Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

Рада украин тилинин макамын көтөрдү


Депутаттарды украин тили жөнүндө мыйзамды кабыл алууга чакырган акциянын катышуучулары, Киев, 25-апрель 2019-жыл.
Депутаттарды украин тили жөнүндө мыйзамды кабыл алууга чакырган акциянын катышуучулары, Киев, 25-апрель 2019-жыл.

Жогорку Рада украин тилинин колдонуу чөйрөсүн кеңейткен мыйзам долбоорун акыры кабыл алды. Президент Петро Порошенко талкуу жараткан бул документке кол коюп кетерин билдирди. Орусия муну "украиндештирүү" аракети деп мүнөздөдү.

Украин тилин дээрлик бардык тармакта колдонууну талап кылган мыйзам долбоорун 25-апрелде Жогорку Раданын жыйынына катышкан 348 депутаттын 278и колдоду. Добуш берүүдөн кармангандар жана добуш бербегендерди эсептебегенде 38 эл өкүлү гана бул документке каршы болду.

Мыйзам долбоору жактырылгандан кийин депутаттардын басымдуу бөлүгү бир топко кол чаап, ордуларынан туруп, Украинанын гимнин аткарышты. Бул чечим украин парламентинин сыртында топтолуп турган жүздөгөн адамдарды да кубантты.

"Украин тилинин мамлекеттик тил катары колдонулушун камсыз кылуу жөнүндө" мыйзам Украинада адамдардын жеке баарлашуусу менен диний жөрөлгөлөрдөн башка дээрлик бардык тармактарда мамлекеттик тилди колдонууну талап кылат.

  • Бул документ украин тилин өлкөдөгү жападан жалгыз мамлекеттик жана расмий тил деп мүнөздөйт.
  • Ага ылайык, Украинанын бардык жарандары жана украин жарандыгын алууну көздөгөндөрдүн баары бул тилди билүүгө тийиш.
  • Президент, спикер, парламент депутаттары, министрлер сыяктуу бардык кызмат адамдары жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери украин тилинде сүйлөшү керек. Мындай талап жергиликтүү кеңештердин депутаттарына, сотторго, адвокаттарга, жогорку окуу жайлардын жетекчилерине да тиешелүү.
  • Борбордук жана аймактык бийлик өкүлдөрүнүн бардык жыйындары, шайлоолор жана референдумдар украин тилинде өткөрүлүүгө тийиш.
  • Басма сөз каражаттарындагы тексттердин кеминде жарымы украин тилинде болушу кажет. Ошондой эле расмий иш-кагаздар, сот документтери, эмгек жана эл аралык келишимдери да украин тилинде түзүлүп, жазылышы керек.
  • Украинанын бардык аймактарында украин тилин акысыз үйрөтүүчү, тил билгендигин ырастаган күбөлүктү тапшыруучу борборлор ачылат.
  • Ошондой эле мыйзамга ылайык, тил инспекторлору мамлекеттик мекемелерде эрежелер канчалык сакталып жатканын көзөмөлдөп турушат. Мыйзамды сактабагандарга 100дөн 450 долларга чейин айыппул салынат.
Жогорку Раданын алдына чогулгандар, Киев, 25-апрель 2019-жыл.
Жогорку Раданын алдына чогулгандар, Киев, 25-апрель 2019-жыл.

21-апрелде президенттик шайлоонун экинчи турунда жеңилгенден кийин тарапкерлеринин алдында сүйлөгөн Петро Порошенко эгер Рада бул документти кабыл алса, июнь айында кызматтан кеткенге чейин ага кол коерун билдирген.

Бейшемби күнү Порошенко бул убадасын ырастап, документ келип түшөрү менен ага кол коёрун айтты:

"Соңку беш жылда биз инфаркт болуп кетчүдөй абалдан чыга алдык. Көп иш жасадык. Азыр кино, китеп, радио жана телевидение украин тилинде сапаттуу сүйлөп калды. Бир нече кылымдык толук орусташтыруудан кийин украин тилинин гүлдөп-өсүшү - бул миссия. Биз аны ишке ашырышыбыз керек", - деди Порошенко 25-апрелде тараткан видео кайрылуусунда.

Жогорку Рада бул мыйзамды биринчи окууда 2018-жылдын октябрь айында жактырган. Андан бери документке 2 миңден ашык өзгөртүү киргизилди.

Мыйзамды интеллигенциянын көрүнүктүү өкүлдөрү, украин чиркөөсүнүн патриархы Филарет да кубаттады. Буга чейин Украинада мыйзамды колдоого чакырган акциялар да уюштурулган.

Украинада президенттик шайлоону жеңип чыккан Владимир Зеленский болсо украин тилин чектөөлөр менен эмес, позитивдүү мисалдар менен өнүктүрүү керек экенин билдирди.

"Мен президенттик кызматка киришкенден кийин бардык украин жарандарынын кызыкчылыктары менен конституциялык укуктарына туура келерин аныктоо үчүн бул документке тыкыр анализ жасалат", - деп жазды "Фейсбукка" Зеленский мыйзам кабыл алынгандан кийин.

Жогорку Раданын 25-апрелдеги жыйыны.
Жогорку Раданын 25-апрелдеги жыйыны.

Ал эми Жогорку Рададагы «Оппозициялык блок» фракциясы «өлкөнү тил боюнча бөлүп жатат» деп бул документке каршы чыкты. Өлкө чыгышындагы Орусия колдогон жикчилдер да Киев орус тилин колдонууну атайылап чектеп жатат деп билдирип келишет.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Мария Захарова Рада жактырган документ Украинанын Конституциясына каршы келерин айтып, муну Киевдин "украиндештирүү" саясаты деп мүнөздөдү:

"Маңызы жагынан бул мажбурлап, толугу менен украиндештирүүнү көздөгөн мыйзам. Анын жоболорунда орус тили менен улуттук азчылыктардын тилин ар кыл тармактарда жана коомдук турмушта колдонууга каршы олуттуу чектөөлөр, айрым учурда түз чектөөлөр каралган", - деп билдирди Захарова.

Кантсе да Украинанын Жогорку Радасы бул мыйзамды президент Владимир Путин Донбасстын тургундарына орус жарандыгын берүүнүн жол-жобосун жеңилдеткен жарлыкка кол койгондон бир күн өткөндөн кийин кабыл алды.

Украин бийлиги Крымдын аннексиясынан бери өлкөдө көп тилдүүлүк саясатынан баш тартып келет. 2017-жылдын сентябрь айында президент Петро Порошенко кол койгон "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга ылайык, украин тили бардык мамлекеттик мектептерде 5-класстан тарта милдеттүү тил катары киргизилген. Аны улай Украинанын айрым аймактары эл алдында орус тилинде ырдоого жана фильмдерди көрсөтүүгө тыюу салган.

Мындан тышкары Украинада 2014-жылдын 1-январынан кийин тартылган орус кинолорун көрсөтүүгө, Орусияда басылып чыккан китептерди өлкөгө алып кирүүгө да болбойт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG