УКМКнын абагынан оор абалда ооруканага түшкөн саясат талдоочу, тарых илимдеринин доктору, профессор Марат Казакпаев эсине келбей жатып, 56 жаш курагында көз жумду.
Өкүмдү күтпөгөн өлүм
Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мусаев саясат талдоочу Марат Казакпаев 9-июнда саат 11лерге жакын “Тез жардам” менен эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилгенин айтты. Ага геморрагикалык инсульт деген диагноз коюлуп, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган.
“Дароо консилиум болуп дарыгерлер абалын карап чыкты. Кан басымы төмөн болгондуктан, кечке жуук дофамин дарысы сайылган. Ага да карабай кан басымы дагы деле ылдый болду. Бүгүн да консилиум болуп дарыгерлер ден соолугун караганбыз. Тилекке каршы, болгон аракетибизди көргөнүбүзгө карабай, саат 13:22де каза болду. Диагноз геморрагикалык инсульт, комага түшүп калган. Кечээ кечинде дене табы 38 градуска чейин көтөрүлүп, антибиотик да сайганбыз”, - деди дарыгер “Азаттыкка” берген комментарийинде.
Маркумдун кесиптеши, саясат талдоочу Бакыт Бакетаев Марат Казакпаев 9-июнда эртең менен тергөө абагынан №1-шаардык ооруканага оор абалда түшкөнүн билдирди.
“Мен барганда ИВЛ аппаратка туташтырылып, ошону менен дем алып жаткан экен. Абалы аябай эле оор болчу. 3-деңгээлдеги комада экен. Ага чейин эле бир көзү көрбөй калыптыр. Врачтар анын кан басымынын секириши нерв стрессинин кесепетинен келип чыккан болушу мүмкүн дешти. Анын аялы сотко ооруканага жаткыруу үчүн үй камагына чыгарып берүү өтүнүчү менен кайрылган экен. Анан кечээ эртең менен саат сегизде качан гана ал оор абалга түшкөндө ооруканага алып келишиптир”.
Маркум оор абалда ооруканага түшкөн учурда барып кабар алган акыйкатчынын орун басары Альберт Колопов анын дарылануусуна мүмкүнчүлүк берүүдө маселе болгонун айтты.
“Биз анын жасалма дем алдыруучу аппаратта жаткан абалын көрдүк. Бул жерде камакта ооруп жаткан кишиге медициналык жардам канчалык деңгээлде жетиштүү болуп, ага тиешелүү көңүл бөлүнгөн деген маселе бар. Бул кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнүнө үч ай болуптур. Сот жараяны жабык өтүп, анын жүрүшүндө Казакпаевдин саламаттыгынын абалына байланыштуу анын адвокаты Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков ага Казакпаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча берилген бир нече өтүнүчтөн баш тарткан экен. Мында эмнеге сот анын медициналык көрсөтмөсү далилдүү көрүнүп турса дагы, ага дарыланууга мүмкүнчүлүк берген эмес деген дагы бир маселе бар”.
"Маратка кысым болгондой..."
Акыйкатчынын кеңсеси 9-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган Казакпаев быйыл 27-апрелден 19-майга чейин Улуттук госпиталда дарыланып, кайра абакка жеткирилгенин маалымдаган. Омбудсмен институту саясат талдоочуга медициналык жардам канчалык жеткиликтүү болгонун жана анын бөгөт чарасы эмне үчүн өз убагында өзгөртүлбөгөнү териштирилип жатканын билдирген.
Эске салсак, маркум былтыр июнь айында Акыйкатчы институтуна кан басымы жогорулап, бөйрөгү ооруп жатканын, камакка алынгандан бери тергөө иштери жүрбөгөнүн айтып арызданган.
Казакпаевдин жубайы Анар Казакпаева күйөөсүнүн каза болгону боюнча "Политклиника" басылмасына комментарий берди. Анын айтымында, 31-майдагы соттук отурумда Казакпаевдин ден соолугу начарлап, бир көзү такыр көрбөй калганы үчүн бөгөт чарасын кароону көтөрүшкөн.
Улуттук кардиология жана терапия борборунун консилиумунун анын абалы оор деп чыгарган чечими да болгон. Казакпаева ошого карабай күйөөсүн камакта кармоо "кыйноо" катары кабыл алынышы керектигин белгиледи.
"Ал жашашы керек эле. Эки жаштагы баласы бар, аны ким багат? Марат бүгүн каза болду. Эми буга ким жооп берет? Биринчи кезекте медициналык чечимди кармап отурганы үчүн УКМК жооптуу. Ал кагазды Башкы прокуратурага бериши керек болчу. Иш жабык каралганы үчүн соттук отурумдарга мен катыша алган жокмун. Коридордо судьяны көрүп, "Маратты жоготуп алыштан коркуп жатам, ал кыйналып жатат" дедим. Мага ишенбесе өздөрү текшерип көрүшү керек эле".
Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай ал буга чейин камакта отурганда көзүнөн операция болгонун, ошондуктан ага абакта психологиялык жана физикалык кысым болушу мүмкүн дейт.
“Буга жеткизбей эле, ооруп жатканын көргөн соң ооруканага чыгарып коюшса болмок. Анын буга чейин эле көзүнөн жабыркаганы белгилүү болуп калып жатпайбы. Ал нерсе өзүнөн-өзү болбойт да. Демек, бир нерсе болгон. Ошондуктан ага абакта күч колдонуу болгонбу деген күмөн саноолор болуп жатат. Мындан башка эмне үчүн аны менен кошо купуя мамлекеттик сырларды бирөөгө берип жаткан деп айыпталып, Ак үйдөн кармалган дагы бир кишини коё берип жиберишти? Негизи башка иштер боюнча деле чоң байланыштары же акчасы бар адамдар бошотулуп жатпайбы. Ал эми Марат өмүр бою тарыхчы-мугалим, серепчи болуп жүргөн. Анын эч кандай байлыгы жок болчу. Ошондуктан ал оор абалга түшкөнгө чейин камакта жатты. Ошол эле кезде жанагы Ак үйдө иштеген киши кантип чыгып кетти? Ушундай бир суроолор бар”.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы тергөө абагында Марат Казакпаевге эч кандай кысым болбогонун жана ага жетиштүү деңгээлде медициналык жардам көрсөтүлүп турганы боюнча учкай маалымат таратты. Анда ал өнөкөт оорусуна байланыштуу дайыма врачтардын кароосунда болуп, 27-апрелден 19-майга чейин Улуттук госпиталда толук дарыланып чыкканы мисалга алынды. Ага кардиолог кан басым оорусу боюнча диагноз коюп, кийин Казакпаев тергөө изоляторунда дарылануусун улантып келгени көрсөтүлдү.
"Бийликтин бетине чиркөө иш болду"
Саясат талдоочунун абактагы өлүмү кыргыз коомчулугунда талкууланып, абактагы адам укуктарынын абалын эске салгандай болду.
Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова Казакпаевдин сот өкүмүн күтүп, абакта ооруп, оор абалда комага түшүп каза тапканы бийликтин бетине көө жабат деген пикирде:
“Марат Казакпаевдин абакта жатып, качан гана комага түшкөндө ооруканага жеткирилип, каза тапканы азыркы бийлик башкарган Кыргызстандын кара тизмедеги мамлекет экенин дүйнөгө дагы бир жолу ырастай турган окуя болду. Анткени укуктук тил менен айтканда, бул деген мамлекеттин абагында кармалып турган адамды өлтүрүүгө чейин жеткирген факты болуп калды. Себеби ал былтыр кармалып, ошондон бери анын кылмыш иши бир жылдан ашуун тергелди. Марат бизге дагы кайрылган. Ал ишин ачык сотто кароого өбөлгө түзүүнү суранган. Марат Казакпаев “жөн эле камакта жата берген - өлүмгө барабар экен” деп бизге жазганын билем. Бул Казакпаевдин эле жалгыз тагдыры эмес. Бул системанын кемчилиги. Мамлекет аны кармап, камакка алып, анан өлө турган абалга жеткирип койгон системанын өксүгү. Бул - мамлекет өзү жасап жаткан кыйноо. Марат ооруп калса, аны дарылатып, анан деле ишин кылдат карап, акыйкат чечим чыгарса болот беле? Бул кечиримсиз иш”.
Маркум Марат Казакпаев Кыргызстандын атайын кызматынын тергөө абагында каза тапкан коомчулукка белгилүү болгон алгачкы окуя катары айтылууда.
Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков бийликти Кыргызстандын абактарында отурган бардык адамдардын медициналык жардам алуудагы укугунун сакталышын камсыз кылууга чакырды.
Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына видеокайрылуу жасап, түрмөлөрдө дарыгерлердин жардамын алуу өтө татаал, бюрократиялык тоскоолдук көп экенин айтты.
“Мараттын (ред: Марат Казакпаев) окуясы боюнча коомдук мамлекеттик комиссия түзүшүбүз керек. Ал комиссия буга ким күнөөлүү, эмне үчүн жардам көрсөтүлгөн эмес, ооруп жатса да эмнеге түрмөдө кармалып турду ушуну текшерип, жыйынтык чыгарыш керек. Ага күнөөлүү адамдарды жазага тартууга аракет кылышыбыз зарыл. Ошондо гана мындай окуяларга бөгөт коёбуз”, - деди Жээнбеков.
Бириккен демократиялык кыймыл буга байланыштуу мындай билдирүү таратты.
"Марат Казакпаевге козголгон иш ойдон чыгарылгандыгынан күмөн санабайбыз. Белгилүү саясат таануучунун изилдөө ишмердүүлүгү атайылап жана жалган чет мамлекеттин пайдасына маалымат чогултуу катары квалификацияланган. Анын үстүнө УКМКнын тергөөнү атайылап создуктуруп, Казакпаевди мыйзамда белгиленген мөөнөттөн ашык камакта кармоосу да анын өлүмүнө себеп болду".
Оппозиция мындан тышкары президент Садыр Жапаровду саясат талдоочунун өлүмүнө байланыштуу УКМК жетекчисине жана Башкы прокуратурага чара көрүүгө чакырган.
"УКМКнын жана Башкы прокуратуранын жетекчилигин жоопкерчилиги каралсын, УКМКнын төрагасы К.Ташиевди кызматынан алуу чарасын көрсүн; Кылмыш ишин козгоо фактыларын, тергөө бюрократиясын жана М.Казакпаевге өз убагында медициналык жардам көрсөтпөө фактыларын кылдат жана объективдүү иликтесин", - деп жазылган кыймыл тараткан маалыматта.
УКМК саясат талдоочу Марат Казакпаевге "мамлекетке чыккынчылык" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, бир жылдан бери тергеп жаткан. Анын менен кошо кармалган адам Кыргызстандагы казак диаспорасынын мурдагы башчысы Марат Токтоучиков экенин кийин маалымат агенттиктери жазып чыгышкан.
Бирок парламенттин мурдагы депутаты, Кыргызстандагы казактар бирлигин жетектеген Гүлшат Асылбаева анын диаспорага тиешеси жок экенин билдирген.
Асылбаева Кыргызстандагы казактар ассоциациясын 2018-жылдан бери башкарып келе жатканын, учурда Токтоучиков ага жетекчи да, мүчө да эмес экенин айткан.
Саясат таануучу катары белгилүү эле
56 жаштагы илимдин доктору, профессор Марат Казакпаев Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин аяктаган. Ал эмгек жолун ушул эле окуу жайдын философия жана дин таануу кафедрасында баштаган. Кийин саясат таануу кафедрасына которулган. Казакпаев соңку жылдары Кыргыз-Орус Славян университетинде ушул эле багытта сабак берип келген. Ал эксперт катары өлкөдөгү орчундуу коомдук-саясий окуяларды талдап, аларга комментарий берип турчу.
Мунун алдында Казакпаев www.aryba.kg сайтына “Абал курчуп баратат, чек араны Ташиев чече албайт” деген аталышта маек курган. Айрым талдоочулар анын камалышын дал ушул маекке байланыштырган.
Талдоочу жергиликтүү Саясий-укуктук изилдөөлөр борборунда (ЦППИ), бир нече өлкөлөрдүн эксперттеринин башын бириктирген “Пикир” клубунда жана башка уюм-мекемелердин платформаларында да өз ойлору менен бөлүшүп келген. Ар кандай саясий изилдөөлөргө да катышып жүргөн жайы бар.
Камалганга чейин орусиялык "Гуров и партнеры. Центральная Азия" аттуу сайты менен жергиликтүү долбоордун жетекчиси катары кызматташып жүргөнү айтылган. 24.kg жана Kaktus.media басылмалары интернеттеги архивдерге таянып, gurovpr.ru сайтында Казакпаев тууралуу кенен маалымат болгонун жана ал кармалгандан кийин макала өчүп калганын жазып чыгышкан.
Кыргызстанда буга чейин дагы "Мамлекетке чыккынчылык кылуу" беренеси менен кармалып, соттолгондор болгон. Алардын бири - өкмөттүк аппаратта иштеген Алтынбек Муралиев 2014-жылы кармалып, 22 жылга соттолгон жана 2019-жылы жатак абакка чыгарылган.