Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:13

"Үчтөгү кызы менен келин кармалды". Түркияда кыргыз жарандарын кыйнаган рейд


Түрк полициясы соңку 18 жыл ичинде мыйзамсыз келген 2,5 миллиондой чет өлкөлүктү депортация кылганын билдирди.

2023-жылы да жүз миңдеген чет өлкөлүк кармалып, депортация борборлоруна жиберилгени утур-утур кабарланып келет.

Виза алуу тартибинин катаалдашканы, атайын рейддердин күчөшү кыргызстандык мигранттарды мыйзамсыз иштөөгө мажбурлоодо.

2023-жылы 28-майда Режеп Тайып Эрдоган президенттикке кайра шайланып, 4-июнда жаңы ички иштер министри Али Йерликая кызматка киришкенден кийин түрк бийлиги мыйзамсыз мигранттарга жана качкындарга каршы күрөштү күчөттү.

Эрдоган мыйзамсыз мигранттар көйгөйүнө утур-утур токтолуп, "чек арада жана өлкө ичинде адам аткезчилигине каршы көрүлгөн чаралар дагы күчөтүлөрүн" айтып келет. Мындан улам миңдеген чет өлкөлүктөр өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз.

"Биз да мыйзамдуу иштегенди каалайбыз"

Кыргызстандык мигранттардын эң жыш жайгашкан Анталия шаарында көп жылдан бери иш жүргүзүп келген "Айымдар коомунун" жетекчиси Периза Асанаалиева мындай рейддердин күчөшүнөн улам депортация болгондор саны ай сайын өсүп жатканын айтууда:

"Акыркы бир ай ичинде эле консулдукка кабарлап, Анталиядан алты кыргыз жаранын Кыргызстанга жибердик. Бирөө Хатай шаарынан келген 29 жаштагы келин. Ал түрк жаранына турмушка чыгып, бирок ур-токмокко кабылыптыр. Колунда үч жаштагы кызы менен документи жок калган. Адрасан деген райондо полициянын рейдинен качып, бир жерде иштеп жаткан жеринен визасы жок кармалган. Жада калса ооруканага бара албай кыйналыптыр. Дал ушундай жагдайларда Анталиядагы Башкы консулдуктун жардамы менен жарандарыбызга колдон келишинче жардам берип жаттык. Албетте, биз деле мыйзамдуу иштегенди каалайбыз. Бирок баарын өз убагында, кынтыксыз кылганда деле виза берилбей жатат. Бул жакта жаш балдарын окутуп жаткан кыз-келиндер бар. Өздөрүнө виза берилсе, балдарына берилбей калган көп учурлар катталууда. Ушундай башаламандык жүрүп жатат азыр".

Түркиянын статистика институтунун расмий маалыматында көрсөтүлгөндөй, бир жыл ичинде баалар 55% кымбаттады. Бирок түркиялыктар чыныгы абал мындан да начар экенин айтууда. Азык-түлүк баасы менен катар эле турак жай, батир ижарасы дагы кескин кымбаттады.

Инфляцияны изилдеген көз карандысыз борбор (ENAG) өлкөдө экономикалык абал ич жылытпай турганын, Түркияда жылдык инфляция 129% ашып кеткенин жарыялады.

Периза Асанаалиева.
Периза Асанаалиева.

Орто чарба кишинин чөнтөгүнө баа чак келбей калганын Периза Асанаалиева да жашырбайт. Ал ошондой эле жергиликтүү валютанын кунсузданышы башка өлкөгө чыгып кеткен мигранттардын санын көбөйткөнүн айтууда.

"Учурда Түркияда иштеп жүргөн кыргызстандыктардын абалы оор десем жаңылышпайм. Анткени экономикалык таңкыстык, лиранын кунунун түшкөнүнө байланыштуу айлыктын көлөмү азайып кеткен. Орто эсеп менен 500 доллар маяна алып иштешет. Түркияда иштеген кыргызстандыктардын көпчүлүгү аялдар. 25-30 миң кыргызстандык бар десек, анын 80% кыз-келиндер. Көбүнчө үй кызматтарында, карыларды, балдарды карап иштейт. Aлардын баарында эле эмгек визасы боло бербейт. Аны алуу да өтө кыйынчылык туудуруп жатат.

Иш берген киши да эмгек визасынын төлөмдөрүнөн качып, мыйзамсыз иштеткенге өтөт. Бирок бул, албетте, биздин кыз-келиндер үчүн өтө жаман нерсе. Айлыгын ала албай калса, эч жерге даттана албайт, ооруп калса дарылана албайт, укугу тебеленет. Ошол эмгек визанын төлөмдөрү кымбат болгондуктан буга чейин туристтик виза менен эле иштеп жүрүшчү.

2022-жылдын апрель айынан бери мыйзамсыз миграцияга каршы рейддер күчөдү. Ачык эле чет өлкөлүктөрдү тазалап жатышат. Жайында үч айда эле 25 миңдей чет өлкөлүк депортацияланды. Анын арасында кыргызстандыктар да бар", - дейт "Айымдар коомунун" жетекчиси Периза Асанаалиева.

5-декабрда министр Йерликая жыл жыйынтыгын чыгарып, журналисттерге атайын рейддер тууралуу маалымат берди. Ал соңку алты айда өлкө боюнча төрт миңдей атайын рейд өткөнүн, анда 190 миңдей чет өлкөлүк Түркиядан чыгарылганын билдирди.

Ал эми өлкөнүн Миграция башкармалыгынын соңку статистикасына ылайык, мыйзамсыз жүрүп кармалган чет өлкөлүктөрдүн саны жыл сайын өсүүдө. Мекеме 2005-жылы 57 миң 428 мыйзамсыз мигрант кармалса, бул көрсөткүч 2023-жылы 232 746га жеткенин кабарлады.

Акыркы 18 жылда дээрлик 2,5 миллион мыйзамсыз мигрант кармалып депортацияланган.

Түркиянын Миграция департементинин маалыматында, өлкөдө мигранттар кармалган 30 депортация борбору бар. Быйыл апрелде "Адам укуктары боюнча Түркмөн Хельсинки Фонду" уюму ушул тапта Анкарага жакын "Чанкыры" депортация борборунда жүздөй, Ван шаарында 139, Эрзурумда 200дөй түркмөнстандык кармалып турганын жарыялаган.

"Азаттык" буга чейин Түркиянын ири шаарларында мыйзмасыз иштеп жүрүп кармалган жана депортацияланган кыргызстандык мигранттар менен баарлашкан. Алар аталган депортация борборлорунда түркмөнстандык, ооганстандык качкындар айлап кармалып турганын айткан.

Mейманканаларга келишим менен барат

Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин статистикасына караганда, 2023-жылы 10 айда 45 миллион чет өлкөлүк турист Анталия аймагындагы мейманканаларда эс алган. Жыл сайын бул аймактагы мейманканаларга жүздөгөн мигранттар келип иштейт. Алар Кыргызстандан, Украинадан, Өзбекстандан жана Ооганстандан келет.

Айкөл Нурланбек уулу.
Айкөл Нурланбек уулу.

Кыргызстандан Түркиянын мейманканаларында атайын келишим менен барган мигранттардын дээрлик көпчүлүгү эмгек визасы менен иштейт.

Бишкектеги "Флай Глобус" компаниясынын жетекчиси Айкөл Нурланбек уулу буга чейин мейманканалар маянаны түрк лирасы менен берип келгенин, бирок 2024-жылга келишимдер доллар менен түзүлүшү керектигин белгиледи:

"Былтыркы жылдын эсебинен биздин жүздөгөн жаран Түркиядагы мейманканаларда жумушка орношту. Негизги көйгөй инфляциядан улам болду. Себеби доллар көтөрүлүп, түрк лирасынын куну түшүп кеткенине байланыштуу бир аз нааразылык чыкты. Ушул жагдайды эске алып, быйыл Анталиядагы беш жылдыздуу мейманканалар менен айлык акыны доллар менен эсептешүүнү сүйлөшүп жатабыз. Быйыл да жүздөгөн кыргызстандыктарды ишке жөнөтөбүз деген ниеттебиз. Оболу жашоо коопсуздугу жана жакшы айлык акысы биз үчүн маанилүү".

Анталиядагы мейманкана.
Анталиядагы мейманкана.

Айкөл Нурланбек уулу Кыргызстандан Түркияга эмгек визасын ачтыргандан кийин гана коопсуз миграцияга кетүүнү сунуштады:

"Кыргызстандыктар Түркияда 90 күн визасыз жүрө алат. Мындан улам биздин жарандар үч айдан кийин мыйзамсыз иштеп жүрүп, анан рейддерде кармалып, депортация болуп жатышат. Андыктан алдын ала жумуш таап, эмгек визасын Бишкектен ачтырып, андан кийин кетүүнү сунуштайт элем. Ал эми мейманканага жумушка аларда биздин Түркиядагы өнөктөштөр өздөрү алдын ала Бишкекке келип, жарандар менен көрүшүп, анан чакыруу жөнөтүшөт. Ошол чакыруунун негизинде биз эмгек визасын жасатып, анан мыйзамдуу жумушка орноштурабыз. Виза бир жылга берилет, ошону менен алар иштешет".

Расмий маалыматка ылайык, Түркияда учурда 25 миңдей кыргызстандык жашап, окуп жүрөт. Алардын алты миңден ашыгы гана эмгек визасы менен иштейт.

"Түркияда насыя алууга мүмкүнчүлүк бар"

Күмүшай Эрмекова 10 жылдан бери баш калаа Анкарада иштейт. Алгач кары кишилерди карап иштесе, акыркы беш жылдан бери түрк үй-бүлөнүн баласын багат. Күмүшай Түркияга баргандан бери эмгек визасы менен иштеген. Ал мыйзамдуу иштеген чет өлкөлүктөрдүн мүмкүнчүлүктөрү көп экенин айтууда:

"Мен үй кызматтарында иштейм. Бул үй-бүлөгө иштегени келгенимде кызы төрт жашта болчу, азыр 11ге чыгып калды. Беш жылдан бери бир орунда иштейм. Буга чейин башка жерде кары кишилерди карагам. Бир эле баланы карап отурбайбыз, албетте, үйдө эмне жумуш болсо кыла берем. Тамак жасайм, үй жыйнайм дегендей. Түркиядагы камсыздандыруунун акчасын да иш берүүчү төлөйт. Айлыктарыбыз жакшы. Эмгек визасы менен Түркияда банктан эсеп ачып, насыя алууга мүмкүнчүлүк бар. Меники 10 жылдан бери төлөмдөр Түркиянын социалдык фондуна төлөнгөндүктөн, беш жылдан кийин пенсияга чыга алам. Эгер каалабасам, анда ошончо жылда чогулган акчаны келишимдин негизинде накталай чыгарып кете алам".

Режеп Тайып Эрдоган жана Сооронбай Жээнбеков.
Режеп Тайып Эрдоган жана Сооронбай Жээнбеков.

Эки өлкө ортосундагы социалдык камсыздандыруу боюнча келишимге 2018-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун Анкарадагы расмий сапарында кол коюлган. Түркия менен кол коюлган социалдык камсыздандыруу боюнча келишимге ылайык, эки өлкөдө эмгек визасы менен иштеп, камсыздандыруу акысын төлөгөн жарандар эки жактан тең пенсия алат.

Бул документке 2020-жылы Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кол коюп, мыйзам күчүнө кирген.

Түркияда пенсия ала баштаган кыргызстандык мигранттар бар экенин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин онлайн жыйынында 2021-жылы Кыргызстандын Түркиядагы ошол кездеги элчиси Кубанычбек Өмүралиев билдирген.

Элчинин айтымында, "Түркия жана Кыргызстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы социалдык коопсуздук келишимине" ылайык, эки өлкөдө 15 жылдан ашуун эмгек визасы менен иштеп, камсыздандыруу акысын төлөгөн жарандар быйыл эки жактан тең март айынан баштап пенсия ала баштаган.

Түркиядан "бир тууган" күттүм

Уруят Ташматова да Анкара шаарында он жети жыл иштеп, быйыл Кыргызстанга кайткан. Ал иш берген үй-бүлө менен жакшы ымалада болгонун, Түркияда да "бир тууган" күткөнүн айтууда:

"Мен баккан эне менен 17 жыл бир үйдө жашадык. Анын балдары да мага бир туугандай болуп калды. Ал "энем" кайтыш болгондон кийин менин да келишимим бүтөрүнө аз калган, ошентип, мекениме кайттым. Эки өлкө ортосундагы келишимге ылайык Түркияда да пенсияга чыкканга укугум бар эле, бирок төрт жыл эмгек тажрыйбам толбогондуктан, ошончо жылдын ичинде камсыздандырууга төлөнгөн сумманы гана чыгарып кете алдым. Ал сумма 8 миң доллар экен. Ошону алып Кыргызстанга кайттым. Ушунча жыл миграцияда жүрүп Түркиядагы кыз-келиндерге да мыйзамдуу иштөөнүн жолдорун түшүндүрүүгө аракет кылып келдим. Анткени ар бир мигрант иштеген өлкөдө өз укуктарын тепселетпей, коргой билиши керек".

Уруят Ташматова.
Уруят Ташматова.

Уруят Ташматова буга чейин Түркияда иштеп жаткан кыргызстандыктардын эмгек визасын алуу боюнча иш-чараларга активдүү катышып келген. Өзгөчө мигрант кыз-келиндердин көйгөйлөрүн көтөргөн активист Уруят виза жараянында мигрант гана эмес, иш берүүчү тарап да жооптуу болушу керектигин айтууда:

"Түркияда жумуш берген тараптын да күнөөсү бар деп айта алам. Мигранттардын талаптарын аткарбай алдап, төлөмдөрүн убагында төлөбөй койгон учурлар болгон. Түрк тилин билбеген кыргызстандыктарга "сенин камсыздандыруу акыңды төлөп атам" деп туруп, туристтик визага каттатып койгондор да бар. 16 саат биздин кыз-келиндер тикесинен тик туруп иштейт. Ошонун акысын да толук ала албайт. Эс алууга чыкпай иштеп жаткандар көп. Муну көзөмөлдөгөн эч ким жок. Өздөрү арыздануудан коркот. Айрымдары ар кандай шылтоолор менен коркутуп, эс алууга да жибербей иштетишет. Андыктан чет өлкөдө иштеген ар бир мекендешиме айтарым, социалдык жактан камсыздандырууну тыкыр текшерип, укуктарын коргошсун".

Түркия учурда оор экономикалык кризисти баштан кечирип жатат. Өлкө түштүгүндөгү миңдеген адамдардын өмүрүн алган зилзаланын кесепеттери оор болду. 6-февралдагы кырсыкта 11 провинция жапа чеккен. Акыркы маалыматтар боюнча, 50 миңден ашык адам каза таап, 15,7 миллион киши жабыркады. Алардын айрымдары кырсык болгон аймактан чыгып кетүүгө аргасыз болуп, туугандарынын үйлөрүндө баш калкалап жатат.

17-мартта Казына жана каржы министрлиги 6-февралда катталган жер титирөөнүн материалдык чыгымы 2 триллион лира (103,6 миллиард доллар) экенин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG