Тынымсыз жааган жамгырдан улам Непалда сел жана жер көчкү жүрүп, бери дегенде 47 адам каза тапканын Reuters агенттиги билдирди.
Чыгыштагы тоолуу Иллам районунда бир катар кыштактарды жер көчкү алып, өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Коси дарыясы кирип, кооптуу чектен өттү. Катмандуда бир канча жол жана үйлөр суу астында калып, борбор менен байланыш үзүлдү.
Синоптиктердин айтымында, Гималайда дүйшөмбүгө чейин жаан жаайт. Бийликтер өз кезегинде табигый кырсыктан сактануу үчүн бир катар чараларды көрүп жатканын билдирди.
Непалда тоолуу райондордо жыл сайын муссон сезонунда сел жана жер көчкү жүрөт. Өткөн жылы октябрда аба ырайы бузулганда 224 адам каза таап, 158и жабыр тарткан.
Шерине