Батыш лидерлери мындай тыянакка видео конференция учурунда келишкенин Минск келишимине ортомчу болгон эки өлкөнүн бири – Франция кабарлады.
Украина боюнча видеоконференцияга АКШ жана Франция президенттери Обама менен Олланд, Британия жана Германия өкмөт башчылары Кэмерон менен Меркел жана Европа кеңешинин президенти Дональд Туск да катышкан.
Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест Вашингтондогу басма сөз жыйында АКШ президентинин видеоконференцияда айткандарын мындайча чечмеледи:
- Бул жолугушуунун контекстти президент Обамага Орусия жана ал колдогон жикчилдер былтыр сентябрда түзүлгөн биринчи Минск макулдашуусунда алган милдеттемелерин, жакындагы Минск планын аткарбоону улантып жатканын, Дебальцевого кол салышын айыптоо үчүн мүмкүнчүлүк болду.
Видео конференциянын катышуучусу - Франция тараткан билдирүүгө караганда, анын жүрүшүндө Батыш лидерлери эгер ок атышууну токтотуу боюнча экинчи Минск келишими бузулса, эл аралык коомчулук олуттуу реакция жасоосу зарылдыгын макулдашты.
Билдирүүдө ошондой эле тараптар ЕККУ уюмунун Украинадагы мониторинг миссиясын чыңдоо зарылдыгын белгилешкен.
Мунун алдында Европа лидерлери ЕККУнун ок атышууну токтотуу макулдашуусуна жана оор куралдардын чыгарылышына байкоо салуудагы ролу кеңейтилиши абзел деген орток пикирге келишкенин маалымдашкан эле.
ЕККУ байкоочуларынын ишин активдештирүүнү украин президенти Петро Порошенко да айтууда:
- ЕККУнун такай иштей турган көзөмөл - өткөрмө бекеттери баардык жерде жайгаштырылуусу керек. Ал жерде ок атышууну токтотуу режими бузулган учурлап катталып, ЕККУнун күндөлүк отчеттору жарыяланып турушу абзел.
12-февралда Минскте кол коюлган келишимдин башкы шартына ылайык, украин күчтөрү оор куралды майдан тилкеси азыр кесилишкен жерден, ал эми жикчилдер жарыялаган “Донецк жана Луганск республикаларынын” күчтөрү уруш талаасынын 2014-жылдын 14-сентябрында чектешкен тилкесинен алып кетүүлөрү керек.
Келишим боюнча калибри 100 мм жана андан чоң артиллериялык системалар коопсуздук зонасын түзүү үчүн кеминде 50 чакырым, ал эми “Град” жана башка үлгүдөгү ракеталык системалар 70 чакырым ичкери киргизилүүсү талап кылынат.
Украин тараптын ырастоосунда, алар калибри 100 мм келген оор куралдарын чыгарууну аяктап, эми бул иштин экинчи этабына даярданышууда. Оор куралдарын майдан тилкесинен алып кетүүнү аяктаганын жикчилдер да айтканы менен, украин тарап алар күчтөрүн кээ бир участокторго топтоштуруп, жаңы сокку уруу үчүн даярданып жатабы деп шек санашат.
Украин командачылыгы бүгүн билдиргендей, Донбасста ок атышууну токтотуу режими жалпысынан сакталууда, бирок өткөн түн ичи жикчилдер алардын турумдарын 12 жолу, андан бир сутка мурун 20дан ашуун жолу аткылашкан. Ок атышууну токтотуу шарты украин тараптан бузулганын жикчилдер жарыялаган "Донецк элдик республикасынын" аскерий жетекчилиги да билдирүүдө. Алардын эсебинде, акыркы бир суткада ок атышууну токтотуу режими 16 ирет бузулду.
Бул аралыкта америкалык аскерий колбашчылардын бири Украинанын чыгышында жикчилдерге жардам берип жаткан орус аскерлеринин саны 12000ге чейин жетерин айтып чыкты.
АКШ армиясынын Европадагы күчтөрүнүн командачысы Бен Ходжес белгилегендей, Орусиянын Украинадагы аскер кызматчылары аскерий кеңешчилерден, курал –жаракты тейлегендерден жана урушка тикелей тартылган жоокерлерден турат.
Генерал Ходжес ошондой эле украин тарап чалгын маалыматтарга жана “орус танкасын токтотуучу каражаттарга” муктаж экенин кошумчалады.
Украинага курал берилишин колдой турганын кечээ Конгресстин аскерий иштер боюнча комитетинде сүйлөп жатып, АКШ армиясындагы штаб башчылардын бириккен комитетиндеги төрагасы, генарал Мартин Демписи да айтты. Ал белгилегендей, Вашингтон Украинага куралды НАТО аркылуу берүү жагын карап көрүшү керек:
- Менимче, биз курал берүүнү толугу менен карап көрүшүбүз керек. Бул биздин НАТО боюнча союздаштарыбыздын контекстинде болушу абзел.
Ак үй Украинага курал берүү же бербөө маселеси азырынча чечиле электигин, бул али талкуу үстүндө экенин билдирүүдө.
Киев жана Батыш өкмөттөрү Орусияны Украинанын чыгышындагы жикчилерге 12-февралдагы тынчтык келишимине карабай курал жана аскер күчү жагынан жардам берип жатат деп айыпташат. Москва болсо мындай ырастоолорду четке кагат.