Бардык аз улуттардын татаал тарыхы бар, алардын ичинен сойоттордуку өзгөчө драматизми менен айырмаланып турат. Совет бийлиги орногон жылдарда бул элдин автономия түзүүнү каалаган өкүлдөрү репрессия болуп, калгандары сойоттор деп аталып калган.
СССР тарап кеткенге чейин алар буряттарга сиңип кеткен эл катары эсептелчү. Расмий түрдө жок болду деп эсептелген улуттун өкүлдөрү держава кулагандан кийин гана өзүн тааныта баштаган. Азыр саны 5 миңден ашпаган сойоттор кайрадан жоголуу коркунучуна кептелди, бул жолу мобилизация жана пропаганданын айынан.
"Сойоттор тилин жоготту"
Сиздин жети жаштагы балаңыз кой союп, жиликтеп жатканын элестетип көрсөңүз. Атка ээрди өзү токуп, күнү бою чаап жүрөт. Тайгага кирип норкага же суусарга кантип аңчылык кылууну да билет. Бугу жана топоздорго кам көрөт, чөп чабат же уй саайт. Мунун баары сойоттордун балдарына таандык кадимки жөндөмдөр. Алар тоо арасында тиричилик кылганды мектепке чейин эле өздөштүрөт.
"Сойоттор - Саян автохтондук этносу, бул жерди миңдеген жылдардан бери байырлайт. Алар Саян тоолоруна неолит доорунун соңунда, коло доорунун башында отурукташкан самодийлердин урпактары, - дейт тарыхчы Татьяна Грушницкая (коопсуздуктан улам аты-жөнү өзгөртүлдү). Алар Саяндар менен канчалык байланышта экенин "сойот" деген аталыштан эле билсе болот, бул которо келгенде "бийик тоолор" же "тоонун чокусу" деген маанини туюндурат".
Сойоттордун маданиятында тоого жана тоонун ээсине сыйынууга өзгөчө маани беришет.
Биринчи миң жылдыктын соңунда Чыгыш Саянга Батышка карай жылган түрктөр келген. Көптөгөн сойоттор келгиндердин тилин жана маданиятын кабыл алып, акырындап түрктөшүп кеткен. Башында алар урал бутагындагы самодий түркүмүнө кирген тилде сүйлөшкөн. Түрктөрдүн келиши менен тувалыктарга жакын сойот-цаатан тилине өткөн.
Анткен менен сойоттордун тили буряттарга аралашкандан кийин чоң өзгөрүүгө учураган. Буряттар Чыгыш Саянды XVII кылымдын ортосунан тарта өздөштүрө баштаган. Тарыхчы Баир Дугаров белгилегендей, "тункиндик жана аларлык уруулар үй-бүлөдө үч эркек бала болсо, бирин Чыгыш Саяндын чек араларын коргоо үчүн жөнөтүп турган".
Сойоттор “кан жаңыртуу” үчүн келгиндер менен куда-сөөк болуп, алардан чарба күтүү ыкмаларын үйрөнгөн. Мындай ассимиляция процесси Саян тоолорун байырлаган калктын тилин экинчи жолу өзгөрткөн. XVIII кылымдын аягында сойоттор алтай бутагындагы монгол түркүмүнө кирген бурят тилинде сүйлөй баштаган.
Сан жагынан үстөмдүк кылган келгиндерин таасиринен улам сойоттордун ишеними да өзгөргөн – шаманизм ламаисттик багыттагы буддизмге жол бошоткон. Жада калса кийим-кече жана тамак-аш да буряттардыкынан айырмаланбай калган.
Географ Петр Кропоткиндин 1867-жылы чыккан "Окин күзөтүнө сапар" китебинен үзүндү:
"... сураштыра келгенде сойоттор азайып, буряттарга сиңип баратканы байкалат. Буряттардын жана сойоттордун аңчылык аймактары бөлүнгөн эмес; алар мергенчиликке чогуу чыгат, уул-кыздары үйлөнөт, бир эле кудайларга сыйынышат. Мисалы, мен сойоттун короосунан буряттарда кездешкен будданын жана жамандыктын кудайынын сүрөттөрүн, ошол эле алтардык кооздуктарды көрдүм. Алардын тили "тангут" деп айтылат (балким, тунгус тили), өздөрү да мага "сойот эне тилин жоготту" деп айтышты. Кийиминен да айырмачылык көргөн жокмун: ошол эле чапан, ошол эле зер буюмдар, секелек кыздардын чачын беш көкүл кылып өрүшөт, турмушка чыккан келиндики эки өрүм, идиш-аяктары да кудум буряттардыкындай. Болгону, сойоттордо аялдар күйөөсүн чанса жазаланбайт: алганы жакпай калган аялга төркүнүнө кетип калууга эч ким тоскоол болбойт, күйөө мындай учурда жубайын артка кайтара албайт".
Анткен менен сойоттор буряттарга толук сиңип кеткен деп айтууга болбойт. XIX кылымда да сойоттор өздөрүнө гана таандык айрым салт-санааларын, жашоо таризин сактап калышкан. Буряттар жер ооп келгенге чейин эле ууга чыккан сойоттор аңчылыкты кийин да таштаган эмес.
"Сойоттордун аңчылыкка байланыштуу тыюулары "сээр" деп аталат. Бул эрежелердин көбү экологиялык сезимталдыктан кабар берет: мисалы, куут маалында кайберенге аңчылыкка чыгууга, же бүтүндөй үйүрдү кырууга, ошондой эле белгисиз жандыктар менен куштарды өлтүрүүгө тыюу салынган. Канаттууларга өзгөчө ызаат кылышкан, себеби, алар көктө жашаган кудайларга жакын учат деп ишенишкен", – дейт этнограф Баир Аюшев (аты-жөнү өзгөртүлдү).
"Мисалы, чабалекейди асман төрөсүнүн чабарманы деп эсептешип, аны өлтүрүүгө тыюу салышкан".
Сойоттор бешиктен бели чыга электе эле көзгө атар мерген болуп чыгышканы менен балык улашкан эмес. Ока өрөөнүнүн дарыя-көлдөрүндө батпай жаткан балыкты макирөө деп эсептешкен. Алар кайырмак кармаганды XX кылымда гана, Саянда орус келгиндери отурукташа баштаганда үйрөнгөн.
Сойоттор негизинен бугу баккан. Түндүк бугуларына минип жүрүшкөн жана көч маалында ага жүк артышкан. Бул жаныбардын этин жеп, сүтүн ичишкен. Бугу терисинен алар тон жана алачыктын (чум) жабууларын тигишкен. Бугунун ката элек мүйүзүн бардык дарттын дабасы катары баалашкан.
"Сойоттор карагас түркүмүндөгү түндүк бугуларын багышкан, алар көлөмдүү, чыдамкай келип, жайы-кышы оттоп жүрүшкөн", - дейт Татьяна Грушницкая.
Бугу баккан Семен Помишиндин изилдөөсүндө, Ока өрөөнүндөгү бул жандыктар дүйнөдөгү эң ири тофалардык бугулардан кем калышкан эмес. Бугу бийик тоолуу тайгада атты, койду жана уйду алмаштырган. Кожейкелер аркарларды күнүнө эки жолу ийитип, 400 граммга чейин сүт саап алышкан. Сойот аялдар аркар сүтүн эжигейге айланткан кайталангыс ыкманы билишкен.
1902-жылы ботаник Владимир Комаров сойоттордун турагына барып, мындай деп жазган: "Түндүк бугулары - чакан уруунун болгон бүткөн байлыгы, аларды өздөрүнө жакын урянхайлардан өтө чоң аралык жана орус оторчулугу бөлүп салган".
Изилдөөчү "ар бир сойоттун короосунда колго үйрөтүлгөн бугу байланып турганын байкаган.
"Жаныбардын санын тактай алган жокмун", - деп жазган Комаров бугунун жаш мүйүзү Кытайга изюбрь бугусунун мүйүзү менен бирдей эле баада сатыларын белгилеген.
Сойоттор түндүк бугуларын гана эмес, буряттарга жат башка жаныбарларды дагы мисалы, топоз жана ханыктарды багышкан.
Сойоттор топозду азыр дагы багышат, Ока өрөөнүн байырлаган бул жандыктар түндүктө да кездешет.
Өлөрман, ак ниет жана айлакер
Сойотторго жокчулук кээрин тарттырбаган бул кесиптер совет бийлиги орногонго чейин сакталып турган. Кеңеш өкмөтү чакан элди дыйканчылык кылууга, кой, уй жана жылкы кармоого мажбурлаган. Бирок эзелтеден бугу менен топозго үйүр сойоттор мал чарбачылыгын жарытып өздөштүрө алган эмес.
1926-жылы Иркутскидеги Түндүк комитети сойоттордун жашоо-турмушун изилдөө үчүн экспедиция уюштурган. Топту Иркутск университетинин профессору, этнограф Бернгард Петри жетектеген. Ал сойоттордун тиричилигин кылдат изилдеп, биринчилерден болуп жазып чыккан.
Бернгард Петринин 1926-жылкы отчетунан:
"Алардын кирешеси жарытпайт, аз десек болот, эт менен май тартыш. Айдап-себүү иштери өтө примитивдүү ыкмада жүргүзүлөт. Мал жетишсиз … Оор жумуш кылганы менен тамактан өксү болгон элдин организми алсыз, мунун айынан балдар арасында оору жайылган, өлүм жогору. Жалаң нан менен азыктануу алардын ден соолугуна терс таасир этүүдө".
Экспедициянын жүрүшү боюнча алгачкы отчетунда Петри муну менен катар
сойоттор "жаңы шарттарга бат ыңгайлашып кетерин" белгилеген. Жеке кат жазышууларында этнограф "сойоттор буряттардан кыйла айырмаланарын, түрктөр сыяктуу өлөрман, ак көңүл жана амалкөй болорун" белгилеген.
Сойоттордун жаңы шарттарга ыңгайлашуу жөндөмүнөн улам коллективдештирүүгө чейин алардын абалы оор болгон деп айтуу кыйын.
1926-жылы Петри сойоттордун жардысы 10–15, орто жашаганы 20–40, ал эми оокаттуусу 100дөн ашык уй кармаганын жазган. Дыйканчылык менен мал чарбачылыгы аңчылык кылып, бугу баккандай киреше алып келбесе да, эч ким ачка калган эмес.
Кыйын кезеңде сойоттордун жанын тайга сактап турган, кыл мергендер үйгө олжосуз кайткан эмес.
Петринин отчетунан:
"Мал чарбасы берген азык-түлүктүн көлөмү жетишсиз: эт менен сүт күнүмдүк жашоого жетет; мал чарбачылыгы товар катары каралбайт, малдын көптүгү Бурят республикасына чоң салык төлөөгө арагасыз кылат, чай сатып алуу керек, кийим-кече керек ж.б. Аң териси алардын колундагы жалгыз валюта".
Петри изилдөөдөн кийин сойоттордун салттуу турмушун сактап калуунун бирден-бир жолу - бул сойотторго улуттук-административдик билим берүү деген тыянакка келген. Ошондой эле ал сойотторду расмий түрдө Түндүктүн чакан эли катары таанууну сунуштаган.
Мындай демилгени сойоттор кызуу колдошкон. Алар Сойот тузем уруусунун кеңешин түзүшкөн, кеңеш болсо жогору жакка Иркутскиге түз баш ийген Сойот улуттук округун түзүү сунушун берген. Бирок улуттук аң-сезимдин ойгонушу совет бийлигине жакпай калган. Кеңештин жетекчилери репрессияга кабылып, кеңеш таркатылган. Муну менен катар сойот элинин руханий лидерлерине да сокку урулган.
"Менин чоң чоң атам Гэгэн-лама болгон. Бул ламалардын иерархиясындагы эң жогорку даража, Орусиядагы буддисттердин башчысы Хамбо-ламадан да бийик турат", - дейт Владимир Доржиев (коопсуздук максатында аты-жөнү өзгөртүлдү). - "Ал убакта сойоттор менен буряттардын көпчүлүгү Монголия менен биригүүгө ыкташкан, бул совет бийлигине караганда коопсуз сезилген. Анан калса бул эки эл орустарга караганда монголдорго жакын. Чоң атам кадыр-барктуу киши болгон, ошол себептүү аны кулакка тартышып, камашкан экен. Жакшы жери атууга кеткен эмес, болбосо репрессиянын машинеси кимди атып, кимди камап, кимди кулакка тартып же сүргүнгө айдоону ойлонбой эле жапырт ажалга айдаган да. Чоң атам менен катар көптөгөн сойоттор да жабыркаган, бул тууралуу узак жылдарга чейин эч ким ооз ачпаган. Болбосо аны айткандар да бир балээге калышы мүмкүн эле".
Репрессиядан чочулаган сойоттордун жарымы Монголияга өтө качкан. Ал эми СССРде калган сойоттор өздөрүн “сойот” деп атоо укугунан ажыраган: совет бийлиги кулагандан кийин деле аларды калкты каттоо учурунда “бурят” деп жазып келишкен. Сойот деген эл бар экени расмий булактарда көрсөтүлбөй, буряттарга сиңип кеткен улут катары таанылган.
Сойот элинин маданиятына жана салттуу жашоо таризине дагы бир оор сокку 1963-жылы урулган. Бурят АССРинин жетекчилиги бугу чарбасын чыгашалуу деп таап, бул жаныбарларды жок кылуу чечимин кабыл алган. Анын шары менен миңдеген аркар-бугу союлган. Талаада оттоп жүргөндөрүн тик учак менен атканга чейин барышкан.
"Топоздорду да жок кылуу аракеттери болгон, бирок “Октябрдын 50 жылдыгы” аттуу колхоздун төрагасы Аюша Пунцыкович Налханов аларды сактап калган", – деп эскерет Сорок айылынын тургуну Хорлу Мунконова (аты-жөнү өзгөртүлдү).
"Партия билетинен кол жууп каларын билсе да, тобокелге барып колхоздун топоздорун киши буту жетпеген жакка айдатып жиберген. Ока өрөөнүндөгү бул жаныбарлар азыр Орусиядагы эң ири топоз түркүмү катары таанылганы үчүн Аюша Пунцыковичке ыраазы болушубуз керек. Орусиянын масштабынан караганда биз азганактай элбиз. Сыймыктана турган мурастарыбыз деле көп эмес, андыктан колдо бар байлыгыбызды көздүн карегиндей сактайбыз", - дейт Хоргу.
"Шамандык ырым-жырымдарды буддист лама өткөрөт"
1980-жылдары тарыхчы Сергей Ступин Ока өрөөнүндө эки талаа сезонун өткөргөн. Ал сойоттор 1926-жылдан кийинки эл каттоолордо аталбай калганын билгендиктен, бул калктын өкүлүн табууга үмүт арткан эмес. Бирок андан көп өтпөй эле сойоттор кагаз жүзүндө гана “жок” экенин билген.
"Аймактагы айрым сойоттордо улуттук аң-сезим сакталып калган. Алар сойот экенин көңүлсүнбөй, кээде чочулап моюнга алышкан, бирок аймакта улуттун уучу үзүлбөй жашап жатканын билүү эле чоң жетишкендик", - деп жазган Ступин “1980-жылдардагы окин сойоттору: ассимиляциядан кайра жаралууга чейин” аттуу эмгегинде.
"Менимче, маселе эл өзүнүн сойот экенин тааныгандан корккондугунда эмес", - дейт Владимир Доржиев.
"Бурятия толеранттуу республика, бизде эч качан улутчулдук сезими ойгонгон эмес. Өлкөдө 40тан ашуун улуттун өкүлдөрү ынтымактуу жашаган. Маселе башкада. 1990-жылдардын аягында, мен жогорку окуу жайда окуп жатканда, Улан-Удэге элеттен келген бурят студенттери орус тилинде жакшы сүйлөй алышчу эмес, таптакыр билбегендери да бар эле, бирок алар эмнегедир бурят тилинде сүйлөгөндөн уялышчу. Ооба, бул таңкалычтуу угулушу мүмкүн, адамдар өз жеринде, өз эне тилинде сүйлөгөндөн уялат. Бирок Бурятия үчүн бул көнүмүш эле. Сойоттор эле эмес, буряттар да өздөрүн "бурятмын" деп ачык айткандан тартынган. Буряттар сойотторго оторчулук кылган сыяктуу, кийин орустар буряттарды колониялаштырды. Мен бул тууралуу сөзсүз эле терс мааниде сүйлөш керек деп эсептебейм. Бул табигый көрүнүш, тарыхта прогрессивдүү элдер аз өнүккөн улуттардын аймагына келип отурукташкан учурлар болуп келген. Мисалы, америкалык индейлердин тагдыры. Оторчулук болгону чын, тарыхты башкача кылып өзгөрүү мүмкүн эмес".
СССР кыйрагандан кийин гана сойоттор өздөрү тууралуу айтууга батынган.
1992-жылы Сорок айылынын тургундарынын демилгеси менен Сойот маданиятынын борбору ачылган, муну менен этносту маданий жана руханий жактан кайра жандандыруу максатын көздөшкөн.
1993-жылы Окин району боюнча Сойот ассоциациясы түзүлгөн. Аталган уюмдун алгачкы чечимдеринин бири - салттуу бугу чарбасын кайра түзүү болгон. Бул үчүн тофалардан 60 бугу алып келинип, аны багууну кайрадан үйрөнүүгө туура келген.
1995-жылдын январь айында Окин району боюнча жергиликтүү эл каттоо өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгында 1973 адам - райондун жашоочуларынын 42,8%ы өзүн сойот деп атаган. Бирок сойотторду өзүнчө эл катары таануу маселеси узак убакытка чейин чечилбей келген, анткени 1926-жылдан кийинки эл каттоолордо сойоттор тууралуу маалымат болгон эмес. 2000-жылы гана сойоттор Орусия Федерациясынын аз сандагы түпкүлүктүү калкынын бири катары таанылган. 2002-жылы Орусиянын бардык аймагында жүргөн эл каттоодо сойоттор 1926-жылдан бери биринчи жолу өзүнчө улут катары катталып, 2769 адам деп көрсөтүлгөн.
Сойоттор бугу чарбасын калыбына келиштиришкени менен, сойот тилинин кайра жанданышына үмүт арткан эмес. XX кылымдын аягында сойот тили жоголгон, өлүү тилдердин катарында деп саналчу. Бирок Орусиядагы белгилүү түрколог Валентин Рассадин бир да адам сүйлөбөгөн сойот тилин кайра тирилтүүгө бел байлаган.
Көп жылдык изилдөөлөрдүн акыбети кайтып, 2001-жылы Рассадин кириллица түрүндөгү сойот тилинин жазма системасын иштеп чыккан. 2003-жылы биринчи Сойот-бурят-орус сөздүгүн жарыялаган, андан кийин сойот тилиндеги алгачкы "Алиппе" чыккан.
Рассадиндин мээнети менен ушу тапта Окин районуна караштуу мектептердин башталгыч класстарында балдар бир кезде жоголуп кетти деп эсептелген сойот тилин үйрөнүп жатышат.
2001-жылдан тарта сойоттор Бурятиядагы эң бийик чоку - Мунку-Сардыктын урматына өтүп келген салттуу майрамды да жандандырышкан.
"Баарынан кызыгы, сойоттор жыл сайын Мунку-Сардыкка табынганы келгенде, шамандык ырым-жырымды буддист лама өткөрөт", – дейт Владимир Доржиев.
"Буддизмде тоолорго сыйынуу жөрөлгөсү жок, бирок бул көрүнүш шаманизм сакталып калганын билдирет, ишенимдер илгертен эле бири-бири менен эриш-аркак, айкалышып жашап келет. Эгер бир нерсе болуп кетсе, сойот адегенде шаманга, андан кийин ламага барат. Айрым учурда шаман “буга лама гана жардам берет” деп айтат, кээде тескерисинче, лама шаманга жөнөтөт. Мындан тышкары, буряттар да сойоттордун бир топ ырым-жырымын алган, айталы, таң агарганда чыгышка карай бүгүнкү күнүм жакшы болсун деп актаган чайды чачып жиберишет. Ошондуктан “маданиятыбызды толук жоготуп алдык” деп айтууга али эрте деп ойлойм".
"Патриотизмди жамандык жарчысы деп эсептейм"
Азыр сойоттордун басымдуусу Бурятиянын Окин районунда жашайт. Бул район Тува менен Монголиянын чек арасындагы 3 миң метрдей бийик тоолор курчаган түздүктө жайгашкан. Соңку кылымдын аягында гана алар бир кездегидей бакубат жашоого жеткен.
"Бизде азыр бугу минген киши калбады", - дейт Владимир Доржиев.
"Андан көрө Land Cruiser же Nissan Patrol айдаганды эп көрүшөт. Азыр сойоттор абдан бай турат. Буга аз сандагы эл деген макамы болгону үчүн жетишти. Ата-бабабыз эзелтен байырлаган аймакта жашайбыз, бул үчүн бизге берилген жеңилдиктер салык менен чектелбейт. Тизме аябай узун, эл мунун үзүрүн көрүп жатат. Аракет кылгандар акча табат, айрыкча тоолордо алтын менен нефриттин кени уюп жатат. Каалаган убакта тоого чыгып, нефрит казып алып, кытайларга чоң акчага сатсаң болот. Сапаты жакшы болсо, нефриттин килограммы алтындан кымбатыраак сатылат. Же күздө тайгага кирип, жаңгак терип келип сатсаң, жыл бою кенен-чонон жашайсың. Акча табуу бизге маселе эмес, ага жаратылыш өзү жардам берет. Салттуу чарбалардан да киреше тапкандар бар. Көптөгөн үй-бүлөлөр топоз жана бугу кармашат. Эт жегилери келсе касапканага эмес, түз эле тайгага барышат.
Эттин килограммын 500 рублдан сатып алуу керек, анын ордуна мылтыкты каттатып коюп, бир-эки күнгө аңчылыкка чыгып келүүгө эмнеге болбосун?", – дейт Владимир Доржиев.
"Козу же изюбр (жапайы бугу) атып алсаң бир кышка жетчү согум даяр, кааласаң күндө эт асып же. Бул дүкөндөн сатып алганга караганда үнөмдүү. Балык деген сууга батпайт, кээде кол менен эле кармасаң болот. Түнкүсүн дарыяга барып, чырак жандырсаң 100 килограммдык таймендер жээкке сүзүп келет. Андай балыктарды айры менен сайып алып чыгышат. Өзүм таймен улоо үчүн чыкпагам, бирок бир саатта бир чака сом балык кармаган учурлар болгон. Кайырмак ыргытсаң эле илинет, тартып алууга үлгүрсөң болду. Биздин табият өтө берекелүү. Адам ичпесе, акча таап барчылыкта жашай алат".
Орусиянын Украинага ачкан согушунан кийин сойоттордун бейкапар жашоосуна бүлүк түшкөн. Согуш жаңы башталганда эле сойоттордун айылы - Орликке "кара кагаз” келген. Келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан, офицер-медик окко учкан экен. Андан кийин табыт тынбай келе баштаган. Башында маркумдар акыркы сапарга жөрөлгө менен узатылып, ага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү да катышып жүрчү. Бирок "Жүк 200" көбөйгөндө узатуу зыйнаты токтоп, анын ордуна некролог гана жарыялана баштады. Кийинчерээк ал некрологдорду да “фейк” деп чыгышты.
Сойоттор үчүн ар бир өлүм трагедия, бир ууч эл бири-бирин жакшы тааныйт. Кийин жарыяланган мобилизация аларга оор мүшкүл алып келди.
"Падыша “жарым-жартылай” мобилизация жарыялагандан көп өтпөй, ошол эле түнү, таңкы саат төрттө конвойлор келди. Алар ок атууга жарамдуу эркектерди, тыңыраак жаш уландарды алып кетишти. Кырктагы, элүүдөгү кишилердин көбү кетти. Арасына жаштар да кошулуп калды", – дейт сойот Батожаргал (аты өзгөртүлгөн).
"Автобустар менен келген аскерлер эшиктерди каккылап, эркек аттуунун баарын жетелеп кетип жатканын өз көзүбүз менен көрдүк. Чакыруу кагазын да беришкен жок. Коңшу аял "сүрөткө тартам" дегенде телефонун тартып алышты".
Орлик айылынын тургундарынын айтымында, ар бир үйдөн жок дегенде бир эркекти согушка алып кетишкен. Жыйналууга болгону 15 мүнөт берилгендиктен үй-бүлөсү менен коштошууга үлгүрбөй калгандар болгон. Түнкү нөөмөттө иштеп жаткандарды жумуштан эле кармап, үйүнө баш бактырбай алып кетишкен.
Владимир Доржиев украиндерди өлтүрүү үчүн айдалчу күндү күтүп отурган эмес.
Аялы экөө жаңы туулган уулун алып Орусиядан качып кетүүнү чечишкен.
Тактап айтканда, качышкан, анткени эмиграцияга даярдыгы да, акчасы да жок эле. Согуш башталарга жакын алар Москвага көчүүнү чечишип, колдо бар мыдырын жаңы жашоого сарпташкан. Эки жылдан бери ар кайсы жумуштарда иштеп жаткан Владимир бул чечимине эч өкүнбөй турганын айтты:
"Канча сойот каза болгонун так айта албайм, андай статистиканы эч ким жүргүзбөйт", – дейт Владимир Доржиев.
"Көпчүлүк орусиялыктардай эле, биз да “ОВД-Инфо” жана башка көз карандысыз ЖМКлардын маалыматына таянабыз. Бир гана нерсени так айта алам, биз абдан көп адамды жоготтук. Мен көрүстөнгө барып, жаңы кабырларды санай албайм, анткени туулган жеримден чыгып кеткем. Бирок туугандарым менен кабарлашып турам, алар өтө көп адам согушта өлгөнүн айтып жатышат. Кээде күн сайын бир маркумду жерге беришет экен. Азыр айылда башы бүтүн, боору эсен үй-бүлө деле калбады. Бирөө атасынан, бирөө күйөөсүнөн, бирөө бир боорунан ажыраган".
Мобилизациядан кутулгандар болсо пропаганданын курмандыгы болушкан. Владимир Доржиевдин бай, ити чөп жеген агасы өз эрки менен фронтко кетип, ал жактан жарадар болгон. Бирок айыгары менен кайра эле согушка аттанган.
"Агам менен өтө сейрек сүйлөшөм", – дейт Владимир.
"Болгону балдарыбыздын ал-жайын сурашабыз. Согуш жөнүндө ооз ачпайбыз. Бир жолу бул теманы козгоп, ошол бойдон ага кайрылбоону чечтик.
Ошондо ага кандай идея болбосун бир гана баланын өлүмү андан баш тартууга себеп экенин түшүндүргөм. Жакшыбы же жаманбы, кандай гана максат болбосун ал адамдын тамчы канына татыбайт. Ал эми байкем чоң атам фашисттер менен согушкан, демек мен да согушка барышым керек деп эсептейт. Ал менин бир тууганым, биротоло кол үзө албайм. Бирок биз тандаган жолдор эки башка кетти. Тилекке каршы, пропаганданын курмандыгы жалгыз эле ал эмес. Биздин аймакта “Улуу Жеңиш үчүн чоң аталарга алкыш” сыяктуу ураандар өтө мыкты иштейт. Көптөгөн сойоттор согушка буряттарга окшоп жакырчылыктан айынан эмес, идея үчүн кетип жатышат. Мисалы, менин таякем. Ал киши 60 жашта, пенсияда, мобилизация курагынан өткөн. Бирок болбой эле өз ыктыяры менен “фашисттерге каршы” согушуп жүрөт".
Владимир туугандарын кайра ынандырууга аракет кылбасын белгиледи.
"Мен кантип ушундай болсун деп ойлодум. Азыр Орусияда адамдар эмнеге согушту колдоп жатат? Менимче мунун баары, когнитивдик диссонанска байланыштуу. Өз өлкөң башкага кол салганда сен эмне кыласың?
Аны кабыл аласың же кабыл албайсың да. Сен дубалдын үстүндө отургандай абалда болосуң, узакка отура албайсың, кайсы бир тарапка секирүүгө туура келет. Ал эми секиргенден кийин бүттү, берки беттеги адамды укпай каласың.
Канча сүйлөсөң да, ынандыруу кыйын. Алар өзүнчө себептерди таба беришет.
Ошондуктан мен "патриотизм" деген түшүнүктү жактабайм. Мен үчүн бул жамандыктын жарчысындай. Анткени өзүңдү “башкалардан өзгөчө” деп кабыл алсаң, сага таасир этүү, манипуляция кылуу да жеңил болот. Төбөлдөрдүн "коңшулар жаман, аларды жок кылыш керек" деген эле сөзү жетиштүү. Патриотизм менен улутчулдук ортосу бир карыш. Ошондуктан мен сойоттор башка элдерге сиңип кетет дегенге токтоолук менен карайм. Эволюция качып кутулгус нерсе, качандыр бир кезде бүтүндөй жер жүзүндө бир гана эл, бир тил пайда болсо керек. Албетте, ошол убакка чейин бири-бирибизди кырып эле салбасак".
Сойоттор тууралуу кандай эмгектер бар:
Абаев Н. В., Даваа Е. К. Этноэкологические традиции народов Саяно-Алтая и сойотов горной Бурятии
Аюшев Н. Сойоты Бурятии в духовной цивилизации саянидов внутренней Азии.
Имихелов А. В. Этнодемографические процессы в Бурятии. Исторический очерк.
Монгуш М. В. Тофалары и сойоты: историко-этнографический очерк.
Рассадин И. В. О сойотах и их языке // Мир Центральной Азии: Языки. Фольклор. Литература: Материалы Международной научной конференции. Т. IV. Ч. 1.
Рассадин И. В. О характере оленеводства у окинских сойотов.
Сибирь. Реали сайтына жарык көргөн макаланы кыргыз тилине Санжи Туйтунова которду.