Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:56

Украинага "Байрактарды" сатып берүүгө акча жыйнаган литвалыктар


"Байрактар" дрондору, Украина. 2021-жыл, 28-октябрь.
"Байрактар" дрондору, Украина. 2021-жыл, 28-октябрь.

Украинанын чыгышындагы Северодонецк шаары үчүн айыгышкан салгылашуулар уланууда. Расмий Киев орусиялык күчтөргө туруштук берүү үчүн өнөктөштөр украин армиясын керектүү курал-жабдуу менен камсыз кылат деп үмүттөнөрүн кайталады.

Украин президенти Владимир Зеленский 28-майда кечинде жасаган кайрылуусунда, эмки аптада Батыштан курал-жарак жиберүү маселесинде “жакшы кабар” күткөнүн айтып, маалыматтын чоо-жайын ачыкка чыгарган жок.

Президенттин айтымында, "армиянын орус баскынчыларына жооп кайтаруу жөндөмү, өлкөнүн эркиндигин коргоп калуу өнөктөштөрдүн чечкиндүүлүгүнө да байланыштуу".

Владимир Зеленский. Киев, 27-май 2022-жыл
Владимир Зеленский. Киев, 27-май 2022-жыл

"Кырдаал абдан татаал. Өзгөчө Донбасс жана Харьков аймактарында орус аскерлери кандай болбосун алдыга жылууну көздөшүүдө. Орус армиясы бутага алган Северодонецк, Лисичанск, Бахмут, Попасна жана башка шаарлар үчүн күрөш уланууда. Бирок биз туруштук берип жатабыз. Абал абдан оор, баскынчылардын чабуулуна каршы бекем тургандарга ыраазычылыгымды айтам".

Мунун алдында Украинанын коргоо министри Алексей Резников Даниядан кемелерге каршы “Гарпун” ракеталары жана АКШдан гаубицалардын алдыңкы түрү келе баштаганын билдирген. Министрдин айтымында, ал ракеталар жергиликтүү “Нептун” ракеталары менен кошо деңиз жээктерин, анын ичинде Одесса шаарын коргоо үчүн пайдаланылмакчы.

Одессанын аскердик администрациясынын басма сөз катчысы Сергей Братчук: “Мынча көп “Гарпундар” менен орустардын бүтүндөй Кара деңиз флотун чөктүрө алабыз. Эмнеге болбосун?”,- деп жазды социалдык тармактарга.

Орусиянын Коргоо министрлиги акыркы күндөрү Донбасстагы Луганск жана Донецк облустарында бир топ ийгиликке жеткенин айтып жатат.

Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы жекшембиде Фейсбуктагы баракчасында билдиргендей, "каршы тарап Северодонецкти өз көзөмөлүнө алуу аракетин улантып, артиллериясы тынымсыз сокку урууда".

Украин бөлүктөрүн курчоого алуу үчүн Лисичанск-Бахмут жолун аткылап жатканы айтылды.

Украинанын Чукул кырдаалдар министрлиги Харьковдун айланасы бомбаланганда бир нече жерде өрт чыкканын 29-майда билдирди. Орусиялык күчтөр бир нече жума мурун ал жактан сүрүлүп чыккан эле. Облустун прокуратурасы маалымдагандай, Харьковдон 40 километрдей алыс орун алган Золочев шаарчасында эки киши жарадар болду.

Северодонецк шаары. 2022-жыл, 26-май.
Северодонецк шаары. 2022-жыл, 26-май.

Британиянын Коргоо министрлиги күндөлүк отчетунда, Орусия сөз болгон чөлкөмдү басып алууга жетишсе, Кремл муну кошуна өлкөгө кол салууну актаган “чоң саясий ийгилик” катары сыпатташы ыктымал деп болжойт.

Ал эми АКШнын Согушту изилдөө институту Северодонецк үчүн кармаштан кийин "ал кандай жыйынтыкталбасын, Орусиянын алга жылуусу токтойт" деген прогнозун чыгарды. Эксперттердин баамында, бул украин тарапка контрчабуулга өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

"Орусия ал багытта жеңгенин жар салса да, эч кандай аскердик же экономикалык утуш алып келбейт", - деп эсептешет институттун адистери.

Ал арада карапайым литвалыктар Украинаны курал-жарак менен камсыз кылуу ишине салым кошууну, украиндерге тилектештигин билдирүүнү чечип, 5 миллион евролук “Байрактар” дронун сатып берүү аракетин көрүүдө.

Демилгени көтөргөн Laisves TV телеканалынын маалыматына ылайык, 3 күндүн ичинде 3 миллион евро чогулган. Соңку маалыматтарга караганда чогулган каражат 5 миллион евродон ашты.

"Акча которуу менен өзгөчө бир иш кылдым деп ойлойм. Өз алдынча дрон сатып алып, аны Украинага тартуулоо колубуздан келет дегенден сырткары, бул абдан символикалык ишарат болуп калат. Дүйнөдөгү ири державалар "бул куралды берсе болот, муну болбойт" деп талашып-тартышып отурган кезде Литванын жарандык коому биргелешип, 5 миллион евро топтоону чечти. Менин пикиримде, бул өзүнчө бир маанилүү символикалык кадам", - деп айтты 100 евро жөнөткөн Агне Белицкайте "Рейтерс" агенттигинин кабарчысына.

Украина акыркы жылдарда Түркиянын "Байкар" фирмасынан "Байрактар" пилотсуз учагынын 20дан ашуун даанасын сатып алган. Акыркы партиясы быйыл марттын башында келген.

XS
SM
MD
LG