Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

Бачелет дүйнө көйгөйлөрүн козгоду


Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгына жаңы дайындалган Мишел Бачелет.
Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгына жаңы дайындалган Мишел Бачелет.

Мьянмадагы рохинжа мусулмандарынын тагдыры, Европадагы мигранттардын көйгөйү, Сириянын Идлиб провинциясындагы кырдаал, Египеттеги өлүм жазасына тартылгандар. Мына ушул жана башка темаларга Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жаңы жогорку комиссары Мишел Бачелет Кеңештин үч жумалык сессиясын ачып жатып сүйлөгөн сөзүндө кайрылды.

Чилинин мурдагы президенти, Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгына жаңы дайындалган Мишел Бачелет адам укуктары жаатындагы жагдай дүйнө жүзү боюнча жакшы эместигин айтты. Ал мисал катары Кытай, АКШ баш болгон бир катар мамлекеттердеги окуяларды келтирди.

Мишел Бачелет 10-сентябрда Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин үч апталык сессиясынын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө адегенде эле Кытайдагы уйгур азчылыгынын абалына токтолду. Соңку күндөрү Кытай бийлиги Шинжаң аймагында уйгурлардын күндөлүк турмушуна көзөмөлдү күчөтүп, аларды мыйзамсыз камап, кыйноого алып, катаал мамиле жасап жатканы тууралуу маалыматтар байма-бай айтыла баштады. Бир күн мурда эл аралык "Хьюман Райтс Уотч” уюму атайын баяндама жарыялап, анда Кытай өлкөдөгү уйгур азчылыгынын укугун бузган өнөктүктү массалык жана системалык түрдө жүргүзүп жатканын билдирген. Уюм чет өлкөлүк өкмөттөрдү бир тараптуу жана көп тараптуу чара көрүүгө, анын ичинде жоопкерлерге каршы санкция киргизүүгө чакырган.

Бачелет Шинжаң провинциясында уйгурлар жана башка улуттук азчылыктар кармалган “тарбия лагерлери” тууралуу “терең кооптондурган” маалыматтардан улам Кытай бийлигин өлкөгө Улуттар Уюмунун байкоочуларын киргизүүгө үндөдү.

Шинжаңдагы этникалык казактар.
Шинжаңдагы этникалык казактар.

Мишел Бачелет Кошмо Штаттарга токтолуп, мигрант ата-энелерди балдарынан ажыратып жаткан бийликтин аракетин "бети жоктук" деп атап, ата-энелеринен күчтөп ажыратылган 500дөй бала дагы эле убактылуу кармоочу лагерлерде экенин кошумчалады:

- Дубалдарды көтөрүү, алдын ала атайылап мигранттарды коркутуп-үркүтүү, аларды негизги укуктарынан ажыратуу, баш паанек сурап кайрылуу укугун чектөө, үй-бүлөлөрдү бөлүп, интеграция программаларын кыскартуу - мындай саясат эч кимге пайда алып келбейт, болгону душманчылыкты, азапты жана башаламандыкты күчөтөт.

Баласын көтөргөн мигрант аял. 17-июнь, 2018-жыл. Техас.
Баласын көтөргөн мигрант аял. 17-июнь, 2018-жыл. Техас.

​Бачелет Сириянын Идлиб провинциясына чабуул коюуга даярдалып жаткан аскерий операциялар тууралуу да камтамачылыгын билдирди. Идлибдин жарандарынын жана куткаруучу кызматтардын айтымында, Орусиянын жана Сирия өкмөтүнүн аскерий учактары 9-сентябрда соккуларын жандантышты. Андан бир күн мурда Орусия, Түркия жана Ирандын президенттери Тегеранда жолугушкан. Анда түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган Идлибдеги чабуулдар болуп көрбөгөндөй жоготууларга алып келиши мүмкүндүгүн эскертип, чабуулду токтотууга чакырган:

- Мен Сириядагы Идлиб провинциясындагы кризиске абдан тынчсызданып жатам. Сирия эли канчадан бери азап чегип келет. Мен бардык мамлекеттерди тийиштүү чараларды кабыл алып, жакынкы арада аларды коргоону камсыздап берүүгө чакырам, ​- деген Бачелет Сауд Арабия башында турган коалицияны Йемендеги жайкын тургундарга абадан сокку урган жарандарды жоопко тартууга чакырды. Августта болгон окуя ондогон балдардын өмүрүн алган.

Бачелет Германиядагы мигранттарга каршы маанайдын күчөп баратканына тынчсызданып жатканын билдирип, Италия Жер Ортолук деңизинен куткарылган мигранттарды өлкөгө киргизбей жатканын сынга алды.

Бачелет жогорку комиссарлыкка август айында дайындалган. Буга чейин аталган кызматты иорданиялык дипломат Зейд Раад ал-Хусейн төрт жыл аркалап келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG