйынында. 16-июль, 2018-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп Хелсинки саммитинен кийин орус президенти Владимир Путинди быйыл күздө Вашингтонго чакыра турган болду. Бирок ошол эле учурда Ак үйдүн өкүлдөрү орус президентинин "кылмышка шектүүлөрдү эки тарап кайчы суракка алсын" деген сунушуна Трамп макул эмес экенин да билдиришти. Администрациянын жогорку даражалуу адамдары мындан тышкары АКШ Орусиянын быйыл күздөгү шайлоого кийлигишүү аракеттерине каршылык көргөзүүгө даяр турушу зарыл экенин да эскертип жатышат.

Президент Дональд Трамп орус президенти Владимир Путинди Вашингтонго быйыл күздө чакырууну улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Жон Болтонго тапшырганын, бул боюнча талкуулар жүрүп жатканын Ак үйдүн расмий өкүлү Сара Сандерс 19-июлда кабарлады.

Мунун алдында Трамп өзү "Твиттердеги" баракчасында Путин менен апта башында болгон саммитин “чоң ийгилик” деп баалады.

Трамп Хелсинкидеги кездешүүдө сөз болгон айрым идеяларды талкуулаш үчүн “биздин экинчи жолугушууну чыдамсыздык менен күтөм” деп да белгилеген.

Путин менен Хелсинкидеги басма сөз жыйынында жасаган айрым билдирүүлөрү үчүн Трамп өз мекенинде оппоненттеринен, өнөктөштөрүнөн, медиа өкүлдөрүнөн сын укту. Антсе да Кошмо Штаттардын лидери америкалык телеканалдар менен болгон соңку маектеринде Орусия менен карым-катыш орнотуунун туура чечим экенин улам-улам айтып жатат.

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

- Орусияга карата көптөгөн жылдар ичинде кайсы президентти албагыла, эң катаалы мен болдум. Балким мендей катаал эч ким болбосо керек. Ал түгүл мына Германия менен катуу урушуп жатам. Алар Орусиядан энергияны, жаратылыш газын миллиарддаган долларга сатып алып жаткан учурда, биз кайра миллиарддаган доллар коротуп, аларды Орусиядан коргошубуз керек экен. Мен киргизген санкцияларды, мен чыгарган дипломаттарды (санын) карагыла! Мындайды эч ким жасаган эмес. Путин менен тил табышуу терс эмес, оң иш. Эгер бул эми оңунан чыкпай калса, мен анда Путиндин эң каардуу душманы болом, - деди Кошмо Штаттардын президенти 19-июлда CBNC телеканалы менен болгон маегинде.

Ушул эле күнү Москвадан президент Путин да Трамп менен болгон саммитин “абдан ийгиликтүү” деп сыпаттады. Ал АКШда айрым бир күчтөр Орусия менен Кошмо Штаттардын мамилесин “ички саясий максатта садага чабууга” умтулуп жатат деп эсептейт.

Владимир Путин.
Владимир Путин.

- Акыр-аягында түз сүйлөшүүгө мүмкүндүк берген толук форматтуу кездешүү болгону маанилүү. Ал жалпысынан ийгиликтүү өттү, пайдалуу макулдашууларга алып келди. Албетте, окуялар кандай өнүгөрүн көрөбүз. Анын үстүнө Америкадагы белгилүү бир күчтөр Хелсинкидеги жолугушуунун жыйынтыктарын төмөндөтүп жатышат,- деди Путин Орусиянын дипломатиялык корпусу менен жолукканда.

Бирок эки президенттин кездешүүсүндө кандай макулдашууларга жетишилгени азырынча толук маалым болбой турат.

Ак үй 19-июлда Трамп Путиндин Хелсинкиде киргизген сунуштарынын бирине “макул эмес” экенин ырастады.

Путин Хелсинкидеги басма сөз жыйынында алар "АКШдагы шайлоого кийлигишти" деген орусиялыктарды суракка алууга америкалык тарапты катыштыра аларын, бирок бул үчүн Вашингтон Орусия кылмышка шектүү деп санаган америкалыктардын суракка алынышына жол ачышы керек экенин билдирген.

Орусия ал "салыктан качты" деп айыптаган британиялык инвестор жана укук коргоочу, Кремлди сындап жүргөн Уильям Браудердин иши боюнча суракка алгысы келген америкалыктардын арасында мурдагы элчи Майкл МакФол бар экендиги да кабарланган.

Трамп менен Путиндин апта башындагы жолугушуусунун алдында АКШда Орусиянын башкы аскердик чалгын мекемеси - ГРУнун он эки офицерине расмий айып коюлган. Алар "2016-жылы шайлоо алдында Демократиялык партиянын компьютерлик түйүндөрүн хакерлик жол менен бузууга аралашкан" деп күнөөлөнгөн.

Ал арада АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасында оппозициядагы демократтар алдыдагы шайлоонун коопсуздугун чыңдоого кошумча каражат бөлүү маселесин көтөрүшсө, администрациянын жогорку даражалуу адамдары Москванын ага да кийлигишүүсү мүмкүн экенин эскертип жатышат.

Кирстен Нилсен.
Кирстен Нилсен.

- Менимче, чалгын жамаатында (АКШнын), Ички коопсуздук министрлигинде Орусия биздин шайлоо системабызга кирип, кийлигишкени боюнча эч суроо жок. Аларда мүмкүнчүлүк бар, ошондой ниет бар. Ички коопсуздук министрлигинде биз азыр штаттар менен шайлоо инфраструктурасынын ушул тарабын бекемдөөнүн үстүндө иштеп жатабыз. Менимче, алар муну кайрадан жасай турганына биз баарыбыз даяр турушубуз керек, - деди АКШнын ички коопсуздук министри Кирстен Нилсен “Аспен коопсуздук форуму” деген жыйында сүйлөгөн сөзүндө.

Кошмо Штаттарда быйыл күздө Конгресске өткөөл шайлоо болот. Конгресстин эки палатасында тең азыр республикачылар көпчүлүктү түзөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG