Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:05

Порошенко: Кооптуу тузактан кутулдук


Петро Порошенко.
Петро Порошенко.

Украина парламентинин – Жогорку Раданын депутаттары Конституциялык сотко өлкөнүн НАТО жана Евробиримдикке умтулуусун бекиткен мыйзам долбоорун жөнөтүштү. Жылдык кайрылуусунда президент Петро Порошенко "Батыш Москвага каршы санкцияларды жеңилдетпеши керек" деген оюн ортого салды.

Конституциялык сот өлкөнүн НАТО жана Евробиримдикке умтулуусу жөнүндөгү беренени Баш мыйзамга киргизсе болот деген бүтүм чыгарса, 400 депутаттын кеминде 226сы документти биринчи окууда колдоого тийиш. Экинчи окууда конституциялык көпчүлүк же 300дөн ашуун депутат макул болушу керек.

20-сентябрда парламентке жылдык кайрылуусун жасаган президент Петро Порошенко конституциялык андай толуктоо бул эки структурага мүчөлүктү өлкөнүн узак мөөнөттүү максатына айландыруу үчүн зарыл деп белгиледи.

- Акыр-аягында биз тышкы саясатта көп векторлуулуктун лабиринтинен чыга алдык. Постсоветтик түзүмдөрдүн кооптуу тузагынан суурулуп чыктык. 2014-жылдан тарта Европа Биримдиги менен НАТОго карай багытыбыздан тайбай келатабыз.

Президент кайрылуусунда ички жана тышкы саясаттагы негизги маселелерге токтолуп, 2020-жылга чейин Түндүк альянска кирүү үчүн бардык критерийлер аткарылышы керектигин айтты.

Жогоруда сөз болгон мыйзам долбоорунда, ошондой эле Конституциядан Украина аймагында аскердик базаларды эл аралык келишимдерге ылайык чет өлкөлүк аскерлерге ижарага берүүнү караган жобону алып салуу сунуш кылынат.

Порошенко бул жобонун Орусиянын Кара деңиз флотуна тиешеси бар экенин белгиледи. База аннексияланган Крым жарым аралында жайгашкан.

2014-жылдан бери Киевдин өкмөттүк күчтөрү менен Орусия колдогон жикчилдер Украинанын чыгышында кармашып келет. 10 миң 300 кишинин өмүрүн алган жаңжалды жөнгө салууну көздөп жетишилген Минск тынчтык келишимдери максатына жете алган жок. Москванын жикчилдерди колдогону жана Крым жарым аралын басып алганы үчүн АКШ жана Еврошаркет Орусияга каршы санкция киргизишкен.

Бейшемби күнкү кайрылусуунда Порошенко санкцияларды жеңилдетүүгө каршы оюн айтты.

- Батыштын Москвага каршы санкцияларынын Украин маселесине байланбаганы өтө маанилүү. Эмне үчүн? Орусия биздин гана проблема эмес экени барган сайын түшүнүктүү болууда. Орусия - цивилизациялык дүйнө үчүн коркунуч. Биз Орусияга киргизилген санкцияларды жумшартуу аракеттерине каршы турабыз.

Орусия Украинанын ички иштерине кийлигишүүдө, чыгыштагы жикчилдерге колдоо көргөзүүдө деген айыптарды четке кагып келатат.

Порошенко сүйлөп жаткан кезде парламент имаратынын алдында полиция менен демонстранттар кагылыша кеткени маалымдалды. Төрт киши жараат алды, кеминде бир полициячы ооруканага жеткирилди.

Демонстранттар өлкө чыгышында жикчилдерге каршы согушкан чет өлкөлүктөргө украин жарандыгын алууну жөнөкөйлөштүрүүнү талап кылып жатышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG