Бишкек шаардык соту Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдин өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырды.
Карабаев Фейсбук баракчасына жазгандай, 3-октябрда жактоочулары сотко отурумдарды котормочусуз өткөрүү жана анын жүрүшүн видео тасмага тартууга уруксат берүү, котормочуну соттук отурумдан четтетүү, соттук коллегиянын бардык мүчөлөрүнө (үч мүчөсүнө) ишенбөөчүлүк көрсөтүү менен аларды соттук отурумдардан четтетүү, лингвист-эксперт Т.Абдыкожоев менен Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун жетекчисинин милдетин аткаруучу Т. Мамытовду суракка алуу өтүнүчүн келтирген.
Соттук коллегиянын төрагасы протоколдорду жазууга керек деген жүйө менен котормочуну соттук отурумдардан четтетүү өтүнүчүн четке каккан. Бирок отурумдарды видеого тартууга уруксат берген.
"Соттук коллегиянын мүчөлөрүнө ишенбөөчүлүк көрсөткөн үчүнчү өтүнүчүбүз да канааттандырылган жок. Ишенбөөчүлүк көрсөткөнүбүздүн себеби, соттук коллегия соттук териштирүүнүн башталышынан баштап иштин натыйжасына кызыкдар экени бизге билинди. Ошондой эле соттук коллегия мамлекеттик айыптоочунун гана позициясын коргоп, апелляциялык даттануу берген тарапка ачык каршы болду. Соттук коллегиянын мүчөсү Атаев З.И. да менин ишим жана кыйноо фактысы боюнча ишке катышып, экинчи иште төрагалык кылган, бирок ошого карабастан бул ишти кайталап соттук коллегияга кошулуп кароодо", - деди Карабаев.
Ал эми төртүнчү өтүнүч боюнча соттук коллегия лингвист-эксперт Т.Абдыкожоевди гана суракка алууга уруксат берип, Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун директорунун милдетин аткаруучу Т. Мамытовду суракка алуудан баш тартты.
Кийинки соттук отурум 27-октябрга белгиленди.
Буга чейин Карабаев "Азаттыкка" учкай комментарий берип иш жетиштүү тергелбегенин, прокурорлор бир канча жолу алмашканын, тагылган айыпты мойнуна албай турганын айткан.
Карабаев былтыр июлда Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) суракка чакырылгандан кийин камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" жана "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык" деген беренелери менен айып коюлган.
Төрт айдан кийин, 31-октябрда аны Биринчи май райондук соту эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон. Буга анын апасы сыркоолоп, ооруканада жатканы, каралаша турган киши керектиги тууралуу жүйө негиз болгон.
Быйыл апрелде социалдык тармактарга Карабаев менен Улуттук илимдер академиясынын бөлүм башчысы Айнуру Алтыбаеванын сүйлөшүүсү делген аудио тараган. Анда Карабаевге кызматтан өз арызы менен кетүү сунушталып, болбосо УКМКнын кызматкерлери аны камакка алары эскертилген. Алтыбаева муну жалаа деп атаган.
Карабаев айрым кылмыш иштери боюнча илимий экспертиза жүргүзгөн кызматкерлердин бири болчу. Өзү "УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамсыз ишин ачыктаганым үчүн куугунтукка кабылдым” деп билдирген. УКМК буга байланыштуу комментарий берген эмес. (KS)
Шерине