Орусиялык аскерлердин бири Украинада жайкын тургунду өлтүргөнүн мойнуна алды. Бул тууралуу ал "Важные истории" долбооруна айтып берген. Орусиялык аскерлер чегингенден кийин Украинанын борбордук бөлүгүндөгү айыл-кыштактарда ондогон жайкын тургундардын сөөктөрү калган.
Андреевка айылына орус аскерлери февраль айынын соңунда кирип, апрелдин башында чегинген. Күбөлөрдүн айтымында, алар чыгып кеткенден кийин айылда жүздөгөн талап-тонолгон, талкалаланган үйлөр, жайкын тургундардын ондогон сөөктөрү жана жергиликтүү тургундардын биринин телефонуна тартылган 25 сүрөт табылган.
Бул сүрөттөрдөн "Важные истории" долбоорунун журналисттери 64-бригаданын төрт жоокерин аныкташкан. Алар Даниил Фролкин, Дмитрий Данилов, Руслан Глотов жана Иван Шепеленко.
Алардын бири журналисттерге видеобайланыш аркылуу жергиликтүү тургундардын бирин кантип өлтүргөнүн айтып берди.
"Биз аларды өздөрү көрсөткөн үч үйгө киргиздик. Алардын ичинде эч кандай сүрөт жок экен. Кармалгандардын жанында акча бар болчу. Гривень, доллар жана башка акча. Биз менен жүргөн подполковник Александр Прокурат ал акчаларды өзүнө алды, ал эми документтерди, телефондорду бизге берип, кишилерди болсо "жок кылгыла" деди. Мен бирөөсүн жок кылдым,-деди Фролкин.
Кийин Фролкин өлтүргөн адамдын сүрөтүнөн таанып, Руслан Яремчук деген кишини желкесине атканын айтты. Маркумдун жесири күйөсү желкесине тийген октон өлгөнүн ырастады. Фролкиндин айтымында, ошол күнү орусиялык аскерлер Авдеевканын дагы эки тургунун жок кылышкан.
Украинада согуш мыйзамдардын бузуу боюнча ондогон кылмыш иштери козголгон. Ал эми орусиялык аскер Вадим Шишимарин карапайым тургунду өлтүргөнү үчүн алгачкылардан болуп жазага тартылган. Жайкын тургунду өлтүрдү деп айыпталган 21 жаштагы Шишимаринди Киевдин соту 23-майда өмүр бою абакка кескен. Апрелде Киевдин коллегиялык соту өкүмүн өзгөртүп, 15 жыл камак менен алмаштырды.
Орусия 24-февралда Украинага согуш ачкандан бери миңдеген жайкын тургундардын өмүрү кыйылды. Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңеши май айында орус аскерлери чегингенден кийин Киев облусунда миңдеген кишинин сөөгү табылганын кабарлаган. Украина жана Батыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү бул жана башка кылмыштары үчүн Орусияны жоопко тартууга чакырып келет. Москва айыптоолорду четке кагып, Украинадагы жайкын тургундарды бутага албаганын билдирүүдө.
Орусиянын президенти Владимир Путин Москвада "Армия-2022" форумунун ачылышында сүйлөп жатып, орусиялык аскерлер жана Донбасттагы жоокерлер Украинада өздөрүнүн алдына койгон милдетин так аткарып жатышканын билдирди.
"Алар Орусия үчүн, Донецк жана Луганск республикасындагы тынч жашоо үчүн согушуп жатышат. Коюлган тапшырмаларды так аткарып, Донбасcтын жерин акырындан бошотушууда",-деди Путин.
Кремл 21-февралда Украинанын Луганск жана Донецк облустарынын бүтүндөй аймагын көз карандысыз республикалар катары тааныган. 2014-жылы бул Украинанын эки облусунун үчтөн бирин жикчилдер ээлеп, калганын украин армиясы көзөмөлдөп турган. Москва жикчил тилкени эле эмес, эми Украинанын бул эки облусунун бүтүндөй аймагын “көз карандысыз республикалар” катары таанып, аскерин киргизерин жарыялады.
Ал эми Украинадагы Запорожье атомдук электр станциясынын тегерегинде кырдаал кооптуу бойдон турат. Ал жердеги атышуулар үчүн Киев менен Москва бири-бирин айыптоодо. Дүйнөнүн 42 мамлекети Орусияны аймактан аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырды. Запорожье облусунун орусиячыл бийлиги аймакка тынчтык режимин киргизүүнү сунуштады.
Орусия ал заводдо аскерлери бар экенин четке какпаганы менен анын тегерек четин аткылаганын мойнуна албай келет. Тескерисинче, Москва бул үчүн украин күчтөрүн айыптаса, Киев бул маалыматты төгүндөдү.
АЭСтин тегерегиндеги кырдаал Улуттар Уюмунда (БУУ) жана Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттикте тынчсызданууну жаратты. Эки мекеме тең станцияга атайын инспекторлор барышы керек экенин белгилешти. Ал эми Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш заводдун айланасында демилитаризация аймагын түзүүнү сунуштады.
Орус армиясы Запорожье атомдук электр станциясын марттын башында эле басып алган. Ал орустардын карамагына өткөн Мариупол портунан 200 чакырым түндүк-батышта жайгашкан. Киевдин маалыматына караганда, обьектини 10 миңдей украин кызматкери иштетет.