Үсөн Кочкоров Түркияда эмгек визасы менен 15 жыл үзгүлтүксүз иштеп, Кыргызстанга көчүп кеткенине эки жылдай болду. Буга чейин ал Стамбул шаарында ири фирмалардын биринде экспорт иштерин жетектеп келген.
Үсөн эмгек визасы менен иштегендиктен мыйзамга ылайык, айлыгынын белгилүү бир өлчөмү Түркиянын Коомдук коопсуздук мекемесине (SGK) которулуп турган. Бирок Үсөн иштен чыгып Кыргызстанга көчүп келгенде Түркиядагы стажы жана пенсиясы чечилбей кала берген.
- Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда келишим жоктугунан мага түрк тарап "азыр эч нерсе кыла албайбыз, бирок мыйзамга ылайык 65 жашка келгенде пенсияга чыкканга мүмкүнчүлүгүң бар" дешти. Меники жылына кеминде дегенде 20 -25 миң лира төлөнүптүр. Чет өлкөлүктөргө атайын каралган мыйзам жок деп түшүндүрүштү. Андыктан түрк жарандар кандай укукта болсо, менин пенсия төлөмдөрүм дагы ошондой болуп эсептелет экен.
Эки мамлекет эмгек келишимин түзмөйүнчө Кыргызстанга эмгек акыбызды алып кете албайбыз.
Он жылдан бери Анкарада эмгек визасы менен иштеп келген 58 жаштагы Уруят Ташматованы да бул көйгөй өзгөчө ойлонтот:
- Эгер бүгүн же эртең Кыргызстанга кете турган болсом, эки өлкө ортосунда келишим жоктугунан пенсияга топтолгон мага таандык акчанын бөлүгүн ала алам. Быйыл Кыргызстанга барып пенсияга чыгып келдим. Социалдык фондго барып "расмий иштегендигим тууралуу документтерди жана Түркиядагы SGKдан документ алып барсам пенсия төлөмдөрүм жогорулайбы" деп кайрылсам мындай келишим болбогонун айтышты.
Ошентип эки өлкө ортосунда макулдашылган документ жоктугунан пенсиялык куржун үчүн которулган акчасын Уруят Ташматова ала албайт:
- Эки мамлекет эмгек келишимин түзмөйүнчө Кыргызстанга эмгек акыбызды алып кете албайбыз. Түркиянын SGKсында биздин акча калып кете берет. Мага иш берген фирма айына 560 лира SGKга төлөп жатпайбы. Анын 100 пайызы мага өтпөйт. Белгилүү бир пайызы камсыздандырууга төлөнсө, аз эле пайызы менин пенсиям болуп калат экен.
Үсөн Кочкоров, Уруят Ташматова сыяктуу Түркияда эмгек визасы менен иштеген мекендештердин пенсия курагына келгенде алардын эмгек стажын пропорционалдуу эсептөө маселеси боюнча кыргыз-түрк өкмөттөрү ортосунда акыркы эки жылдан бери сүйлөшүү уланып келет.
Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Аида Касымалиеванын айтканына караганда, бул багытта макулдашуунун долбоору иштелип чыгып, парламенттин кароосуна берилген:
- Негизинен макулдашуу ратификациядан өтө элек. Комитетте макулдашуунун долбоорун колдоп бергенбиз. Буга чейин түрк өкмөтү менен сүйлөшүүлөр болгон. Азырынча жыйынтык чыга элек. Жарым жылдан тогуз айга чейин убакыт бар деп айтылган.
Түркиянын тиешелүү тараптары азырынча макулдашуунун даярдалышы тууралуу маалымат бере элек.
"Аялзат": Түркиядан акча да, азап да тапкандар
"Аялзат": Түркиядан акча да, азап да тапкандар
Түркиядагы кыргызстандык кыз-келиндердин басымдуусу тейлөө кызматтарында жана туристтик гид катары да эмгектенишет. Ошондой эле жеңил акча табууга алданып барып, сексуалдык кулчулукка туш болгон учурлар бар.
Түркиянын эмгек мыйзамына ылайык 30 жаштагы мигрант аял эмгек визасы менен 7 200 иш саатын иштеп толтурганда гана пенсия алуу укугуна ээ болот.
Онлайн пенсия акысын эсептөөчү сайттардын биринин эсеби боюнча, мисалы, 30 жаштагы аял 2017-жылы расмий иштеп баштаса, ал 61 жашка келгенде Түркиядан пенсия ала баштайт. Эркектердики андан да узагыраак.
Түркиянын жарандары үчүн 25 жыл үзгүлтүксүз стажыга ээ болгон эркектерге 60 жашынан, аялдарга 20 жылдык стаж үчүн 58 жашка жеткенде пенсия чегерилет. Алардын орточо пенсиясы 350 долларды түзөт. Түркия 26 өлкөнүн тиешелүү министрликтери менен коомдук коопсуздук келишимине кол койгон.
Түркияда расмий каттоодон өткөн кыргызстандыктардын саны 14 миңге жакын. Бирок каттоодон өтпөй, мыйзамсыз иштеп жүргөн мигранттардын саны мындан алда канча көп.
Түркиянын Эмгек жана социалдык коопсуздук министрлигинин маалыматына ылайык, кыргызстандык мигранттардын саны өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе көбөйдү. Былтыр 3612 кыргызстандык эмгек визасын алган.