Кошмо Штаттар Украинага 500 миллион долларлык жаңы аскердик жардам бөлөт. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен билдирди.
Маалыматка караганда, анын ичине HIMARS зениттик-ракеталык комплекси үчүн ок-дарылар, Javelin танктарга каршы системасы, дрондор, учкучсуз аппараттарга каршы каражаттар, биологиялык, радиологиялык, химиялык куралдан сактануу каражаттары кирет.
Декабрдын башында Кошмо Штаттар Киевге 725 миллион долларлык аскердик жардам бөлгөн. Анда Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Вашингтон январь айынын ортосуна чейин Украинага "жүз миңдеген артиллерия жана миңдеген кошумча ракета жөнөтөрүн" айткан.
АКШ президенти Жо Байден Конгресс Украинага бөлгөн каражаттын баарын кызматтагы мөөнөтү аяктагыча Киевге берип үлгүрүүнү убада кылган. Азыркы күндө бул сумма 7,1 миллиард долларды түзөт.
Кошмо Штаттардын шайланган президенти Дональд Трамп Украинада согушту токтотуп, сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырып келет.
Ал арада Орусиянын армиясы Украинанын энергожайларына абадан жапырт сокку урууну улантууда.
Орусиянын армиясы Украинанын аймагына абадан жапырт сокку урду. Коркунуч тууралуу эскертүү үндөрү бардык облустарда жаңырды. Украин армиясынын Аба күчтөрү билдиргендей, чабуул дрон, ракета, анын ичинде үндүн ылдамдыгынан тез учкан “Кинжал” ракетасы менен жасалган. Киев, Одесса, Львов, Черкасс, Хмельницк, Харьков жанс башка облустарда жарылуулар болгону кабарланды.
Украинанын энергетика министри Герман Галущенко орус армиясынын жапырт чабуулуна энергообъектилер дуушар болгонун билдирди.
"Энергетиктер энергосистемага жасалган соккулардын кесепеттерин минималдаштыруу үчүн колдон келген аракетин көрүүдө”, - деп жазды ал Фейсбуктагы баракчасына.
Киев жана Тернополь облустарында электр жарыгы өчүрүлдү. Жапырт аба чабуулдан улам Польша аба бомбалоочу учактарын көтөрүп, абадан коргонуу системаларынын даярдыгын күчөттү.
Орусиянын аскерлери бейшемби күнү эртең менен Украинанын Херсон шаарына чабуул койгондо бир киши каза болгонун облус администрациясынын башчысы Александр Прокудин билдирди. Бул тууралуу "Азаттыктын" украин кызматы жазды.
«Эртеден бери орусиялыктар Херсонго учкучсуз учактар менен сокку уруп келатышат. Днепр районунда 67 жаштагы киши алган жарааттарынан көз жумду», - деп жазды Прокудин Телеграм-каналына.
Жергиликтүү бийлик шаршембиден бейшембинин таңына чейин алты киши жабыркаганын, орус армиясы 29 айыл-кыштакка, облус борборуна сокку урганын маалымдады.
Ал эми Запорожьеде Орусиянын ракета соккусунан набыт болгондор 11 кишиге жетти. Аймактык бийлик бейшембиде 10-декабрдагы аткылоодон кийин ураган үйдүн астынан дагы бир аялдын сөөгү табылганын маалымдады.
10-декабрда жергиликтүү саат 15:00 чамасында Орусиянын куралдуу күчтөрү Запорожьенин борборуна ракетадан сокку урган. Башкы прокуратура менчик клиниканын имараты жана жанындагы кафе талкаланганын, бир нече турак жай, машиналар зыян тартканын билдирген.
Шаршембиде Запорожьеде аза күтүү жарыяланган.
6-декабрда Запорожьеге коюлган чабуулдан он киши набыт болгон, 26сы жабыркаган. Алардын арасында үч бала, бирөө төрт айлык ымыркай экени кабарланган.
Орусиянын Коргоо министрлиги 10-декабрдагы соккуну комментарийлеген жок. Далилдерге карабай, Москва Украинанын жарандык жайларын бутага алганын танып келет.
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Грозныйдагы полициянын атайын полкунун казармасына дрон менен сокку урулганын билдирди. Анын телеграм-каналындагы постунда төрт кайгуул аскери жабыркаганы, терезелер күбүлүп түшкөнү, өрт эми эле тутана баштаганда тез өчүрүлгөнү айтылат.
Чечен башкалаасы 12-декабрга караган түнү чабуулга туш болгону тууралуу бир нече маалымат каражаты, арасында жергиликтүү оппозициялык 1ADAT басылмасы кабарлады.
ВЧК-ОГПУ телеграм-каналы бир жарылуунун видеосун жана соккунун кесепети тартылган сүрөттөрдү жарыялады. Кадрлардын биринде чатырдын чоң оюлуп калганын, кара түтүндү көрүүгө болот.
Буга чейин Грозный эки ирет пилотсуз учактардын соккуларына кабылган.
Өткөн аптада бир дрон полициянын базасына тийген. Кадыров жапа чеккендер болгонун айтып, санын тактаган эмес.
Ага чейин октябрдын аягында Гудерместеги "атайын багыттагы полициянын университетинин" чатыры өрттөнгөн. Жабыркагандар тууралуу маалымдалган эмес. Бирок социалдык тармактардын чечен сегментинде Ахмат Кадыров атындагы атайын полктун командири Замид Чалаевге сакайып кетишин тилеген сөздөр тарап жатты.
Кадыров Грозныйга коюлган соккуларга катуу реакция кылат. Биринчи соккудан кийин анын Украинада согушуп жаткан чечен бөлүктөрүнө украин жоокерлерин туткунга албоо көрсөтмөсүн бергени бар. Бирок бир нече күндөн кийин аны жокко чыгарганын айткан. Өткөн жумада чечен башчысы украин туткундарын Грозныйдагы стратегиялык жайлардын чатырларына жайгаштырып, тирүү калкан катары колдонуу пландарын бөлүшкөн.
Орусиянын Коргоо министрлиги бейшембиде эртең менен Чеченстандын аймагында бир дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Украина орус аймактары соккуларга туш болгон окуяларды адатта комментарийлебейт.
Согуш шартында тараптардын маалыматтарын ыкчам текшерүү мүмкүн эмес.