Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

Украин армиясы Херсондо бир нече айылды бошотту


Украинанын Куралдуу күчтөрү бошоткон айылда украин туусун илүү учуру. 4-сентябрь, 2022-жыл.
Украинанын Куралдуу күчтөрү бошоткон айылда украин туусун илүү учуру. 4-сентябрь, 2022-жыл.

Украин бийлиги контрчабуулдардын натыйжасында бир нече айыл бошотулганын расмий ырастады. Түштүк облустарда орус аскерлерин сүрүп чыгаруу жүрүштөрүн украин күчтөрү августтун аягында баштаган.

Бирок жылыштар аз болуп жаткан. Байкоочулар бул операциялардын максаты жерлерди бошотуу эмес, Орусиянын армиясына көбүрөөк зыян келтирүү экенин билдирүүдө.

Херсондогу алгачкы жеңиштер

Украинанын Куралдуу күчтөрү Херсон облусунда жана түштүктөгү башка аймактарда контрчабуул баштаганына бир апта болду. Орус аскерлеринин арт жагындагы курал-жарак кампаларын бир-эки ай талкалагандан кийин украиндер 29-августта масштабдуу жүрүшкө чыккан.

Бул аралыкта жергиликтүү Телеграм-каналдар Херсондо тынымсыз аткылоолор тууралуу жазып, сүрөт-видеолорду чыгарып жатты. Украиндер алгач төрт конушту, кийин он чакты конушту бошотушканы маалымдалган. Бирок бийлик айылдар бошотулганын эми гана расмий тактады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский соңку видео кайрылуусунда бул аракеттер үчүн аскерлерге алкыш айтты:

Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

“Мен Донецк облусунда бир конушту бошоткон аймактык коргонуу күчтөрүнүн 103-бригадасынын 63-батальонунун жоокерлерине ыраазычылык билдиргим келет. Лисичанск-Северск багытында 54-бригада оозго аларлык кадамдарга жетип, бийиктиктерди багынтканга жетишти. Ошондой эле 42-мото жөө аскерлер батальонун да белгилеп койгум келет. Алардын каармандыгынын натыйжасында мамлекетибиздин түштүк аймагында эки калктуу түйүн бошотулду”,- деди президент.

Зеленскийдин сөзүндө келтирилген Донецк облусу чыгыш фронтто. Бирок ал жакта да украиндер орус күчтөрүнүн мизин кайтарганы менен артка сүрө элек болчу. Орус армиясы чыгышта Донецк жана Луганск облустарынын көпчүлүк бөлүгүн жана Харьков облусунун азыраак бөлүгүн ээлеп турат. Түштүктө Запорожье, Херсон облустарынын көпчүлүк бөлүгүн жана Николаев облусунун азыраак бөлүгүн басып алган. Ошол себептүү шарттуу түрдө чыгыш жана түштүк фронт деп каралып жатат.

Иш жүзүндө украиндер контрчабуул менен Херсондун Днепрге чейинки бөлүгүн кайтарып алганы турушат. Антсе Николаев облусунун чакан бөлүгү да бошомок. Ар кайсы булактар Днепрдин оң тарабындагы орус аскерлери артка жылып жатканын жазып жатышкан, бирок линия дээрлик өзгөрбөгөн абалда болчу. Ошондон улам кээ бир талдоочулар контрчабуул “жемишин бербей жатат” деп жатышкан.

Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызыл түс менен белгиленген. 5-сентябрга карата карта.
Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызыл түс менен белгиленген. 5-сентябрга карата карта.

Кошмо Штаттардагы Согушту изилдөө институту (ISW) чалгын жана башка маалыматтарга таянуу менен Украинанын контрчабуулунун максаты чоң аймактарды чукул деоккупациялоо эмес, Орусиянын армиясына олуттуу зыян келтирүү экенин белгиледи. Мекеме өз бүтүмүндө Украинанын президентинин кеңешчиси Алексей Арестовичтин Wall Street Journal басылмасына берген комментарийине да таянды.

“Украинанын расмий аткаминерлери уланып жаткан украин контрчабуулу көп аймактарды калыбына келтирүүгө багытталган операция эмес, түштүктө орусиялык күчтөрдүн абалын начарлатууга жана материалдык-техникалык камсыздоосун үзгүлтүккө учуратуу боюнча операция экенин ачык жарыялашты. Арестовичтин билдирүүсү ISW институтунун байкоосу менен дал келип жатат. Биздин баага караганда, азыркы контрчабуул чукул жеңиштерге алып келбейт жана украин күчтөрү чечүүчү логистикалык түйүндөрдү гана бузуп жатат. Алар муну менен түштүктө Орусиянын аскерлеринин потенциалын кыскартууну көздөшүүдө”, – деп айтылат Согушту изилдөө институтунун соңку талдоосунда.

4-сентябрда социалдык тармактарда украин аскерлери Украинанын желегин көтөрүп турган сүрөт чыкты. Ал Херсон облусунун түндүгүндөгү Высокополье айылындагы оорукананын имаратынын үстүндө экени айтылган. Кийинчерээк бул сүрөттү Украинанын президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак “Кадам сайын” деген жазуу менен, анын орун басары Кирило Тимошенко да жарыялады.

Башка аймактар жана Запорожье АЭСи

Орусиянын Коргоо министрлиги өз билдирүүлөрүндө Украинанын контрчабуулдары башталганын ырастаган эмес, ошол эле маалда Херсондо активдешүү байкалганын тактаган. Бирок соңку аптада деле аймакта алар өздөрү жеңишке жетип жатканын билдирип келди.

Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков 5-сентябрь күнкү маалыматында да ушуга үндөш кабар чыгарды:

Игорь Конашенков
Игорь Конашенков

“Соңку суткада Харьков облусундагы Дачное, Великая Даниловка, Донецк Элдик Республикасындагы Славянск, Артёмовск, Запорожье облусундагы Полтавка, Днепропетровск облусундагы Зеленодольск калктуу конуштарындагы Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн алты башкаруу түйүнү жок кылынды. Мындан сырткары 48 артиллериялык бөлүм жана украин аскердик техникасы талкаланды. Харьков облусундагы Андреевка, Сады, Донецк Элдик Республикасындагы Доброволье, Зеленое, Херсон облусундагы Николаевка конуштарында ракеталык-артиллериялык курал-жарактардын беш кампасы жок кылынды. Харьковдо АКШнын өндүрүшүндөгү HIMARS жапырт аткылоочу куралдын орнотмосу талкаланды”, – деди ал.

Игорь Конашенков Запорожье атомдук электр станциясындагы кырдаалды комментарийлеп жатып, соңку суткада ал жакка “украин күчтөрү учкучсуз учак менен чабуул жасады” деп айыптады. Бирок ал мекеменин айланасында радиациялык кырдаал туруктуу экенин кошумчалады.

Украин бийлиги эл аралык эксперттер жүргөнүнө карабай АЭСтин айланасында тескерисинче орус тарап аткылоосун улантып жатканын билдирип, Москваны күнөөлөдү. Украинанын “Энергоатом” ишканасы 5-сентябрга карата билдирүүсүндө, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) эксперттер тобунун көбү станцияда калган алты өкүлүнүн төртөө чыгып кеткенин тактады.

“Учурда станциянын 6-энергоблогу гана иштеп жатат жана Украинанын электр тармактары менен Запорожье АЭСинин өзүнүн муктаждыктарын камсыздап жатат. 3-сентябрдын кечинде орусиялык оккупанттардын аткылоосунан улам Украинанын электр тармактарынын станция менен байланышы үзүлүп, 5-энергоблок иштен чыккан. МАГАТЭнин миссиясы Запорожье АЭСинде иштеп жатат. Ага карабай Орусиянын аскерлери станциянын аймагында, ичинде жүрөт, ал жакта курал-жарак жүктөгөн автоунаалар жайгаштырылган. Украина дүйнөлүк коомчулукту Запорожье АЭСин тез арада демилитаризациялоо, станциянын аймагынан жана Энергодар шаарынан орус аскерлерин чыгаруу жана АЭСтеги көзөмөлдү толугу менен Украинага кайтаруу үчүн кечиктирилгис чараларды көрүүгө чакырат”, – деп айтылат “Энергоатомдун” билдирүүсүндө.

Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги – МАГАТЭнин башчысы Рафаэл Гросси жетектеген 14 кишилик эксперттер тобу 1-сентябрда Запорожье АЭСине барган. Кийин алардын алтоосу станцияда калганы айтылган. Төртөө чыгып кетти, эки адис анда туруктуу иштейт деп күтүлүүдө.

Запорожье АЭСинин айланасы өрттөнүп жаткан учур. 24-август, 2022-жыл.
Запорожье АЭСинин айланасы өрттөнүп жаткан учур. 24-август, 2022-жыл.

Орусия Запорожье АЭСин Украинага кол салгандан бир нече күндөн кийин, марттын башында басып алган. Анда атышуулардан улам өзөктүк реактор жабыр тарткан болушу мүмкүн деген коркунучтар болгон. Ал тургай өрт дагы чыгып, араң басылган. Бул Чернобыл АЭСиндеги 1986-жылкы кырсыкка окшош чоң аварияга себепчи болуп калышы мүмкүн эле.

Азыр деле ушундай коркунуч бар. Ошол себептүү этият шарт үчүн августтун аягында украин бийлиги Запорожьенин тургундарына радиоактивдүү заттарга каршы дары-дармектерди (йод) тарата баштаган. Расмий Киев МАГАТЭден станциянын абалын текшерип кетүүнү суранган.

Орусиянын аскерлери 2022-жылдын 24-февралында Украинага басып кирген. Бул аралыкта Киев 9 миңдей жоокерин жоготконун тактады. Орусия мартта 1351 аскери өлгөнүн расмий билдиргенден бери маалыматтарды жаңылай элек. Украиндер орус армиясынын 50 миңге жакын аскери өлдү деп кабарлап жатышат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG