Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Донецкте кулаган учактын иши эл аралык сотто каралышы мүмкүн


Донецк облусунда кыйраган учактын калдыктарын жүктөгөн автоунаа. Украина. 16-апрель, 2015-жыл
Донецк облусунда кыйраган учактын калдыктарын жүктөгөн автоунаа. Украина. 16-апрель, 2015-жыл

Бир жыл мурда Донецк облусунда кулаган учакта жарандары каза болгон Нидерланд, Малайзия баштаган беш мамлекет кырсыкка себепкерлерди эл аралык сотко алып келүүнү жана Орусияга таасир этүүнү көздөшүүдө.

Малайзиянын Улуттар уюмундагы элчиси Рамлан Бин Ибрагим “Боинг-777” учагы боюнча иш резолюциясынын долбоорун БУУнун Коопсуздук кеңешине кийинки айда сунуштоого белсенип турганын айтып, “иш оңунан чыгат деп үмүттөнүп жатабыз” деди.

Австралиянын тышкы иштер министри Жулия Бишоп билдиргендей, анын өлкөсү учакта жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө акыйкаттык таап берүү үчүн, окуяны иликтөөдө эл аралык коомчулук менен иштешүүнү көздөйт.

Украина менен Батыш өлкөлөрү 298 кишиси бар "Боинг" учагын орусиячыл жикчилдер Украинанын уруш жүрүп жаткан аймагында туруп ракетадан аткан деген жүйөнү айтышат.

Орусиялык “Бук” ракеталарын чыгарган ишкана ушул айда берген бүтүмүндө учак бул ракетанын эски модели менен атып түшүрүлгөнүн, андай курал украиндердин арсеналынан деген бүтүм берет.

Иликтөө иштерин жетектеген голландиялык прокурорлор “Бук” уруш жүрүп жаткан Украина аймагына каргашанын алдында Орусиядан киргизилген деген тыянакка келген.

Украинада ишти сотко жеткирүү мүмкүн эместей, орусиячыл козголоңчулар дагы деле Украина чыгышын ээлеп тургандыктан, ал жерде тергөөнү тиешелүү деңгээлде жүргүзүү мүмкүн эмес деген түкшүмөлдөр арбын.

Улуттар уюмунун колдоосу менен ишти эл аралык сотко өткөрүү демилгесин көтөрүп жаткандар, ал колдоо тапса, Орусияны тергөө менен кызматташууга мажбур кылат деп үмүттөнүшөт.

Коопсуздук кеңешинин мүчөсү Орусия эл аралык трибунал уюштурууга каршы болсо, анда вето коюу укугунан пайдаланат. Бирок андай болгон учурда Москва күнөөсүз адамдардын канына зобун болгондорду жазалоого тоскоол болуп жатканын далилдейт деген сөздөр айтылууда.

Эл аралык сот өткөрүү идеясы тууралуу Кремл азырынча үн ката элек. Малайзиянын БУУдагы өкүлү Рамлан Бин Ибрагим бул маселени Орусия менен сүйлөшкөнүн, бирок Москва резолюцияны колдору белгисиз деп кыйытты.

Москва бул сунушту колдобосо, Нидерланды Орусияга каршы жаңы санкция киргизет деген божомолдор бар.

2014-жылдын 17-июлда Донецктин чет жакасындагы Торез кыштагында кулаган авиалайнерде бардыгы 298 адам болгон. Алардын көбү Нидерландынын жарандары эле. Учак түшкөн жай изилденип, көпчүлүк адамдардын сөөктөрү экспертизага алынып кеткен. Бирок украин армиясы жана орусиячыл жикчилдер арасында жүрүп жаткан согуштан улам иликтөө токтотулган эле.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG