Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:12

Трамп Путинди Вашингтонго чакырды


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын лидери Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путинди күзүндө Вашингтонго келип кетүүгө чакырды. Бул тууралуу Ак үйдүн өкүлү Сара Сандерс "Twitter" баракчасына жазды.

«Президент Путинди чакырууну улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтонго тапшырган. Ал чакырууну Орусияга жиберди. Тараптар бул маселени талкуулай башташты», деп жазды Сандерс.

Трамп күзүндөгү жолугушуу терроризмге каршы күрөшүү, Жакынкы Чыгыштагы абалды жөнгө салуу, өзөктүк куралдарды жок кылуу жана Украинада тынчтык орнотуу боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга жардам бере турганын белгиледи.

АКШнын президенти жалган маалымат тараткан ЖМКларды эске албаганда Хелсинкиде Орусия менен болгон саммит чоң ийгиликке ээ болгонун билдирди.

Мындан тышкары Трамп Кремлдин АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкендиги боюнча орус жарандарын суракка алуудан баш тартты.

Хелсинкидеги жолугушуу маалында Путин орусиялыктардын АКШда сурак берүүсүн уюштура ала турганын, бирок ал үчүн Кошмо Штаттар Москвага "Hermitage Capital" фондунун башчысы жана «Магнитский мыйзамынын» демилгечилеринин бири Уильям Браудердин иши боюнча америкалык аткаминерлерди суракка алууга шарт түзүп бериши керек экенин айткан. Ал аткаминерлердин арасында АКШнын Орусиядагы мурдагы элчиси Майкл Макфолдун да аты аталган.

Өткөн жумада Вашингтон орусиялык чалгынчылар деп эсептеген 12 адамга "АКШдагы шайлоого кийлигишкен" деп айып таккан.

XS
SM
MD
LG