Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Кыдырбаев: Ишкерликти түшүнгөн кадрлар аз


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстан салык төлөп, ачык-айкын иштеп жаткан ишкерлер үчүн бейиш болушу керек. Бул тууралуу Бизнес-ассоциациялар альянсынын башчысы Улук Кыдырбаев "Азаттык" менен болгон маегинде билдирди.

“Азаттык”: Улук мырза, сиздердин альянс түзүлгөн 10 жыл ичинде эмнеге жетише алдыңыздар?

Улук Кыдырбаев: Биздин альянста 70тен ашуун ассоциация бар. Булардын баары бир күч. Биздин чоң жетишкендигибиз – бул мыйзамдарды оңдоо. Албетте, Кыргызстандын канчалаган мыйзамдары бар, тез арада баарына өзгөртүү киргизе албайбыз. Аны кадам-кадам менен иштеп жатабыз. 2005-жылдан бери салык мыйзамдары боюнча катуу иштеп келатабыз. 2009-жылы Салык кодекси кабыл алынган. Аны иштеп чыгууга биздин мүчөлөр катышты. Андан сырткары текшерүү иштери боюнча жаңы мыйзам, жаңы методика кабыл алынган.

“Азаттык”: Сиздердин бүгүнкү мааракелик форумуңуздарда ар кайсы тармактар боюнча өзүнчө маалымат берилет экен. Кийинки жылдары кайсы тармак өнүгүп, кайсынысы артка кетти?

Улук Кыдырбаев. Сүрөт "Facebook" социалдык тармагындагы өздүк баракчасынан алынды.
Улук Кыдырбаев. Сүрөт "Facebook" социалдык тармагындагы өздүк баракчасынан алынды.

Улук Кыдырбаев: Бүгүнкү күндө зергерчилик артка кетти. Алардын маселесин беш жылдан бери айтып келатабыз. Чечилбей келатат. Андан сырткары, чакан ГЭСтерди өнүктүрүү маселеси да ордунан жыла элек. Курулуш, жеңил өнөр жай тармагында жылыштар болуп жатканын көрүп жатабыз. Бул багытта ассоциация да жакшы иштеп жатат. Мындан тышкары маалымат технологиясы, IT боюнча жогорку технологиялар паркы түзүлгөн. Компьютер адистери чет мамлекеттерге кызмат көрсөтүп жатышат. Бул тармакта чоң жумуштар жасалып жатат.

“Азаттык”: Учурда ишкерлер менен мамлекеттик органдардын, бийликтин карым-катнашы альянс түзүлгөндөн бери өзгөрдүбү? Бийлик сиздердин сунуштарды канчалык деңгээлде кабыл алууда?

Биз маселе көтөрөбүз, келишебиз, тил табышабыз, бардык тараптар макул болобуз, бирок аткарууга баратканда башка нукка бурулуп калып жатат.

Улук Кыдырбаев: Биз ар дайым абал жакшырат, биздин сунуштар кабыл алынат, эске алынат деген үмүт менен карайбыз. Баары аткарылат дегенден алыспыз. Бирок чындыгында кызматташуубуз тыгыз эле болуп жатат. Биринчиден, Экономика министрлиги менен ар бир маселе боюнча тез-тез чогулуш болуп турат. Биз бир маселени өкмөттүк деңгээлде көтөргөнүбүз менен аны аткаруу жагында маселелер болуп жатат. Ушуну менен күрөшүүнүн өзү чоң көйгөй болуп жатат. Бөлүм башчылардын, башкармалыктардын адистеринин түшүнүгү аз болгондуктанбы же башка себептен уламбы, айтор кээде маселе жылбайт. Биз маселе көтөрөбүз, келишебиз, тил табышабыз, бардык тараптар макул болобуз, бирок аткарууга баратканда башка нукка бурулуп калып жатат.

“Азаттык”: Көп ишкерлер менен сүйлөшкөндө, өзгөчө инвесторлор менен иштеген, ишкерликти илгерилетүү багытындагы кадрлардын жетишсиздигин айтышат. Ишкердик эмне экенин билбеген адамдар отурганын сынга алышат. Сиз да бул пикирге кошуласызбы?

Улук Кыдырбаев: Чындыгында ошондой маселе бар. Кээ бир министрликтерде тажрыйбалуу эле адистер ишкерлик эмне экенин түшүнбөйт. Ошондуктан кээ бир чечимдер ишкерлерге каршы кабыл алынып калат.

“Азаттык”: Азыр деле, буга чейинки мамлекет жетекчилери деле Кыргызстан ишкерлер, инвесторлор үчүн бейиш болушу керек экенин айтып жүрүшөт. Сизге ошол "бейиш" сезилип жатабы?

Улук Кыдырбаев: "Бейишти" көргөнгө аракет кылып жатабыз. Бул үчүн биз, ишкерлер да аракет кылышыбыз керек деп ойлойм. Бул жерде көмүскө экономика жөнүндө айтса болот. Кээ бирлер паракорчулук, жемкордук менен иш кылып жатышат. Мунун мыйзамдуу, бардык салыктарды төлөп иштеп жаткан ишкерлерге аябай зыяны тийип жатат. Басым кылып жатышат, алар менен атаандаша албай жатышат. Ошондуктан ушул жагынан алганда адилетсиздик бар. Биринчиден, Кыргызстанды мыйзамдуу иштеген ишкерлер үчүн бейиш кылыш керек. Экинчиден, мамлекеттик мекемелердин иштөө тартибин реформа кылуу зарыл.

“Азаттык”: Ысык-Көлдөгү “Осьминог” рестораны өрттөнгөндөн кийин бир катар депутаттар ишкерлер кылмыштуу топтордун кысымына кабылып жатканын айтып чыгышты. Чын эле ушундай жагдайлар барбы? Деги эле ишкерлердин укугу корголуп жатабы?

Улук Кыдырбаев: Бул окуя көрсөтүп жатпайбы, басым бардыр. Андан тышкары башка да окуялар коомчулукка билинбей калып жатпайбы. Азыр көп ишкерлер бизнес-ассоциация деген эмне экенин, анын маанисин түшүнбөй жатпайбы. Көбү ошол ассоциацияларга мүчө болуп кирбей, алардын колдоосун ала албай, өз алдынча болуп, укуктары корголбой калып жатат.

Редакция: Бүгүн Бишкекте Бизнес-ассоциациялар альянсынын түзүлгөнүнө 10 жыл болгонуна байланыштуу форум өтүп жатат. Анда ар кайсы тармактар боюнча кыскача маалыматтар берилет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG