Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:13

"Тууну коргоо кылмышпы?". Кар алдындагы акция, камалган активист


"Желекти жерибегиле". Бишкекте тууну коргогон митинг өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:21 0:00

"Желекти жерибегиле". Бишкекте тууну коргогон митинг өттү

Бишкектин Горкий гүлбагында 9-декабрда мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы нааразылык акциясы өттү. Чогулгандар бийликке кайрылып, желекти өзгөртпөөгө, элдин пикирин угууга чакырышты. Акцияда тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист Афтандил Жоробековду бошотуу талабы дагы айтылды.

"Азыркы туу сакталсын"

Үйүндө дайыма илинип турган мамлекеттик тууну көтөрө келген Бишкек шаарынын тургуну Афтандил Эшмамбет мындай деди:

“Отуз жылдан бери сиңген, жакшы көргөн, биз желбиреткен желекти өзгөртөбүз деген демилгеге каршы болуп келдим. Желбиреген күн, кырк урууну бириктирген кыргыздын чамгарагындагы туубузду билебиз. Ушул символикабызды күнкарамага окшоштуруунун өзү чыккынчылык”.

Колуна желек кармап, митингге келген элүүдөй адам мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы экенин билдирип жатышты. Акцияга жарандык активисттер, укук коргоочулар, эркин журналисттер дагы келди. Алар парламентке кайрылып, тууну өзгөртүү демилгесинен баш тартууга чакырышты.

Журналист Канышай Мамыркулова жалпы бийликти сынга алды.

Канышай Мамыркулова.
Канышай Мамыркулова.

“Кайда болсо ушул желек желбиреп келген. Айсулуу, Жоламан, Акжол (спортчулар-ред.) көтөргөн желек. Тарыхый мааниси бар. Болгон жерде жаркырап турган тууну алмаштырабыз деген бул саясий келесоолук. Муну ушундай деп эле айтыш керек”.

Бишкек шаарынын дагы бир тургуну Назира Мукамбектова бийликтин тууну өзгөртүү демилгесине түшүнбөй жатканын айтты:

“Бизге бирөөлөр кол салдыбы же биз желекти өзгөрткөндөй мамлекетибизди жоготуп жатабызбы? Бул биздин желек, муну менен төрөлүп, чоңойдук. Биздин балдар бул желекти таанып, ырдап жатышат. Бирөөнүн оюна бир нерсе келе калса эле желекти өзгөртүп салышына каршымын”.

Тууну коргогон активист эки айга камалды

Чогулгандар туунун өзгөртүүгө каршы чыкканы үчүн камалган активист Афтандил Жоробековду бошотууну талап кылышты. Тууну коргогон митингге "Дордой" базарында курут сатып иштеген Мирлан Асанов аттуу Бишкектин тургуну да келген. Ал чогулгандарга өз акчасына алып келген желекти таратты.

Мирлан Асанов.
Мирлан Асанов.

“Европа мени каржылаган жок. Дагы бир жолу айтам, болгону “Дордойдо” курут сатып иштейм. Афтандилдин камалганын угуп келдим. Өзүбүздүн желекти коргогон кылмыш болсо, бизди дагы камасын. Желекти коргогон кылмышпы? Эмне деп айтышты деле билбейсиң”, - деди Мирлан.

Акцияга келген мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматова ар бир жаран өз пикирин айтып чогулууга Баш мыйзам кепилдик берерин белгилеп, активисттерге карата куугунтукту токтотууга чакырды.

“Мамлекет милдеттенме алган бардык эл аралык келишимдерде так жазылып турат. Сөз эркиндиги жана тынч жыйындарга чогулуу эркиндиги ар бир адамга берилген, кепилденген укук деп. Мына азыр митингге келдик, эч кандай мыйзамсыз иш болгон жок. Афтандилди ушул чогулушка чакырганы үчүн “массалык башаламандык” беренесин коюп, эки айга камашты. Адам укугуна жана Баш мыйзамга каршы келген аракеттерди укук коргоо органдары жасап жатат”, - деди Абдрахматова.

Митингге чыккандар талаптарын атагандан кийин, Кыргызстандын Гимнин ырдап тарап кетишти.

Милициянын айыптоосу

7-декабрда мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробековду милиция суракка чакыргандан кийин камаган. Анын бөгөт чарасын Свердлов райондук соту 8-декабрда кечинде карап, эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камоо чечимин чыгарды. Судья Жоробековдун кармалышын да мыйзамдуу болгон деп тапты.

Ички иштер министрлиги мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробековдун кармалышы боюнча маалымат берип, ал "массалык башаламандыктарга алып келүүчү чакырыктарды жасоого шек саналып" жатканын билдирди.

"Шектүүгө таандык техникалык каражаттардын орточо баасы 3 млн сомдон ашык сумманы түздү. Ыкчам маалыматка ылайык, шектүү А.Ж. көптөгөн техникалык каражаттарды "Temirov Life" жана башка чет өлкөдөн каржыланган блогерлер менен биргеликте колдонуп, коомдун оюн терс жакка бурмалоо жана республикадагы кырдаалды туруксуздаштыруу максатында уюштурган", - деп жазылган маалыматта.

Активист Афтандил Жоробеков 9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта тууну өзгөртүүгө каршы митингдин демилгечиси болгон. Ал бөгөт чарасы каралып жаткан сот отурумунда эч кандай күнөөсү жок экенин билдирди.

“Баары жомок. Тууну коргоо кылмышпы? Кылмыш эмес. Мен мындан кайтпайм. Кыскача айтканда, бийликти басып алуу деген айып коюп жатышат. Буга чейин райондук милиция, УКМК чакырып, бул жолуңдан кайт, камаласың дешти. Мен кайтпайм дедим. Ага чейин парламент тууну өзгөртүү демилгесинен кайтса, митингге чыкпайм дегем”, - деди Жоробеков.

Эл мыктылары эмне дейт?

29-ноябрда Жогорку Кеңеш спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов автор болгон мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда чукул кабыл алды. Долбоорго 66 депутат “макул”, сегиз эл өкүлү “каршы” добуш берген.

Демилгечилердин бири Улан Примовдун айтымында, мыйзам долбоорун сунуштоого желектеги күндүн нурун "күнкарама" деп атаган түрдүү сөздөр себеп болгон.

"2004-жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Анын үчүнчү беренесинде тууну сүрөттөө бөлүгү келтирилип, анын түсү жана схематикалык чагылдырылышы тиркелген. Бул мыйзам долбоору 2004-жылы кабыл алынгандан кийин ондон ашуун оңдоолор жана түзөтүүлөр киргизилген. Тактап айтканда, техникалык жактан оңдоолор болгон маселен, тууда техникалык маселелер болгон. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын туусунун ортосундагы түндүк менен күндүн нурунун көрүнүшүн кабыл алууда күнкараманын гүлү же болбосо боз үйдүн тышкы бети сыяктуу түрдүү интерпретациядагы дилемма пайда болгондуктан, мындай көп варианттагы маанини жоюп, бир түз маанидеги гана туюнткан сүрөттөлүшкө жетүү үчүн чараларды көрүү убактысы келди деп эсептейбиз", - деген депутат.

Анткен менен Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев мамлекеттик тууну алмаштыруу жөнүндө мыйзам долбооруна экинчи окууда каршы добуш берерин айтты. Бул тууралуу ал 8-декабрда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Жети-Өгүз, Тоң, Ысык-Көл райондорунда жана Каракол, Балыкчы шаарларында эл менен жолугуп, желекти өзгөртүү демилгеси боюнча да пикирлерин уккан.

“Элдин көбү - дээрлик 80-90% тууну өзгөртүүгө каршы. Мага “каршы болбосоң анда бизге келбей эле кой” дешти. Бул экономикалык, саясий же социалдык маселе эмес. Бул улуттук маселе. Бул жолкусунда эл катуу талап коюп жатат”, - деди ал.

Ушундай эле пикирин мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Фейсбуктагы баракчасына 4-декабрда жазды.

“Азыркы биздин туубуз эгемен элдин жүрөгүнөн терең орун алып, боор эт менен бир болуп, жан дүйнөгө бүлүк салганы коомдук талкууда байкалууда. Эл шайлаган Жогорку Кеңештин депутаттары, элдин мүдөөсүн эске алуу менен иш алып барат деген тилекте бололу”.

Бирок президент Садыр Жапаров буга чейин “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген.

Ал азыркы туу боюнча коомчулукта “күнкарамага окшоштурган, андан улам мамлекет өз алдынча көтөрүлө албай, күн карама абалында болуп келатат деген пикирлер айтылып келгенин” белгилеген.

"Эми чынын айтсак, эгемендүүлүк алгандан бери башкаларга күнкарама болуп келбедикпи. Ошондуктан туубузга түзөтүүлөрдү киргизүүнүн убакыт-сааты келгендей. Дүйнө жүзүндө мамлекеттик тууларынын элементтерин өзгөрткөн өлкөлөр жок эмес, мындай учурлар болуп келген".

Тууну өзгөртүүнү Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев дагы жактаган.

Туунун өзгөрүшүнө бир катар коомдук жана маданий ишмерлер да каршы чыгып, социалдык тармактарда пикирин билдирүүдө.

Коомдук-саясий ишмер Эмилбек Каптагаев "Азаттыкка" маегинде, “президент тууну өзгөртүү демилгесин четке кагышы керек” деген пикирин билдирди.
"Менин оюмча, референдумга чыгарып, андан ары ызы-чуу кылуунун деле эч кандай кажети жок. Эки жыл мурда президент Садыр Жапаровдун туу жөнүндө айтканы социалдык тармактарда аябай тарап кетти. Ошол сөзүнө кайтып эле: "Эми элге ушунча сиңип калыптыр, чынын айтканда, ар кандай пикирлер болду эле. Бирок эгемендиктин символу катары ушул эле тууну калтыралы", - деп айтса, бүгүн президенттин утушу болот", - деди Каптагаев.
Социалдык тармактын колдонуучулары мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбооруна каршы флешмоб өткөрүп, “Желегимди жерибе!”, “Желекке тийбе!”, "Туудан колуңду тарт!" деген постторду жарыялап, президент Жапаровдун Фейсбуктагы расмий баракчасынын алдына да пикир жазып жатышат.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG