Орус медиалары Курск жана Грозный шаарларында жарылуу болгонун жазышууда
12-декабрга караган түнү Курск шаарында жарылуулардын үнү угулду. Бул тууралуу жергиликтүү медиалар жана телеграм-каналдар билдиришти.
«Аба мейкиндигин коргоо системасы иштеди. Жабыркагандар же курмандыктар тууралуу маалымат азырынча жок», – деп жазат жергиликтүү Mordov Media порталы.
Маалыматтарга ылайык, бул аймакта учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулунунун коркунучу тууралуу эскертилген.
Мындан тышкары, орус телеграм-каналдары бейшембиге караган түнү Чеченстандын борбору Грозный шаарында да жарылуу болгонун билдиришүүдө. Болжол менен абадан коргонуу системасы дронду атып түшүргөн.
Оппозициялык чечен каналдары чабуул «2-полкко» жасалганын билдиришти. Бул Ахмат Кадыров атындагы атайын полициянын полку болушу мүмкүн деген жоромолдор айтылууда.
Эки аймактагы жергиликтүү бийлик жана мамлекеттик медиалар бул билдирүүлөр боюнча азырынча комментарий беришкен жок. Ошондой эле украин командачылыгы да бул тууралуу билдирүү жасаган эмес.
Орусиянын Коргоо министрлиги 11-декабрда Ростов облусундагы Таганрог шаарына украиналык чабуул болгонун тастыктады. Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Украинанын Куралдуу күчтөрү америкалык ATACMS баллистикалык ракеталарын колдонуп, аскердик аэродромго алты ракета атып, чабуул жасашкан.
10-декабрда орусиялык күчтөр Запорожьеге сокку урду. Шаршембиде Украинанын Запорожье шаарына жасалган ракеталык чабуулдан тогуз кишинин өмүрү кыйылды. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы 22 адам жаракат алганын жана учурда куткаруу иштери уланып жатканын билдирди.
Чабуулдан улам шаардагы медициналык клиника кыйраган. Маалыматка караганда, жаракат алгандардын арасында дарыгерлер бар, биринин абалы оор.
"Жарылуу болгон учурда мен өзүмдүн кабинетимде болчумун. Эч нерсени уккан эмесмин. Бөлмөнүн шыбы бизди басып калды. Жанымда дагы бир дарыгер бар болчу. Ага катуураак тийди. Мен өзүм эптеп чыгып эле жардамга чакыра баштадым. Дароо жолдошума чалдым. Ал куткаруучуларга кабарлап, алар бизди алып чыгышты", - деди Анна Зубченко.
Орусия Украинанын аймактарын дрон, ракета, КАБ жана РСЗО системалары менен үзгүлтүксүз аткылап жатат.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 10-декабрда Орусиянын чабуулу Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) унаасына тийгенин билдирген.
"Орусиялык баскынчылар Украинанын инфраструктурасына ракеталар менен чабуул коюп, Запорожьедеги жарандык инфраструктурага жана карапайым калкка сокку урду. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин машинесине да тийди. Ушул тапта Өзгөчө кырдаалдар кызматы жана полиция иштеп жатат".
Зеленский буга чейин согуш талаасында биринчи жолу колдонулган алыскы аралыктагы жаңы ракета ийгиликтүү сыноодон өткөнүн билдирген.
Орусиянын жетекчилиги согуш учурунда армия Украинанын шаар-айылдарынын жарандык инфраструктурасына атайын сокку уруп, жайкын тургундарды өлтүрүп, оорукана, мектеп, бала бакча, энергетикалык жана суу камсыздоо объектилерин талкалап жатат деген айыптоолорду четке кагууда.
Ал тапта 11-декабрдын таңында жергиликтүү Телеграм-каналдар Орусиянын Брянск аймагында жарылуулардын үнү угулганын жазды.
Брянск облусунун губернатору аймактын үстүнөн 10 дрон жок кылынганын маалымдады. Анын айтымында, жабыркагандар жок, окуя болгон жерде тез аракеттенүүчү жана өзгөчө кырдаалдар кызматтары иштеп жатат. Бирок губернатор зыян келтирилген жайды так атаган жок. Брянск шаарында мунай базасы жайгашкан.
11-декабрга караган түнү Орусиянын Таганрог шаарына да чабуул жасалганын жергиликтүү бийлик кабарлады.
"Таганрог бүгүн түнү ракеталык чабуулга кабылды. Өнөр жай ишканасы жабыркап, автоунаа токтотуучу жайдагы 14 машина күйүп кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок. Келтирилген зыяндын өлчөмү такталууда", - деди Ростов облусунун губернатору Юрий Слюсарь.
Украинанын командачылыгы бул окуя боюнча азырынча комментарий бере элек.
10-декабрда АКШнын Каржы министрлиги Украинага 20 миллиард долларлык кредит бөлүнгөнүн жарыялады. Бул каражат камакка алынган орусиялык активдердин кирешеси аркылуу жабылат.
АКШнын каржы министри Жанет Йеллен бул каражат Украинанын Орусиянын агрессиясынан коргонушуна маанилүү колдоо болорун белгиледи.
Бул кредит июнь айында "Чоң жети" тобунун саммитинде макулдашылган 50 миллиард долларлык жалпы сумманын бир бөлүгү болуп саналат. Буга чейин Еврокеңеш Орусиянын камакка алынган активдеринин кирешесинен каржыланган 35 миллиард евролук кредитти бекиткен.
Орусия Украинага каршы согуш баштагандан кийин Батыш өлкөлөрү Орусиянын активдеринен 300 миллиард доллардан ашуун сумманы камакка алган. Анын көбү Европа өлкөлөрүндө сакталууда.
Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Орусиянын активдерин Украинага каржылык жардам катары пайдаланууга караманча каршы экенин бир нече жолу билдирген. Ошондой эле бул процесске катышкан тараптарга карата мыйзамдуу доо арыздарын даярдоо пландары бар экенин эскерткен.
Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар бул чабуулдарды Орусиянын согуштук кылмыштары катары мүнөздөшүп, алардын атайын мүнөзгө ээ экендигин белгилешет.
Запорожьеде орус армиясынын 10-декабрдагы соккусунан каза тапкандардын саны тогуз кишиге жетти. Облустук администрациянын башчысы Иван Федоровдун айтымында, “дарыгерлердин аракеттерине карабай 74 жаштагы киши ооруканада көз жумду”. 21 киши, арасында бир бала жана эки дарыгер жарадар болгон.
Фёдоров аткылоонун сүрөтүн жайгаштырып, сокку “Искандер” комплексинин ракетасы менен урулганын билдирди.
Украинанын Чукул кырдаалдар кызматы урандылардын арасынан аман калгандарды таап, куткаруу иштерин жүргүзгөнүн маалымдаган.
10-декабрда жергиликтүү саат 15:00 чамасында Орусиянын куралдуу күчтөрү Запорожьенин борборуна ракетадан сокку урган. Башкы прокуратура менчик клиниканын имараты жана жанындагы кафе талкаланганын, бир нече турак жай, машиналар зыян тартканын билдирген.
Шаршембиде Запорожьеде аза күтүү жарыяланган.
Өз кезегинде Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик Запорожье АЭСине кеткен жолго дрон менен сокку урулганда уюмдун машинасы жабыркаганын маалымдады. Мекеменин жетекчиси Рафаэл Гросси чабуулду согуш учурунда өзөктүк апааттын алдын алууга аракеттенген кызматкерлерге кол салуу катары айыптады. Учкучсуз учакты кайсы тарап учурганы айтылган жок.
6-декабрда Запорожьеге коюлган чабуулдан он киши набыт болгон, 26сы жабыркаган. Алардын арасында үч бала, бирөө төрт айлык ымыркай экени кабарланган.
Орусиянын Коргоо министрлиги 10-декабрдагы соккуну комментарийлеген жок. Далилдерге карабай, Москва Украинанын жарандык жайларын бутага алганын танып келет.