Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:58

Аба ырайы: айрым жерлерде өткүн өтөт


Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 2-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 25…30;

Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 23…28;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 12...17, күндүз 28…33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 24…29;

​Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 10…12°, күндүзгү жогорку температурасы 27…29° жылуу болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG