Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Украина: Северодонецкиде француз журналисти набыт болду


Северодонецк шаары. 30-май, 2022-жыл
Северодонецк шаары. 30-май, 2022-жыл

Орусиялык аскерлер дүйшөмбүдө Украинанын Кривой Рог жана Одесса шаарларын, Харьков облусун аткылашты. Донбасста айыгышкан салгылашуу уланууда. Ал жерде орус күчтөрү эвакуацияланып жаткан тургундар бараткан автобусту аткылаганда франциялык журналист мерт болду.

Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай Лисичансктагы кырдаал бир нече сааттын ичинде кыйла оорлошконун, каза тапкандар, жарадар болгондор бар экенин 30-майда эртең менен билдирген.

Ал эми Северодонецк шаарынын көчөлөрүндө салгылашуу жүрүп жатат.

Ок тийген гуманитардык автобус. Луганск облусу. 30-май 2022-жыл
Ок тийген гуманитардык автобус. Луганск облусу. 30-май 2022-жыл

Гайдай 10 кишини чыгарып кетүү үчүн бараткан машинаны орус аскерлери аткылаганда франциялык журналист каза тапканын Телеграмдагы баракчасына жазды. Кийин ал BFM TV телеканалынын 32 жаштагы кабарчысы Фредерик Леклерк Имхофф экени аныкталды.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон журналист “Украинада эмне болуп жатканын дүйнөгө көргөзүү үчүн согушка жөнөгөн, орустардын бомбалоосунан качкан тынч жарандар менен гуманитардык автобуста бараткан жеринен ок жеп каза тапты”, – деп жазды Твиттерге.

Фредерик Леклерк Имхофф мерт болгон күнү француз тышкы иштер министри Киевде сапарда жүргөн. Ушуну менен согуш башталгандан бери украин жергесинде сегиз журналисттин өмүрү кыйылды.

"Северодонецкинин таш-талканын чыгарышты"

Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы орус армиясы Северодонецк жана Лисичанск шаарларын басып алуу аркылуу украин бөлүктөрүн өлкөнүн калган аймагы менен байланыштырган жолдорду бууп салууну көздөйт деп билдирди. Орус тарап Северодонецк толугу менен камоодо калганын айтканы менен, украин бийлиги маалыматты ырастаган жок.

Жекшембинин кечинде жасаган кайрылуусунда украин президенти Владимир Зеленский Северодонецкиде имараттардын 90 пайызы талкаланганын, эң керектүү инфраструктуранын таш-талканы чыгып, турак жайлардын басымдуусунда жашоого мүмкүн болбой калганын билдирген:

"Байланыш үзүлгөн. Шаарды тынымсыз аткылашууда. Северодонцекини алуу баскынчылар үчүн маанилүү максат. Шаар мэриясына өз желегин сайуу үчүн канча кишинин каны төгүлөрү аларга баары бир. Кейиштүүсү ал имарат "Эл достугу" деген бульварда жайгашкан".

Евробиримдик санкцияларды кароодо

Ал арада европалык дипломаттар орус мунайынын импортуна байланыштуу санкцциялардын альтернативдүү вариантынын үстүнөн иштеп жатышат.

Евробиримдик бир айдан бери Москвага каршы санкциялардын 6-пакети боюнча мунаса таба албай келүүдө.

Кайя Каллас. Таллинн, архивдик сүрөт
Кайя Каллас. Таллинн, архивдик сүрөт

"Талкуу уланууда. Украина согушту жеңе элек, биз жетиштүү аракет көргөн жокпуз. Украинаны аскердик, гуманитардык, финансылык жактан колдоону улантууга тийишпиз. Орусияны обочодо калтыруу зарыл. Бул - санкция салыш керек дегенди билдирет. Орток пикирге келүү аракетибизден майнап чыгат деп ишенем, - деп айтты Эстониянын премьер-министри Кайа Каллас 30-майда Брюсселдеги жыйын алдында.

Толук эмбарго киргизүүгө негизинен Будапешттин позициясы жолтоо болууда. Венгрия орус мунайын албаса, экономикасы катуу жабыркай турганын айтып, эмбаргого каршы чыгууда. Виктор Орбандын өкмөтү өлкөгө 2024-жылга чейин убакыт берүү шартына дагы көнгөн эмес.

Жаңы вариантта Орусиядан куурлар менен жеткирилген мунайды мурдагыдай эле калтыруу, деңиз аркылуу алган чийки затка тыюу салуу каралууда.

Венгрия «Достук» кууру менен Орусиядан мунайынын 65 пайызын алып турат.

Эки күндүк саммитте Украинага курал-жабдуу жагынан жардам берүү маселеси да талкууланмакчы.

XS
SM
MD
LG