Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:28

"Евромайдан" окуяларына төрт жыл болду

2014-жылдын 22-февралында президент Янукович Орусияга качып, бийлиги кулатылган.

Украина "Евромайдан" деген ат менен тарыхка кирген кандуу окуялардын төрт жылдыгын белгилеп жатат. Ошол күндөрү нааразылык акцияларына чыгып курман болгондор эскерилүүдө. Өзгөчө 2014-жылы 20-февралда Киевдеги кагылышууда өкмөткө каршы демонстранттар көп өлгөн.

"Небесная сотня" - төрт жыл мурда бийликке каршы акцияларда курман болгон 104 адамды Украинада ушундайча аташат. Алардын көбү көзгө атардын огунан мүрт кеткени айтылып жүрөт. Өзгөчө 20-февралда 40тан ашуун адамдын өмүрү кыйылган. Бүгүн аларды эскерүү күнү.

Эскерүү күнүн утурлай президент Петро Порошенко элине кайрылып, “Украина эгемен, демократиялуу жана дүйнөгө ачык өлкө болушу үчүн ошол жүздөн ашуун адам өмүрүн арнаганын” айтты.

Украинанын президенти Петро Порошенко баштаган лидерлери эскерүү иш-чарасында. 20-февраль, 2018-жыл.

"Евромайдан" деп тарыхка кирген Украинадагы окуялар 2013-жылдын ноябрында башталган. Буга ошол кездеги президент Виктор Янукович Евробиримдик менен ымаланы арттыруучу келишимге кол койбой, андан көрө Москва менен экономикалык алакаларды өнүктүрүүнү жактай тургандыгын билдиргени себеп болгон. Социалдык адилетсиздик, эл турмушунун начарлашы, өкмөт, сот жана күч түзүмдөрүндө тамырлаган коррупция ага кошул-ташыл болгону да кеп болгон.

2014-жылдын 22-февралында президент Янукович Орусияга качып, бийлиги кулатылган.

Андан бир ай өтпөй Орусия Крым жарым аралын өзүнө каратып алды. Бирок аны дүйнөлүк коомчулук тааныган жок. Ошого удаа эле Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагында орусиячыл жикчилдер борбордук өкмөткө баш ийбей, куралдуу жаңжал тутанды. Андан ушул күнгө чейин он миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды. Жарадар болгондор андан көп. Там-ташын таштай качкандар 1,5 миллиондон ашканы расмий белгиленет.

Виктор Янукович.
Виктор Янукович.

Азыр Порошенко баштаган жаңы бийликке колдоо-мактоо менен катар сын да көп. Алар "элди аткандар, ага жооптуу аткаминерлер жазаланган жок" дешет. "Турмуш оңолбоду, жемкорлук менен күрөш жок" деп нааразы болгондор да бар.

Өткөн жылдын октябрынан бери Порошенконун кызматтан кетишин талап кылган миңдеген киши катышкан митингдер өтүп келатат.

Качкын президент Януковичтин соту болсо дагы эле бүтө элек. Баса, эртең президент Порошенко биринчи жолу ал сотко келип, көрсөтмө бергени турат.

Ал арада АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Хизер Нойерт "АКШ Оруссиянын агрессиясына туш болуп келаткан Украинага көмөк көрсөтө берээрин" билдирди.

"Азаттыктын" архиви: 19.02.2014.

Кан төгүлгөн Киев

19-февралда Төбөлсүздүк аянтында баррикадалар өрттөлдү 
1/16 19-февралда Төбөлсүздүк аянтында баррикадалар өрттөлдү 
18-февралда Киевде бийликке каршы чыккандар менен полициянын кагылышуусунан 25 киши өлүп, жүздөгөн адам жарадар болгонун Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Бул үч айдан бери уланып жаткан массалык нааразылыктын кандуу күнү болуп калды.
Аянттагы өкмөткө каршы чыккандар полициядан тартып алган калкандар менен коргонууда, 19-февраль.
2/16 Аянттагы өкмөткө каршы чыккандар полициядан тартып алган калкандар менен коргонууда, 19-февраль.
18-февралда Киевде бийликке каршы чыккандар менен полициянын кагылышуусунан 25 киши өлүп, жүздөгөн адам жарадар болгонун Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Бул үч айдан бери уланып жаткан массалык нааразылыктын кандуу күнү болуп калды.
Демонстранттарга Киевдеги чиркөөдө медициналык жардам көрсөтүлүүдө, 19-февраль.
3/16 Демонстранттарга Киевдеги чиркөөдө медициналык жардам көрсөтүлүүдө, 19-февраль.
18-февралда Киевде бийликке каршы чыккандар менен полициянын кагылышуусунан 25 киши өлүп, жүздөгөн адам жарадар болгонун Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Бул үч айдан бери уланып жаткан массалык нааразылыктын кандуу күнү болуп калды.
Төбөлсүздүк аянтындагы өрттөлгөн профсоюздар үйүнөн чыккан түтүн, 19-февраль.
4/16 Төбөлсүздүк аянтындагы өрттөлгөн профсоюздар үйүнөн чыккан түтүн, 19-февраль.
18-февралда Киевде бийликке каршы чыккандар менен полициянын кагылышуусунан 25 киши өлүп, жүздөгөн адам жарадар болгонун Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Бул үч айдан бери уланып жаткан массалык нааразылыктын кандуу күнү болуп калды.
Полиция Төбөлсүздүк аянтында өрттөлгөн баррикадалардын маңдайында турат
5/16 Полиция Төбөлсүздүк аянтында өрттөлгөн баррикадалардын маңдайында турат
18-февралда Киевде бийликке каршы чыккандар менен полициянын кагылышуусунан 25 киши өлүп, жүздөгөн адам жарадар болгонун Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Бул үч айдан бери уланып жаткан массалык нааразылыктын кандуу күнү болуп калды.
Демонстранттар полиция менен кагылышууда, 18-февраль.
6/16 Демонстранттар полиция менен кагылышууда, 18-февраль.
18-февралда Киевде бийликке каршы чыккандар менен полициянын кагылышуусунан 25 киши өлүп, жүздөгөн адам жарадар болгонун Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Бул үч айдан бери уланып жаткан массалык нааразылыктын кандуу күнү болуп калды.
Полиция менен кагылышта жарадар болгон кишиге демонстранттар жардам берүүдө.
7/16 Полиция менен кагылышта жарадар болгон кишиге демонстранттар жардам берүүдө.
18-февралда Киевде бийликке каршы чыккандар менен полициянын кагылышуусунан 25 киши өлүп, жүздөгөн адам жарадар болгонун Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Бул үч айдан бери уланып жаткан массалык нааразылыктын кандуу күнү болуп калды.
Полиция жардырган тарсылдактар менен жалын Төбөлсүздүк аянтын жарык кылып турат, 18-февраль.
8/16 Полиция жардырган тарсылдактар менен жалын Төбөлсүздүк аянтын жарык кылып турат, 18-февраль.
18-февралда Киевде бийликке каршы чыккандар менен полициянын кагылышуусунан 25 киши өлүп, жүздөгөн адам жарадар болгонун Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Бул үч айдан бери уланып жаткан массалык нааразылыктын кандуу күнү болуп калды.
<div class="almost_half_cell">
	<div dir="ltr" style="zoom:1">
		<span lang="ru"><span class="hps">ИИМдин аскерлери таш бараңдан коргонууда</span></span></div>
</div>
9/16
ИИМдин аскерлери таш бараңдан коргонууда
18-февралда Киевде бийликке каршы чыккандар менен полициянын кагылышуусунан 25 киши өлүп, жүздөгөн адам жарадар болгонун Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Бул үч айдан бери уланып жаткан массалык нааразылыктын кандуу күнү болуп калды.
Полиция кагылыштарда жарадар болгондордун жанында турат
10/16 Полиция кагылыштарда жарадар болгондордун жанында турат
18-февралда Киевде бийликке каршы чыккандар менен полициянын кагылышуусунан 25 киши өлүп, жүздөгөн адам жарадар болгонун Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Бул үч айдан бери уланып жаткан массалык нааразылыктын кандуу күнү болуп калды.
Демонстранттар Киевдин өкмөттүк бөлүгүн көздөй курал-жакракты мээлеп турат, 18-февраль.
11/16 Демонстранттар Киевдин өкмөттүк бөлүгүн көздөй курал-жакракты мээлеп турат, 18-февраль.
18-февралда Киевде бийликке каршы чыккандар менен полициянын кагылышуусунан 25 киши өлүп, жүздөгөн адам жарадар болгонун Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Бул үч айдан бери уланып жаткан массалык нааразылыктын кандуу күнү болуп калды.
Полиция нааразылыктын катышуучусун кармап жатат, 18-февраль
12/16 Полиция нааразылыктын катышуучусун кармап жатат, 18-февраль
18-февралда Киевде бийликке каршы чыккандар менен полициянын кагылышуусунан 25 киши өлүп, жүздөгөн адам жарадар болгонун Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Бул үч айдан бери уланып жаткан массалык нааразылыктын кандуу күнү болуп калды.
Полиция менен демонстранттардын кармашы жүрүүдө, 18-февраль
13/16 Полиция менен демонстранттардын кармашы жүрүүдө, 18-февраль
18-февралда Киевде бийликке каршы чыккандар менен полициянын кагылышуусунан 25 киши өлүп, жүздөгөн адам жарадар болгонун Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Бул үч айдан бери уланып жаткан массалык нааразылыктын кандуу күнү болуп калды.
Жарадар болгон киши жерде жатат
14/16 Жарадар болгон киши жерде жатат
18-февралда Киевде бийликке каршы чыккандар менен полициянын кагылышуусунан 25 киши өлүп, жүздөгөн адам жарадар болгонун Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Бул үч айдан бери уланып жаткан массалык нааразылыктын кандуу күнү болуп калды.
Жарадар болгон полиция кызматкери
15/16 Жарадар болгон полиция кызматкери
18-февралда Киевде бийликке каршы чыккандар менен полициянын кагылышуусунан 25 киши өлүп, жүздөгөн адам жарадар болгонун Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Бул үч айдан бери уланып жаткан массалык нааразылыктын кандуу күнү болуп калды.
Өкмөттүк имараттар турган тарапта күйгөн дөңгөлөктөр
16/16 Өкмөттүк имараттар турган тарапта күйгөн дөңгөлөктөр
18-февралда Киевде бийликке каршы чыккандар менен полициянын кагылышуусунан 25 киши өлүп, жүздөгөн адам жарадар болгонун Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Бул үч айдан бери уланып жаткан массалык нааразылыктын кандуу күнү болуп калды.
Артка
Алдыга
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Али Токтакунов

    2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, 2015-2020-жылдары "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. ​Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG