Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:02

ЖЫПАР АРЫКОВА АЙЫПТУУ, БИРОК ЧЫККЫНЧЫ ЭМЕС


Чет өлкөгө тыңчылык кылды деп өткөн жылы кармалган Жогорку Кеңештин кызматкери Жыпар Арыковага --> http://www.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2007/07/A69123F3-479E-4EF2-A23D-D70CA4609C98.asp байланыштуу сот өткөн жумада болуп, анда ал жарым-жартылай акталган. Ал эми анын өнөктөшү деп эсептелген кытай жараны Исмаил Үсөк 12 жылга кесилди. Исмаил Үсөктүн адвокаты Айжан Касымалиеванын пикиринде, Исмаил Үсөккө карата сот өкүмү өтө эле катаал болуп калды. Ошондуктан ал апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылууга даярдык көрүүдө. Ал эми Жыпара Арыкованын адвокаты Нина Зотова апелляциялык арыз менен кайрылууну чече элек.

Өткөн жылы июнь айында кармалган Жыпара Арыковага Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренеси караштырган "Мамлекетке карата чыккынчылык" кылды деген айып коюлган. Улуттук коопсуздук кызматынын маалымдамасында, Арыкова чет өлкөлүк жаранга жашыруун маалыматтарды берип жаткан жерде кармалды деп билдирилген. Өткөн жумада болгон Биринчи май райондук соту бул берене боюнча Арыкованы актап, бирок кодекстин 302-беренеси караштырган тыңчылык боюнча айыптуу деп таап, үч жылга кести. Адвокат Нина Зотованын айтымында, Арыковадан мамлекетке чыккынчылык кылды деген айыпты алдыруу оңойго турган жок:

-Арыкованы мамлекетке чыккынчылык кылды деген эң коркунучтуу берене боюнча актоого жетишүү өтө оор болду. Ал үчүн көптөгөн маалыматтарды, макаларды издеп табууга туура келди. Натыйжада Арыкова берген маалымат мамлекеттик сыр эмес экендигин, ал басма сөз жана башка маалымат каражаттарында жарыяланган ачык маалыматтар экенин далилдедик. Сот биздин жүйөөнү угуп, мамлекетке чыккынычылык кылды деген берене боюнча Арыкованы актады.

Зотованын айтымында, ал азыр шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылуу маселесин ойлонуштуруп жатат. Жыпара Арыкова болсо азыркы кезде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу абагында кармалып турат. «Мен ага бүгүн дүйшөмбү күн жолугуп келдим, анын ден-соолугу начар жана дарыланууга муктаж»,- деп кошумчалады Зотова.

Жыпара Арыкова менен кошо кармалган Кытай жараны Исмаил Үсөк болсо тыңчылык кылган деген айып менен Биринчи май райондук соту тарабынан 12 жылга кесилди. Анын адвокаты Айжан Касымалиеванын айтымында, ал бул өкүмдү өзгөртүү максатында Бишкек шаардык сотуна кайрылмакчы:

-Кайрылабыз. Бирок азыр өкүмдү ала элекпиз. УПК боюнча сот өкүмдү үч-төрт күн жазганга акысы бар. Биз ошол өкүмдү алгандан кийин Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылабыз.

Кытай жараны, бирок улуту кыргыз болгон Исмаил Үсөк 45 жаштарда. Анын кызыкчылыктарын коргоого Кытай тарап бир да кадам жасап койгон эмес:

-Эч ким жардам берген жок. Биз Кытайдын элчилигине кайрылганбыз. Алар баарын жакшы билет. Бирок бирөө да көңүл буруп койгон жок. Болгону аялы эле телефон чалып, аны менен сүйлөшүп турабыз. Бирок ал ыйлагандан башка эмне кылмак эле.

Жыпара Арыкова УКМК кармаганга чейин Жогорку Кеңештин басма сөз кызматында иштеп келген. Ал эми Исмаил Үсөк Кыргызстанга 1993-жылдан бери келип жүргөн. Жогорку билимдүү Исмаил Үсөк Кыргызстанда ишкерлик, котормочулук менен алектенген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул айыпталган эки атуулга карата чыгарылган соттун өкүмдөрүнө өзүнүн пикирин билдире элек. Адвокат Зотованын пикиринде, УКМКнын атынан айыптоочу катары чыгып жаткан Биринчи май райондук прокуратурасы өкүмдөргө нааразы болуп, апелляциялык арыз менен кайрылышы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG