Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

COVID-19 дүйнөнүн айласын кетирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнө жүзүндө 15 миллиондон ашык адам өпкөнү сезгенткен коронавирусту жугузуп алды.

АКШда экинчи күн катары менен 1100дөн көп бейтап көз жумду. Кошмо Штаттарда илдеттин жайылышы басаңдай элек.

Латын Америкасында COVID-19га төрт миллиондон ашык киши кабылды.

АКШда бир күндө орто эсеп менен 66 миңден ашуун адамдан коронавирус аныкталып жатат. Эксперттер бир топ штаттарда ооруканалар толуп калгандыктан, каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин эскертүүдө.

Америкадагы Жон Хопкинс университетинин эсебинде, коронавируска дүйнө жүзү боюнча 15,2 миллион адам кабылды. Бул илдеттен 623 миңден көп бейтаптын өмүрү кыйылды. Ооругандар жана каза тапкан жарандардын саны боюнча АКШ дале биринчи орунда. Кошмо Штаттарында COVID-19 жуктуруп алгандар төрт миллион кишиге чамалады, 143 миңден көп адам мерт болду.

Азыр АКШда Калифорния оору очогуна айланды. Штатта COVID-19га 409 миңден көп киш чалдыкты жана мындай көрсөткүч менен Нью-Йоркту ашып өттү.

Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом жарандарды жагдайга олуттуу мамиле жасоого чакырды.

"Биздин шаттын көлөмү 21 штатты чогуу кошуп эсептегендей көлөмдө. Ошондуктан бул кайсы бир деңгээлде таң калычтуу деле эмес. Биз карантин чараларын азайтып, экономиканын маанилүү тармактарын кайра ачтык, адамдар карым-катнашта болуп жатышты. Балким ооругандар менен да байланышта болушту. Андыктан илдетке кабылгандар көбөйдү. Жалпысынан биздин көрсөткүч өлкө боюнча эң жогору болуп калды. Бул жагдайга олуттуу мамиле кылышыбыз керектиги тууралуу чоң эскертүү. Биз эмнеге беткап кийүүгө үндөп жатканыбызды такай эске салып туруу".

Бирок Калифорнияда каза болгон жарандар аз, пандемия маалында штатта сегиз миңдей киши көз жумду. Нью-Йоркто болсо 32 миң бейтап каза болгон.

Австралиянын бийлиги Мельбрун шаарында жарандарды 22-июлдан тартып беткап кийүүгө милдеттендирди. Жапонияда Токионун башчысы шаарда ооругандар көбөйүп жаткандыктан, алдыдагы майрам күндөрү жарандарды эч кайда саякаттабай, үйдө болууга чакырды.

Токиодо Олимп оюндары 24-июлда өтмөк, бирок жапон бийлиги коронавирус пандемиясынан улам мелдештерди кийинки жылга калтырган. Бир катар эксперттер мелдештерди эмдиги жылы деле өткөрүүнүн кажети бар-жогун талдап жатышат.

Коронавирустун жайылышы Латын Америкасында басаңдай элек жана ооругандардын жалпы саны төрт миллиондон ашты.

Бразилия менен Аргентинада бир канча күндөн бери ооругандардын эң чоң көрсөткүчү катталып жатат. Бразилияда соңку бир күндө бул оору дагы 68 миңге чукул адамдан аныкталып, 1300дөй бейтап көз жумду.

Бразилиянын президенти Жаир Болсонару ооруну жөнөкөй сасык тумоого теңеп, илдеттин кесепетин тоготпогону үчүн өз өлкөсүндө да, эл аралык коомчулукта да сынга кабылган. Мындан эки апта мурун Болсонару коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Анын 22-июлда дагы кайталап тапшырган анализинен дагы коронавирус чыкты.

Ал эми Индия ооругандардын саны боюнча АКШ менен Бразилиядан кийинки үчүнчү орунда турат. Бул өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын расмий саны 1,2 миллион адамдан ашты. Бирок соңку иликтөө Нью-Делиде жарандардын дээрлик төрттөн бир бөлүгүнө оору жукканын көрсөттү жана мындан улам бул шаарда эле илдетке кабылгандардын саны 5 миллионго чамалашы ыктымал.

Израилде соңку бир күндө илдет жуктуруп алган дагы эки миңдей адам катталды. Мунун алдында өлкөнүн саламаттык сактоо министри Юлий Эдельштейн эгер бир күндө ооругандардын саны эки миңге жетсе, карантин чараларын катаалдатууга белги болорун эскерткен.

Израилде 56 миңден көп адам коронавирус жуктуруп алды, 430 бейтап мерт болду. Бул өлкөдө вирус май айынын аягында карантин чаралары жумшара баштагандан бери кайра көбөйүп жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG