Дүйнөдөгү геосаясий окуялардын, анын ичинде Украинадагы согуштан кийин эгемендиктин баасын, баркын билүү керек деген маселе козголууда. Эгемендиктин баркына жетүү эмне кылуу керек? Буга чет жактагы журтташтардын кошкон салымы кандай? "Азаттык" ушул жана башка суроолорду талкуулады.
Талкууга Берлинден саясат таануучу, юридикалык антропология илимдеринин доктору Махабат Садырбек, Соода-өнөр жай палатасынын Украина, Польша жана Германиядагы ыктыярдуу өкүлү, ишкер Азамат Исмаилов, Москвадагы кыргыз диаспорасынын лидерлеринин бири, “Ноокат” коомунун жетекчиси Толкунбай Акматов жана Швецияда жашаган журналист Мирбек Айтикеев катышты.
- Сиздер Кыргызстандан сыртта иштеп жүрүп, эгемендик, эркиндиктин маанисин көбүрөөк түшүнөсүздөр. Махабат айым, эгемен Кыргызстандын артыкчылыгы эмне, кемчилиги эмне?
Махабат Садырбек: Четтен караган адамга Кыргызстан өзүнүн аймагы, мамлекеттик символикалары, улуттук тили бар болгону абдан чоң жетишкендик. Кайсы бир чоң өлкөнүн бир бөлүгү эмес, суверендүү мамлекетибиз бар. Албетте, кемчиликтерибиз, көйгөйлөрүбүз көп. Экономикалык абалыбыз анчейин жакшы эмес жана саясий жактан туруктуулук жетишпейт.
Толкунбай Акматов: Өзүм 1993-жылдан бери четте мигрант болуп жүрөм. Ал эми 2004-жылдан бери Москва шаарындамын. Күчкө толуп турган жарандарыбыздын чет жакта башка мамлекеттер үчүн иштеп жүргөнү кейитет. Албетте, алар өлкөбүзгө акча которуп атышат. Бирок анын пайдасынан зыяны бир аз көбүрөөк болгонсуйт. Анткени мээримге бөлөнбөгөн балдардын мууну өсүп чоңойду. Көп үй-бүлөлөр бузулду. 31 жылдын ичинде элдин турмушу оңолду, курсагы тойду. Билимге көңүл бурулбай калды.
- Азамат мырза, быйыл согуш башталганы миңдеген башка адамдардай эле өзүңүз көп жылдан бери жашаган Украинадан чыгып кетүүгө аргасыз болдуңуз. Эгемендиктин баркын башкалардан да өзгөчө сезип жатсаңыз керек?
Азамат Исмаилов: Мен 16 жылдан бери Украинада жашайм. Азыркы тапта украиндер өз эгемендиги үчүн күрөшүп жатышат. Байкаганым, качан гана сен өзүң күчтөнө баштаганда толук эгемендүүлүктү талап кылат экенсиң. Мамлекет өнүгүп, чоң жетишкендиктерге жете баштаганда "ким менен кызматташып, кайсы багытта иш алып барууну өзүм билем" деп баштайт экен. Украина да ошондой кадамга барганы үчүн азыркы окуялар болуп жатат. Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткени менен аны толук баалай албай атабызбы же мамлекет башына келген жетекчилер көз карандысыздыгыбызды жакшы багытта өнүктүрө албай атабы, билбейм. Мамлекетте өнүгүү болбосо биз кимдир бирөөгө көз каранды боло берет экенбиз. Эгемендүүлүк канчалык маанилүү экенин Украинада көрдүм. Мамлекетибизди сактап калалы деп четтеги канчалаган украиндер кайтып барып, мекени үчүн салгылашып жатышат. Ошондуктан эгемендүүлүгүбүздү ыйык сактап калышыбыз керек. Ал үчүн мамлекеттин өнүгүшү өтө маанилүү.
Мирбек Айтикеев: Мен да кошумчалай кетсем, Украинада согуш башталганы кыргызстандыктардын көпчүлүгү эркиндиктин, эгемендиктин баркын биле электиги cоциалдык тармактардагы ар кандай талкууларда көрүнүп калды. Соңку отуз жылда Кыргызстандын маалыматтык саясатында, билим берүү жаатында, элди агартуу жаатында көп иштер жасалбаганы, көп убакытты коротуп алганыбыз байкалды. Элибиз тышкы пропагандага аябай сугарылган экен. Керек болсо Европада жашаган мекендештерибиз да ошол жылдап сугарылган пропагандадан улам өз позицияларында турганы мен үчүн таң калыштуу болду. Ооба, бир муунду агартуудан биз өксүп калсак дагы келечек муунга эркиндик деген эмне экенин туура жеткиришибиз керек. Биздин символикаларыбыз, аймагыбыз жана валютабыз абдан маанилүү, бирок андан дагы маанилүүсү көөдөндө, көкүрөктө, тилибизде эркиндикке жетишибиз керек. Кыргызча ойлонуп, мекендин баасын, баркын биле тургандай денгээлге жетишибиз зарыл экенин акыркы окуялар көрсөтүп атат.
"Миграциянын күчөшүнө бир эле акча тартыштыгы себеп эмес"
- Толкунбай мырза, жакында Орусияда автокырсык болуп, 14 журтташыбыз каза болгон учурда мигранттардын маселеси көтөрүлүп, "мамлекет аларды акча жөнөткөн учурда гана эстейт, камкордук кыла албайт" деген пикирлер айтылды. Бул жагынан алганда мамлекеттин сырттагы журтташтарга мамилеси, камкордугунда өзгөрүү сезилеби?
Толкунбай Акматов: Өзгөрүү дээрлик жок. Акыркы кездери улам нааразылыгыбызды билдирип эле атабыз. Мамлекеттик органдардын, анын ичинде Кыргызстандын Орусиядагы элчиси жакшы иштебей жатканын кырсыкка чейин эле айтып чыктык эле. Эл өзүн-өзү эптеп, мамлекетке пайдасы тийип жаткандан кийин бийлик да элине жардам бериши керек эле. Экинчи жагынан биз Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин кандайдыр бир артыкчылыктар болушу абзел эле. Болбосо бул биримдикке кошулганыбыздын пайдасынан зыяны көп болуп жаткандай. Каттоо маселеси курчуду, бизде тигүү фабрикалары иштегени менен Орусиядан кайра акчаларын которо албайт. Бул жерде тамакты берип туруп, кекиртекти бууп койгондой эле болуп атат. Ошого мамлекеттер аралык, тең ата сүйлөшүүлөр керек болуп турат. Азырынча эч кандай жылыш жок.
- Жакында Кыргызстанга келип кеткен БУУнун өкүлү өлкө экономикасынын сырттагы журтташтар которгон акчага кармалып турушу, өлкөдөн сыртка акыл көчүнүн көбөйүшү узак мөөнөттө ойлондурчу маселе экенин билдирди. Сиздердин пикирде мамлекет жетекчилиги ушул маселелерди түшүнүп жатабы жана сыртта иштеп жүргөн адамдар катары муну сезесиздерби?
Махабат Садырбек: Албетте, айрыкча билимдүү адамдардын сыртка агылып жатканы өкүнтөт. Дарыгерлер, инженерлер, IT программисттер, архитектор, айыл чарба адистери аракет кылышып эле, өнүккөн мамлекеттерге жумуш ордун таап кеткенге аракет кылып жатышат. Билимдүү катмар азайса, күчтүү квалификациялуу адамдар кетсе коомго тескери таасирин берет. Ал эми жумушчу мигранттар деле өзүбүздүн завод-фабрика, курулуштарда иштесе, эгемендүү мамлекет катары күчтүүрөөк болмокпуз. Мигранттардын эсебинен жашап, алардын эсебинен экономиканы кармап, акылдуу адамдарды жоготуп жатканыбыз бизди чабал мамлекет катары эле көрсөтөт.
Азамат Исмаилов: Миграцияны токтотуу мамлекет үчүн абдан кыйын нерсе болуп турат. Аны ооздуктоо үчүн бизде өндүрүш, ишкерлер көбөйүп, ошолор мамлекет үчүн салым кошуп, региондордо жаңы продукциялар чыгып, фабрикалар ачылыш керек. Ал жакта иштегендерге татыктуу маяналарды бергенде гана миграциянын агымы азаят деп ойлойм. Анча-мынча тыңыраак, тил билген, билимдүүлөрү Европаны көздөй агылып, башкалары Орусияга кетип атышат. Мигранттардын жакшы мамлекеттерге чыкканы эртеңки күнү бизге жакшы. Алар топтогон тажрыйбаларын кайра мекенине келип колдонсо, өлкөбүздө өнүгүү болот. Менимче, дүйнөдөгү кырдаалдан улам миграциянын агымы жакынкы үч жылда дагы көбөйөт.
Мирбек Айтикеев: Маселе бир эле акчада эмес, себеби 800-900 доллар айлык алган мекендештерибиз деле ишин таштап, сыртка чыгып кеткенге аракет кылып жатышат. Мага күн сайын социалдык тармактардан сыртка кетүүнүн жолдорун сурап тааныган да, бейтааныш да адамдар көп жазышат. Алардан себебин сурасаң, экономикалык жагдай, коопсуздук, коррупция маселеси да түйшөлтөрүн айтышат. Баарынан да аялдар жана балдар коргоого муктаж эмеспи. Маселен, Европага келгенде бул жактагы аялдардын, балдардын, жан-жаныбарлардын, алтургай тал-теректин укуктарын коргоо жаатындагы иштерди көргөндө ушул жакта эле орун-очок алып, калууну көздөшөт. Ошол себептен завод-фабрика ачсак эле миграциянын агымы токтоп калат дегенден алысмын. Татыктуу маяна, коопсуздук, өлкөнүн эртеңки келечеги, сот адилеттүүлүгү, укук коргоо органдарындагы адилеттүүлүк сыяктуу маселелердин баары чечилмейинче, бир гана жумуш орундарын түзүп берүү менен жапырт миграцияны токтотуу мүмкүн эмес деп ойлойм.
Талкуунун толук аудиовариантын "Ак сөз" подкастынан угуңуз:
"Мамлекет чет жактагы журтташтар менен тыгыз иштеши керек"
- Ошол эле учурда чет жерде окуп, иштеп, жашап жүргөн жарандарыбыздын саны, географиясы жылдан-жылга көбөйүп, кеңейип баратат. Тажрыйбасы да көбөйдү. Азыр сырттагы журтташ мамлекеттин жардамчысы, көмөктөшү. Дагы натыйжалуу көмөктөшүү, кызматташуу үчүн үчүн эмне жетишпейт?
Махабат Садырбек: Мамлекеттик кызматтар, жергиликтүү система менен журтташтардын ортосунда дагы эле коммуникация аз. Чет өлкөдөгү мекендештер арасында ар кандай тармактарда мыкты адистер арбын. Алар менен биргеликте түрдүү социалдык долбоорлорду уюштуруп жүрөбүз. Элчиликтегилер диаспора өкүлдөрү менен тыгыз иштеш керек. Анткени Европанын өнүккөн мамлекеттеринде деле мекендештер ар кандай социалдык, юридикалык, психикалык көйгөйлөргө дуушар болушат. Ал эми чет жактагы активисттер, диаспора өкүлдөрү эгер салым кошкусу келсе, ар кандай форумдардын же башка бир кызматташунун форматтарынын негизинде көбүрөөк бири-бири менен байланышса дейм. Биз колубуздан келишинче коомдун аң- сезимин түптөгөнгө, эркин ойлонгонго, билим алганга, ар ким өз жашоосуна тың болгонго колдообузду көрсөтө беришибиз шарт. Эгемендүүлүк - бул турган нерсе эмес, аны сактап калыш үчүн дайыма иштеш зарыл.
Азамат Исмаилов: Мамлекет тыштагы журтташтар менен эң тыгыз байланышта болуш керек. Мына, азыр курултай өткөрөбүз деп жатышат, андан көрө чет жакта анча-мынча ийгиликке жеткен, өлкөгө салым кошууга даяр мигранттарды чогултуп, алар менен бирге кызматташып, башкаларга үлгү катары көрсөтсө жакшы болот беле? Ийгиликке жеткен журтташтарды көргөндө артта өсүп келе жаткан муундарда мотивация пайда болуп, эгемендикти бекемдөөгө болгон салым көбөйөт деген ойдомун. Буга чейин деле ар кандай «Мекендештер» сыяктуу форумдар өттү. Бирок аларда журтташтардын, мигранттардын көйгөлөрү гана айтылып, ошол бойдон калды. Максат башка болуп калды.
Мирбек Айтикеев: Швециянын калкы тогуз миллиондой болсо, анын эки миллиондон ашуунун келгиндер түзөт. Көбү жакынкы чыгыштан келгендер. Түркиялыктар, Африканын ар кайсы мамлекеттеринен жана Иран, Ирак, Сирия, Түркия аймагынан келген күрддөр көп. Алардын айрымдары менен, Шинжаңдан келген уйгурлар менен сүйлөшүп калсаң, "мамлекетибиз болсо" деген кыял менен жашап жатканын көрөсүң. Алар бул жакта иштесе да качандыр бир убакта эркин мамлекетин куроо боюнча идеологиялык иш алып барып жатканын билесиң. Албетте , аларды көрүп көз карандысыз мамлекет экенибизге сыймыктанам. Бирок экономикалык жактан, геосаясий жактан бир чоң өлкөнүн жетегинен чыга албай жүргөнүбүз өкүнүчтүү. Ага бир эле мамлекет башчыларыбыз же экономикалык жагдай себеп эмес. Элибиздин аң-сезиминин ушунча жылдан бери башка өлкөнүн пропагандасына сугарылганы да түрткү болду го деп ойлойм.
Анткени Кыргызстанда болобу, Европада же башка жакта болобу, кыргыз үй-бүлөлөрүндө балдар орус тилинде сүйлөп, чоңоюп жатышат. Швецияда бир мектепте бир улуттан бир нече бала окуса, ошолорго өз эне тилин үйрөтүү үчүн атайын мугалим жалдашат. Ошондо биздин кыргыздар эне тили катары орус тилин көрсөтүп койгону кейитет. Кээде балким бизге жакыныраак түрк тилин тандашса жакшы болмокпу деп ойлоп коем. Биз эгемендүүлүктүн, эркиндиктин пайдубалын бекем кураш үчүн жаш муундарга өзгөчө көңүл буруп, салт-санаабызды, тилибизди сиңиришибиз керек. Учурдан пайдаланып айта кетсем, Швецияда жүздөгөн кыргызстандыктар бар. Айрымдары мыйзамдуу, башкалары мыйзамсыз жүрүшөт. Бирок баары мекенине акча которуп, кандайдыр бир көйгөй жаралганда бир муштум болуп түйүлүп ар дайым жардам көрсөтүп турушат. Болгону бул жакта эч кандай консулдук же өкүлчүлүк жок. Мигранттар документ иштерин бүтүрүүдөн аябай кыйналышат. Ошого биздин бийлик көңүл бурса жакшы болот эле. Кагаз иштерин бүтүрүү үчүн Берлинге барууга туура келет. Ал деген убакытты, акча-каражатты талап кылат. Ал эми мыйзамсыз жүргөндөр албетте, бара да албайт. Шайлоодо да биз добуш бере албай калып калабыз. Ушуну мамлекет жетекчилери эске алышса.