Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

Украина: Харьковдо 20 конуш бошотулду, контрчабуул уланууда


Украинанын аскерлери. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинанын аскерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын бийлиги контрчабуулдун жүрүшүндө Харьков облусундагы 20дай калктуу конушту бошотконун жарыялады. Башка аймактарды кошкондо сентябрдын башынан бери жалпы миң чарчы километри аймак кайтарылган.

Орусия тарап бул маалыматтарды төгүндөп, тескерисинче, аталган аймактарга кирген украин аскерлерин жок кылышканын билдирүүдө.

Харьковдогу контрчабуул

Харьков облусундагы Балаклея шаарын украин күчтөрү кайтарып алышканы тууралуу кабарлар эки күн мурун – 7-сентябрда чыккан. Украинадагы согушту чагылдырган орусиячыл Телеграм-каналдар ал күнү аталган шаарда Орусиянын аскерлери курчоодо калып калганын жазып чыгышкан.

Маалыматты расмий Киев 8-сентябрда ырастаган. Украин президенти Владимир Зеленский бул күнү Телеграм-каналына жарыялаган видеодо украин жоокери Балаклея шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн үстүнө украин желегин илип, шаар бошотулганы тууралуу президентке рапорт берип жатканы тартылган.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын өкүлү Алексей Громов жүрүштөрдүн жыйынтыгында Харковьдо жалпы ондогон айыл-шаар бошотулганын атайын брифингде маалымдады.

Алексей Громов
Алексей Громов

“Апта башынан бери Украинанын Куралдуу күчтөрү Улуттук гвардия жана башка күч түзүмдөрү менен биргеликте аныкталган багыттарда согуштук аракеттерди активдүү жүргүзүп жатат. Ушул убакка чейин аскердик бөлүктөр душмандын коргонуусуна 50 чакырым тереңдикке чейин киришти. Бир нече калктуу конуштарда фильтрациялык аракеттер уланып жатат. Активдүү аракеттердин жүрүшүндө Харьков багытында 20дан ашык калктуу түйүн бошотулду”, – деди ал.

Украинанын армиясы 29-августта түштүктөгү Херсон, Запорожье жана Николаев облустарындагы көпчүлүк аянтты ээлеп олтурган Орусиялык аскерлерге каршы контрчабуул баштаган. Москванын командачылыгы натыйжада күчтөрүн ушул жакка тартып жаткан.

Харьковдогу фронттук линиянын өзгөрүшү. Сол жакта Украина бошотуп жаткан линия чагылдырылган. "Настоящее время" телеканалынын иллюстрациясы.
Харьковдогу фронттук линиянын өзгөрүшү. Сол жакта Украина бошотуп жаткан линия чагылдырылган. "Настоящее время" телеканалынын иллюстрациясы.

Бирок украиндер 4-5-сентябрда капыл-тапыл чыгыш облустарда, тагыраагы Харьков, Луганск жана Донецкте да контрчабуул баштап жиберген. Украин президенти Владимир Зеленский муну 6-сентябрдын кечиндеги кайрылуусунда ырастап, орус күчтөрүн сүрүп чыгаруу аракети фронттун бардык линиясында жүрүп жатканын билдирген.

Зеленский 9-сентябрга караган түнү жарыялаган видео кайрылуусунда, сентябрь башынан бери аймактын миң чарчы километрден ашыгы бошотулганын маалымдады.

Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

“Уланып жаткан коргонуу операцияларынын алкагында биздин баатырлар ондогон калктуу конуштарды бошотушту. Бул жүрүш бүгүн да уланып жатат жана жаңы жыйынтыктар бар. 1-сентябрдан бери биздин аймактын миң чарчы километрден ашыгы бошотулду. Муну камсыздап бергендердин баарына алкыш! Армияга, чалгынчыларга, атайын кызматка ушул күндөрү кайрадан илинген ар бир украин желеги үчүн ыраазычылык билдирем”, – деди украин президенти.

Орусиянын расмийлери Украинанын күчтөрүнүн контрчабуулдарындагы жылыштарын ырастай элек. Бириккен Улуттар Уюмундагы Орусиянын туруктуу өкүлү Василий Небензя РИА-Новости маалымат атенттигине курган маегинде ал тургай муну төгүнгө да чыгарды. Ал “Николаевде, Харьковдо, Запорожьеде украин жоокерлери кырылып калганын, алардын сөөктөрү талаада чачылып жатканын” билдирди.

Деген менен Орусиянын Коргоо министрлиги Харьков багытына өздүк курам жана аскердик техникалар жеткирилип жатканы тууралуу маалымдап, анын видеосун жарыялады. Министрликтин өкүлү Игорь Конашенков жума күнкү билдирүүсүндө, украин күчтөрү ийгиликсиз чабуулдардан кийин артка чегинди деп айтты.

Игорь Конашенков
Игорь Конашенков

“Украинанын Куралдуу күчтөрү Николаев-Криворог багытында бир нече жолу ийгиликсиз чабуул жасоого аракет кылышты, бирок жоготууга учурап, кайра чегиништи. Бул багытта каршылаштар 3 танкын, 3 согуштук автоунаасын, 7 чопкутталган автоунаасын, 2 пулемет коюлган пикабын жана 270 аскерин жоготту. "Донецк Элдик Республикасынын" аймагында 50 националист, 16 атайын техника жок кылынды. Харьков шаарынын айланасында 50дөн ашык украин жоокери өлтүрүлдү жана 120 украин жоокери жарадар кылынды".

Украинадагы согуш учурда эки багытка – чыгыш жана түштүк фронтко бөлүнүп каралууда. Февраль-мартта Киев багытынан артка чегингенден кийин орус аскерлери Крымды кошпогондо, башка Украинанын алты облусунда гана калган.

Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызыл түс менен белгиленген. 9-сентябрга карата карта.
Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызыл түс менен белгиленген. 9-сентябрга карата карта.

Учурда чыгыштагы Донецк, Луганск облустарынын көпчүлүк бөлүгүн жана Харьков облусунун азыраак бөлүгүн, түштүктөгү Запорожье, Херсон облустарынын көпчүлүк бөлүгүн жана Николаев облусунун азыраак бөлүгүн ээлеп турат. Ошол эле маалда орус армиясы башка облустардын аймагын да ракета, артиллерия жана авиация менен тынымсыз аткылап келет.

Капыстан келген Блинкен

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен күтүүсүз Киевге келип, Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушту. Анын Киевге сапары тууралуу эки тарап тең алдын ала маалымат берген эмес.

Жолугушууда Энтони Блинкен Украинага 675 миллион долларлык аскердик жардам берилерин билдирди. Буга чейин АКШ украин армиясын HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системасы үчүн снаряддарды, автоунааларды жана башка аскердик техника жөнөтөрү кабарланган.

Энтони Блинкен Украинага жана Орусия коркунуч жараткан Европанын 18 мамлекетине 2,2 миллиард доллар аскердик жардам берүү боюнча Конгресске сунуш киргизилерин, бул ишке ашса Жо Байдендин администрациясынын тушунда АКШнын Украинага жалпы аскердик жардамы болжол менен 15,2 миллиард долларга жетерин айтты.

Энтони Блинкен
Энтони Блинкен

“Президент мырза, азыр чечүүчү учур экенин билебиз. Орусиянын Украинага каршы агрессивдик согушу башталгандан бери алты айдан ашты, сиздердин контрчабуул толук кандуу жүрүп жатат жана өз эффективдүүлүгүн көргөзүүдө. Албетте, бул украиндердин эр жүрөктүүлүгүнүн жана бекемдигинин жемиши. Муну биз күн сайын согуштук талаада көрүп жатабыз. Албетте, азыр жеңиштерди айтууга эрте, бирок Херсондо жана Донбасстын чыгыш жагында прогресстерди көрүм жатабыз. Биздин жана башка өлкөлөр берген жардам украиндерге Орусия басып алган аймактарын бошотууга жардам берип жатканына сыймыктанабыз. Бул Орусия эмес, бул Украина жана алар өз жерин бошотууда”, – деди Энтони Блинкен.

Орусия Украинага согуш ачкандан бери Батыш өлкөлөрү украин куралдуу күчтөрүнө аскердик жардам берип келет. Украина АКШ жөнөткөн HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системаларын фронтто ийгиликтүү пайдаланууда. АКШнын Коргоо министрлиги украиндер ушул күнгө чейин 20дай HIMARS системалары менен 400дөй бутаны жок кылганын маалымдады.

Америкалык HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системалары
Америкалык HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системалары

Бул арада Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Украинадагы миссиясы Орусияны аскердик туткундарга киргизбей жатат деп айыптады. Мекеме украин аскерлери туткунда жатып кыйноого кабылып жатканы жана катаал мамилеге туш болуп жатканы тууралуу дилилдер бар экенин маалымдады.

Миссиянын жетекчиси Матильда Богнер 9-сентябрда Женевадагы басма сөз жыйынында буларга токтолду:

Матильда Богнер
Матильда Богнер

"Орусия Федерациясы өз аймагында жана оккупацияда кармалып турган аскердик туткундарга бизди киргизген жок. Бул өтө камтамачылык жаратат. Анткени биз Орусияда жана Орусиянын күчтөрү менен алар менен байланышкан куралдуу түзүмдөр камап жаткан украин аскерлери кыйноого кабылып жатканын аныктап, документтештирдик”.

Согуш башталгандан бери Орусия менен Украина бири-биринин жүздөгөн аскерлерин туткунга алышкан. Ортодо аларды алмаштыруу операциялары өткөн. Бирок Орусия украин жоокерлерин бир бөлүгүн Киевге өткөрүп берүүдөн баш тартып жатканы белгилүү.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG