Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:37

Трамп Флоридада съезд өткөрүүдөн баш тартты


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп келерки айдагы Флорида штатындагы Республикалык партиянын съездин өткөрүүдөн баш тартты.

Анын бул чечими өз өлкөсүндө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 4 миллион адамдан ашкан маалга туш келди.

Кошмо Штаттарда соңку үчүнчү күн катары менен COVID-19дан көз жумгандардын саны миңден ашып жатат.

Дональд Трамп бейшембиде Ак үйдүн алдына брифингде сүйлөп жатып, Жексонвилл шаарында "эл көп топтолгон, ири курултай өткөрүүгө ылайыктуу маал эмес" деп билдирди. Ушул тушта Флорида баштаган бир катар түштүк жана батыш штаттарда оорунун жайылышы басаңдай элек.

АКШ президенти республикачылардын кийинки айдагы жыйындары "бул же тигил онлайн форматта" өтүшү мүмкүн экенин билдирди.

Бирок 24-августта Түндүк Каролинадагы Трампты ноябрдагы президенттик шайлоого аталган партиянын атынан расмий талапкер катары көрсөткөн съездге делегаттар кыска убакытка чогулушу мүмкүн экенин жокко чыгарган жок.

"Мен өз командама "Жексонвиллдеги съезд болбойт" деп айттым. Мен башка бир форматта баары бир сөз сүйлөйм. Бирок биз эл көп топтолгон съезд өткөрбөйбүз. Мен Флориданын жашоочуларына жана ал жакка башка штаттардан, ал тургай дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн келе тургандарга тынчсызданып жатам. Мен кесепети тие турган эч нерсеге жол бергим келбейт. Азыр андай маал эмес".

АКШда 23-июлда коронавирустан дагы миңден ашык адам жан берди жана мындай көрсөткүч үчүнчү күн катары менен катталды. Бул өлкөдө жалпысынан өпкөнү сезгенткен илдеттен 144 миңден ашуун бейтап көз жумду.

Америкалык Жон Хопкинс университетинин эсебине ылайык, дүйнө жүзү боюнча COVID-19га чалдыкандар 15,4 миллионго чамалады. Оорунун айынан 631 миңден көп бейтап мерт болду.

Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде оору жуккан учурлар көбөйдү, мындан улам карантин чаралары кайрадан киргизиле баштады.

COVID-19 тез жайыла баштагандыктан Австралиядагы эл жыш жашаган Жаңы Түштүк Уэльс штатында 24-июлдан тарта айрым бир чектөөлөр киргизилди. Мунун алдында бийлик Мельбрундагы жашоочуларды көчөгө чыкканда такай беткап кийүүгө милдеттендирген. Австралияда ооруну 13 миңден ашык адам жуктуруп алды жана илдеттен 133 адам көз жумду.


Латын Америкасында төрт миллиондон ашык адам коронавируска кабылды. Бразилияда соңку бир күн ичинде мындай оору дагы 60 миңден көп адамдан аныкталды жана коронавирус болгондордун жалпы саны 2,3 миллионго жетейин деп калды. Акыркы бир күндө дагы 1311 адам көз жумду, ошентип каза болгондор 84 миңден ашты.

Мексикада бир күндө коронавирус жуккан 8500дөй адам аныкталды, 700дөн көп бейтап көз жумду жана бул кезектеги антирекорд болуп калды. Аталган өлкөдө оору жуктургандар 370 миңден ашып, каза болгондордун саны 42 миңге жетти.

Мексика өкмөтү ооругандар менен ажал тапкандардын саны мындан алда канча көп болушу мүмкүн экенин мойнуна алды.

Ал арада Коста-Рика 1-августтан тартып Европадан, Британиядан жана Канададан келген туристтерге эки аэропортту ачарын билдирди. Бул мамлекет АКШ үчүн азырынча эшигин ачкан жок. Былтыр Коста-Рикага барган туристтердин дээрлик 40 пайызын америкалыктар түзгөн.

Европада 23-июлда ооругандардын саны үч миллион кишиден ашты жана аймакта 206 миңден ашык адам жан берди. Жалпысынан шаркетте соңку айларда көз жумган адамдардын саны баштагыга салыштырмалуу кыйла азайды.

Ушул тушта Түштүк Африкада абал оор, илдетке 408 миңден ашуун киши кабылып, 6 миңден көп бейтап ажал тапты. Өлкөнүн президенти Кирилл Рамафос ушул айдын башында жарым-жартылай ачылган мектептердин баарын кайра төрт аптага жабууну тапшырды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG