Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Украинада "Боинг 777" кыйраган трагедия

"Малайзия Эйрлайс" авиакомпаниясынын Boeing 777 учагы Амстердамдын Схипхол аэропортунан көтөрүлүп баратат, 17-июль, 2014.
"Малайзия Эйрлайс" авиакомпаниясынын Boeing 777 учагы Амстердамдын Схипхол аэропортунан көтөрүлүп баратат, 17-июль, 2014.

18-июлда БУУнун Коопсуздук кеңеши Украинада 298 киши курман болгон малайзиялык авиалайнердин кыйроосун толук жана кылдат иликтөөгө чакырды.

Амстердамдан Куала-Лумпурга учуп бараткан “Боингдин” ичинде бардыгы болуп 298 адам бар болчу.

Малайзиялык учактын кыйроо себебин аныктоо үчүн "толук, кылдат, көз карандысыз эл аралык иликтөө" жүргүзүлүшү абзел. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин учурдагы төрагасы Руанданын Улуттар Уюмундагы өкүлү Юджин-Ричард Гасана 18-июлдагы чукул жыйындан соң Нью-Йоркто кабарчыларга маалымдады:

- Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү жарандык авиациянын эл аралык жобосуна жана тийиштүү жоопкерчиликке ылайык, кырсыкты толук, кылдат жана көз карандысыз эл аралык иликтөөгө үндөйт. Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү кырсыктын себебин аныктоо үчүн иликтөөчүлөрдү кыйроо болгон жерге токтоосуз өтүүсүнө кепилдик берүү зарылдыгына бардык тараптардын көңүлүн бурат.

Бул кайрылууда күнөөлүүлөрдү “тийиштүү жоопкерчиликке” тартуу да айтылат.

АКШ президенти Барак Обама жума күнү Вашингтондо сүйлөп, малайзиялык учакка жикчилдер ээлеген аймактан атылган ракета тийгенин айтып, "жикчилдер Орусиядан үзбөй курал жарак алып турганын билебиз. Бул жардамга курал жана машыктыруу, оор куралдар жана зениттик куралдар кирет" деп баса белгиледи.

Мурдараак БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун малайзиялык учак туш болгон кырсыкты ачык-айкын иликтөөгө чакырып, курман болгондордун жакындарына көңүл айткан:

- Бул жерде толук жана ачык иликтөө зарыл экени айкын. Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана Малайзиянын элине терең кайгыруумду билдирем.

Учакта Голландиядан 192, Австралиядан 27, Малайзиядан 44, Индонезиядан 12, Британиядан 10, Германиядан 4, Белгиядан 4, Филиппинден 3, Канададан 1, Жаны Зеландиядан 1 жаран болгон. Экипаждын 15 мүчөсү тең Малайзиядан. Курман болгон 298 адамдын 80ге жакыны балдар. Жүргүнчүлөрдүн жүздөйү СПИД боюнча Мелбурнда өтчү эл аралык конференцияга баратышкан экен. 192 жарандын өлүмү 15 млн. калктуу Голландия үчүн чоң жоготуу.

Малайзия эйрлайнс компаниясы курман болгондордун ар биринин үй бүлөсүнө алгачкы муктаждыктары үчүн 5 миң доллардан берилерин жарыялады.

Авиалайнер эмне себептен Украинанын аба мейкиндигинде кыйроого учураганынын жөн-жайын аныктоо бир нече жумага созулаары айтылууда. Бирок азыр эле 300дөй адамдын өмүрүн жуткан трагедия Орусиянын мартта Крымды аннексиялап алуусу жана анын артынан эле Украинанын чыгышында баш көтөргөн орусиячыл жикчилдерди Москванын колдогону менен бир жипке байланганы талашсыз болууда.

Эгер апрелден бери уруш жүрүп жаткан Донецк жана Луганск облустарына Орусиядан курал-жарак, анын ичинде учактарды уруп түшүрчү зениттик-ракеталык техника жана аскерий даярдыгы бар адамдар кирбесе, эксперттердин айтымында, украин армиясы эрегишчилердин катуу каршылыгына кабылбайт эле.

Украинанын чыгышындагы аскерий операциялар, 18-июль, 2014
Украинанын чыгышындагы аскерий операциялар, 18-июль, 2014

Украин өкмөтү “Боинг 777” учагынын кыйроосу үчүн орусиячыл жикчилдерди күнөөлөдү. Орусиянын президенти Владимир Путин бүтүн жоопкерчиликти украин жетекчилигине жүктөдү.

“...эгер Украинанын түштүк чыгышында тынчтык болсо, аскерий аракеттер улантылбаса, бул трагедия болмок эмес,” - деди Путин 17-июлдагы өкмөттүк кеңешмеде.

Малайзиянын премьер-министри Нажиб Разак кырсыктын себебин аныктоо үчүн учак кыйрап түшкөн жердеги бир таш да ордунан жылдырылбасын талап кылды:

- Украин бийликтери учак атып түшүрүлдү деп ишенет. Азыркы этапта Малайзия трагедиянын себебин билбейт. Бирок биз бул учак эмне болгонун так аныкташыбыз керек, аны жасайбыз. Бир да таш оодарылбасын. Эгер учак атып түшүрүлгөнү такталса, кылмышкерлер токтоосуз соттолушун талап кылабыз.

АКШ президенти Барак Обама да украин президенти Петро Порошенко менен телефондон сүйлөшүп, учактын сыныктары жана далилдер өлкөдөн сыртка чыгарылбасына көңүл бурду.

Учак кулап түшкөн жайды контролдогон козголоңчулар “Боингдин” биринчи кара кутусун Орусия тарапка өткөрүп берилди, экинчи кара куту табылды деген билдирүүсүнөн баш тартышты.

​Кечээ Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Антон Геращенко Фейсбуктагы баракчасына жикчилдер жүргүнчү учакты “Бук” зениттик-ракеталык комплекси менен атып түшүргөнүн жазган.

Жакында эле жикчилдер ракета атчу “Бук” системасына ээ болгонун жарыя кылышкан. Алар ушул аптада украин армиясынын эки учагын ракета менен атып түшүрүшкөн.

"Бук" комплекси Донецк облусунун Торес шаарында турат, 17-июль, 2014
"Бук" комплекси Донецк облусунун Торес шаарында турат, 17-июль, 2014

Украинанын коопсуздук кызматтары жикчилдердин сүйлөшүүсү жазылган аудитасманы жарыялады. Анда козголоңчулардын Игорь Безлер деген командири Орусиянын аскерий чалгындоо кызматынын офицери Василий Геранинге учак атып түшүрүлгөнүн кабарлоодо:

"Боинг": Киев - Москва бири бирин айыптоодо
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:15 0:00

"Азыр эле самолет атып түшүрүлдү. “Минер” группасы. Ал Енакиевонун жанына түштү”.

Андан ары учакты Чернухин өтмө бекетинде турган казак орустары элди ташып бараткан самолетту атып түшүрүшкөнү, атүгүл индонезиялык студенттин паспорту табылганы айтылат.

Малайзиялык учактын кыйроосуна байланыштуу Европанын аба каттамдарынын коопсуздугу уюму Украинанын аба мейкиндигин жүргүнчү ташыган учактар үчүн жапты. Түркиянын Turkish Airlines, Германиянын Lufthansa, Франциянын Air France команиялары, АКШ жана Кытай өкмөттөрү да ушундай чара көрдү.

Донецктеги трагедия

Malaysia Airlines компаниясына таандык учактын Донецк облусундагы Грабово айылына кулаган бөлүктөрү. Кырсыкка чейин &quot;Донецк элдик республикасынын&quot; &quot;коргоо министри&quot; Игорь Стрелковдун учакты атып түшүрүү болгондугу тууралуу жазган билдирүүсү жарыяланган. Андан кийин &quot;Донецк элдик республикасынын&quot; премьер-министри аталган Александр Бородай учакты украиналык аскерлер атып түшүргөнүн айтып чыккан. Сүрөттө орусиячыл жикчил кыйраган учактын жанында турат.<br />
<br />
&nbsp;
1/9 Malaysia Airlines компаниясына таандык учактын Донецк облусундагы Грабово айылына кулаган бөлүктөрү. Кырсыкка чейин "Донецк элдик республикасынын" "коргоо министри" Игорь Стрелковдун учакты атып түшүрүү болгондугу тууралуу жазган билдирүүсү жарыяланган. Андан кийин "Донецк элдик республикасынын" премьер-министри аталган Александр Бородай учакты украиналык аскерлер атып түшүргөнүн айтып чыккан. Сүрөттө орусиячыл жикчил кыйраган учактын жанында турат.

Malaysia Airlines компаниясына таандык учак Донецкте кырсыкка кабылды. Бортунда 300гө жакын адам бар Boeing-777 украиналык аскерлер менен орусиялык жикчилдер согушуп жаткан жерден атып түшүрүлгөндүгү айтылууда.
Боингдин күйгөн калдыктары.
2/9 Боингдин күйгөн калдыктары.
Malaysia Airlines компаниясына таандык учак Донецкте кырсыкка кабылды. Бортунда 300гө жакын адам бар Boeing-777 украиналык аскерлер менен орусиялык жикчилдер согушуп жаткан жерден атып түшүрүлгөндүгү айтылууда.
3/9

4/9

Кырсык болгон жерге барган тез жардам кызматкерлери.
5/9 Кырсык болгон жерге барган тез жардам кызматкерлери.
Malaysia Airlines компаниясына таандык учак Донецкте кырсыкка кабылды. Бортунда 300гө жакын адам бар Boeing-777 украиналык аскерлер менен орусиялык жикчилдер согушуп жаткан жерден атып түшүрүлгөндүгү айтылууда.
6/9

7/9

Учактын куйругунун жарымы.
8/9 Учактын куйругунун жарымы.
Malaysia Airlines компаниясына таандык учак Донецкте кырсыкка кабылды. Бортунда 300гө жакын адам бар Boeing-777 украиналык аскерлер менен орусиялык жикчилдер согушуп жаткан жерден атып түшүрүлгөндүгү айтылууда.
17-июль күнү Malaysia Airlines компаниясына таандык, Амстердамдагы эл аралык Схипсхол аба майданынан Куала-Лумпурга багыт алган учактын кырсыкка чейинки сүрөтү.
9/9 17-июль күнү Malaysia Airlines компаниясына таандык, Амстердамдагы эл аралык Схипсхол аба майданынан Куала-Лумпурга багыт алган учактын кырсыкка чейинки сүрөтү.
Malaysia Airlines компаниясына таандык учак Донецкте кырсыкка кабылды. Бортунда 300гө жакын адам бар Boeing-777 украиналык аскерлер менен орусиялык жикчилдер согушуп жаткан жерден атып түшүрүлгөндүгү айтылууда.
Артка
Алдыга

Авиалайнердин кыйроосунан улам Малайзия аба жолдорунун баалуу кагаздарынын наркы 18-июлда 20% чейин арзандап, анан кайра 9% көтөрүлдү.

Европанын эң чоң керектөөчүсү Британияда газдын баасы 4,9% өстү. Көмүр да 50 сентке кымбаттады. АКШда кара майдын наркы 2 долларга жогорулады. Ири газ өндүрүүчү Орусия менен батыштын мамилеси осолдойт деген кооптонуудан улам жума күнү дүйнөлүк баалуу кагаздар рыногунда акциялар кунун аз да болсо жоготту.

  • 16x9 Image

    Амирбек Азам уулу

    "Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Санкт-Петербургдагы Финансы жана экономика университетин аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG