Украинанын президенти Петро Порошенко Орусия менен достук, кызматташтык жана өнөктөштүк келишимин токтоткон буйрукка кол койду.
Мурдатан Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңеши жактырган документ эми Жогорку Радада кабыл алынса, 20 жылдан бери орус-украин алакасынын өзөгүн түзгөн келишим жокко чыгарылат.
Достук келишими 1997-жылы 31-майда он жылдык мөөнөткө кабыл алынып, эки жылдан кийин күчүнө кирген. Документте стратегиялык өнөктөштүк, чек аралардын бекемдиги жана эки тараптын аймактык бүтүндүгүн сыйлоо шарттары каралган. Келишимдин мөөнөтү он жыл сайын үзгүлтүксүз узартылып турчу.
Орусия менен достук келишими токтотуларын Порошенко августтун аягында аягында билдирген.
- Бүгүн биз кийинки кадам жасоого – Москванын айынан анахронизм болуп калган Орусия менен достук, кызматташтык жана өнөктөштүк келишимин токтотууга даярбыз, - деген анда украин президенти.
Орусия менен достук «анахронизм» - эскинин калдыгы катары бааланып, мындай чечим өлкөнүн Европага интеграциялашууга багыт алганы менен түшүндүрүлгөн.
Киевдин чечимин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Украина бийлигинин «антиорусиялык делебеси» деп баалады.
- Орусия менен Украина элине тагдырдан ынак коңшулук буйруган. Буга кылымдар бою калыптанган руханий, маданий жана туугандык байланыштар түртөт. Эки өлкө ортосундагы азыркы абал акыры чечилет. Бирок мамиле такыр башка, азыркылардан жоопкерчиликтүү украиналык саясатчылар менен гана жөнгө салынары айкын болуп калды, - деп жазылган мекеменин жообунда.
Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин жакын арада Орусия менен түзүлгөн келишим кайрадан караларын жарыялаган. Акыркы төрт жылда ортодогу 451 келишимдин 44тү убактылуу токтотулуп, айрымдары толугу менен жоюлган.
2014-жылы Орусия Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алганда эле орус-украин достук келишиминин биринчи шарты - чек аралардын бекемдиги жана эки тараптын аймактык бүтүндүгүн сыйлоо шарттары жоюлган.
Андан бери расмий Киев Москваны Донбасстагы жикчилдерге колдоо көрсөтүп жатат, орус аскерлери ал жакта аскерий аракеттерге катышууда деп айыптап келет. Москва айыптоолорду четке кагып, Крымдын аннексияланышын «жерлерин бириктирүү» деп атоодо.
Орусиялык саясат таануучу жана тарыхчы Виктор Мироненко достук келишими орус-украин алакасында өзөктүү документ эле деп баалайт.
- Бул эки өлкөнүн саясатын, алакасын аныктаган башкы келишим болчу. Киевдин бул келишимдин мөөнөтүн узартпай коюшу – орус-украин алакасы акыркы жылдардын ичинде жетчү чегине жеткенин аныктаганы. Мындай абал Украинага да, Орусияга эбегейсиз залакасын тийгизет. Эки тарап жашынбай, акыры элдешүүсү керек эле. Бирок, мен Украинада президенттик жана парламенттик шайлоо болуп өтмөйүнчө мындай болбойт деп ойлойм.
Мироненко Порошенконун тарыхый келишимди жокко чыгарышын келерки жылы март айында Украинада өтө турган президенттик шайлоого даярдыгы менен да байланыштырат.
Ал Орусия Украина үчүн ири соода өнөктөш, инвестор катары таасирин жоготконун белгилеп, Порошенконун кадамын саясий акт катары баалайт.
Бирок эки бийлик ортосундагы ажырым боордош элдин жашоосуна кесепетин тийгизет деген ойдо.
- Келишимдин жоюлушу Орусия үчүн жаңылык деле эмес. Ортодогу алака мурда эле бузулган. Мындайча айтканда, эми дипломатиялык мамилени токтотуп, согуш жарыялоо эле калган. Бирок келишим эки өлкөнүн мамилесин жөнгө салуучу башкы документ болгонун эске алсак, Орусия үчүн бул чоң жоготуу. Биринчиден, тарыхый жактан, боордош элдин өзөгү жулунуп жатат, экинчиден, экономикалык өнүгүүгө залакасы тийди. Социалдык-экономикалык өнүгүү, модернизация жаатында Орусия бир кыйла артта калды. Менин оюм боюнча, Орусия жана Украина биримдигинде бул процесс бир кыйла тез өтмөк.
Украина президенти Петро Порошенко апрелде Украина КМШдан биротоло чыгарын билдирип, августта КМШнын органдарындагы өкүлчүлүктөрүн жаптырган. Анын алдында Украинанын Коопсуздук кеңеши уюмдун алкагындагы бардык мамлекет аралык келишимдерден чыгуу жөнүндө чечим кабыл алган.