Cогуш. Жаңжал. Климаттын өзгөрүүсү. Экономика. Куугунтук. Саясат.
Он миллиондогон кишини миграцияга түрткөн себептер ар кыл болсо дагы аларды бир нерсе бириктирет. Алардын баары тең өз үй-жайын коопсуздуктун айынан же жакшы жашоо издеп таштап кетүүгө аргасыз болгондор.
Улуттар Уюмунун эсебинде 300 миллиондон ашуун киши башка жакка мигрант болуп кеткен. Алардын ичинен ар бир сегизинчиси – бала. Дүйнө калкынын 3.6 пайызы үмүткө жетеленип, дүйнө кезип кеткендер.
18-декабрда Эл аралык миграция күнү белгиленет. Бул күнү “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кызматтары аймактын 23 өлкөсүндөгү мигранттар менен качкындардын маселесине көңүл бурду.
2023-жылы украиндер экинчи жылга аяк баскан орус агрессиясынан коргонуунун айласын издесе, Тоолуу Карабактагы этностук армяндар азербайжан күчтөрүнөн качты. Газадагы согуштун кесепетинен эки миллионго чукул адам үй-жайын таштап чыгууга аргасыз болду. Алты миллиондон ашуун оогандар табигый кырсыктардан улам жер которсо, Пакистан 1-ноябрга чейин документи жок оогандарды өз мекенине мажбурлап чыгарды.
"Эки айдын ичинде 375 миңден 400 миңге чейин киши көчүп кетет дегенди элестетүү кыйын”, – деди БУУнун Миграция уюмунун өкүлү Итайи Вирири “Азаттык” радиосуна. - “Эң башкы көйгөй - кайра кайтып келгендерге жеринде эмне жардам берилип жатат”.
Ооганстанга кайтып, чек арадагы убактылуу лагерде турган Сардар өткөн айда “Азаттык” радиосуна: “Бизде көйгөй толтура. Акча жок. Даараткана жок” , -деп кырдаалды сүрөттөгөн.
Жардамга муктаждардын керектөөсүн жабуу үчүн эл аралык коомчулуктун каржылык жана башка колдоосу зарыл”, - деди Эл аралык миграция уюмунун өкүлү Вирири. - “Албетте, кандай гана гуманитардык кризис болбосун узак мөөнөттүк чечимдерди талап кылат”.
“Азаттык” радиосу мигранттардын турмушун такай чагылдырып келет. Алардын айрымдарын назарыңызга сунуш кылабыз.
Мексика-АКШ: Каракчылардын торуна түшкөн мекендештер
Борбор Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы экономикалык кыйын кырдаал миңдеген мигрантка АКШга Мексика аркылуу кооптуу жол менен кетүүгө түрткү болууда. Океандын аркы жагындагы жакшы жашоого жетем деген мекендештер өмүрүн тобокелге салып алыска аттaнышат. Бул тасмада бир нече өлкөнү мыйзамсыз кесип өтүп, маңзат жана адам аткезчилиги менен алектенген кылмыштуу топтордун колуна түшүп, узак жолдун тоодой тобокелдиги менен азап-тозогун тартып, алтургай жакындарынан айрылган окуялар баяндалат. Тасмада АКШда башпаанек алуунун күңгөй-тескейи тууралуу эксперттердин пикирлери камтылган. “Америка кыялына” жетелеген тар жол, тайгак кечүүнүн адам тагдырына тийгизген таасири баяндалат. (Улан Асаналиев, Мехрибон Бекиева)
Тарыхый мекенинде ара жолдо калган оогандар
Соңку айларда жүз миңдеген киши Пакистандан кайра Ооганстанга кайтууга аргасыз болду. Алардын көбүнүн үй-жайы жок. Ансыз да гуманитардык кризиске баткан Ооганстанда алар өлбөстүн күнүн көрүүгө аргасыз. Пакистан бийлиги уруксат кагазы жок жүргөн 1,7 миллиондой чет элдик качкынга жана мигранттарга өлкөдөн чыгып кетүү үчүн 1-ноябрга чейин убакыт берген. Орто жолдо калган оогандык качкындар тууралуу видеону көрүңүз.
"Азаттык" атайын долбоорлордун алкагында Украинада уруш башталгандан кийин Орусияда жашаган кыргызстандык мигранттарды тооруган коркунучтарды иликтеген.
“Вагнердин” азгырыгы: абактан ажалга айдалгандар
Кремль Украинага кол салууга буйрук бергенден бери орус абактарынан кан күйгөн кармашка айдалган ондогон борборазиялыктар бөтөн эл, бөлөк жерде ажал тапты. Темир тордон чыгып, эңсеген эркиндикке жетерин элестеткендер "Вагнердин" азгырыгына оңой эле кирген. Айрымдары басымга кабылган. "Азаттык" орус түрмөсүнөн согушка жөнөтүлүп, каза тапкан 10дон ашуун кыргыз жаранын аныктап, алардын жакындарынын арыз-арманын укту. Түрмөдөн согушка тартылган башка борборазиялыктар менен да байланыштык. Украинадагы уруштун көрүнбөгөн курмандыгына айланган мигранттар тууралуу иликтөөлөрүбүздүн экинчи бөлүгүн сунуш кылабыз. (Канымгүл Элкеева, Амантай Шакиров, Азис Самарбеков)
Украинадагы уруш: орус паспорту үчүн отко түшкөндөр
Орусия эң жакын коңшусу Украинага басып кирип, согуш ачканына бир жарым жылга жакындады. 21-кылымда Европада болуп жаткан алаамат качан, кантип аяктары азырынча белгисиз. Миңдеген бейкүнөө кишинин, аялдар менен балдардын өмүрүн алган согуштун азабын Борбор Азиядан барган мигранттар да тартууда. “Азаттык” Украинадагы урушка тартылган мигранттар тууралуу иликтөөлөрдүн биринчи бөлүгүн сунуштайт. Бул жолу орус рублине, же орус паспортуна азгырылып, алыстагы согушка кеткен мигранттар тууралуу баяндалат. (Айгерим Акылбекова, Бексултан Абибакир уулу)
Орусия: Мигрант аялдарды согушка азгырган жарнамалар
Орусияда мигранттарды келишимдик негизде согушка тарткан, анын ичинде аялдарды да азгырган көрүнүштөр уланууда. Кыз-келиндерди келишим менен ашпозчулукка, тажрыйбасы барларды медайымдыкка чакырып жатканын мигранттар "Азаттыкка" айтып беришти. Мындай мазмундагы жарнамалар аялдар көп иштеген бала бакчаларга, бейтапканаларга, китепканаларга илине баштаганын бул жерден окуңуз.
Орус коому жектеген мигранттар
Орус полициясы жаздын соңунан бери борбор азиялык мигранттар эмгектенген, жашаган жайларда тинтүү жана текшерүүлөрдү күчөттү. Мындай рейддер Орусиянын ар кыл аймактарында мигранттарга каршы кайрылуулар менен да коштолуп жатат. Орус жергесине мигранттарга каршы маанайдын күчөшүнүн себеби эмнеде? «Биз жана дүйнө» берүүсүндө жооп издедик. (Элиза Кененбаева, Бексултан Абибакир уулу)
15 жыл дайынсыз жүргөн жубайлар Жамбылдан табылды
15 жылдан бери дайынсыз болгон кыргызстандык жубайлар Казакстандын Жамбыл облусунан табылды. Бул үй-бүлө коңшу өлкөдө тоодо бирөөнүн малын багып, документтери жоктугунан эч жакка чыга албай жүрө берген. Аларды бир туугандары коңшу өлкөнүн бир топ жерин кыдырып, издеп жүрүп тапкан. "Азаттык" бул окуяны чагылдыргандан кийин Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулдугу жубайларга убактылуу паспорт даярдап, мекенине жөнөткөн.(Кундуз Кызылжарова. Давран Игамбердиев, Нурлан Бейшебаев)
Кыргызстандык мигранттар эң көп жүргөн мамлекеттердин бири - Түркия. Ал өлкөдө расмий маалыматка таянсак 25 миңдей кыргызстандык жашайт. Бейрасмий сан андан эселеп арбын экени айтылат.
"Эс алган жерден да кармап жатышат". Стамбулда мигранттарды текшерүү күчөдү
Түркиянын Стамбул шаарында "чет өлкөлүктөргө туруктуу жашоого уруксат берилбейт" деген маалымат кызуу талкуу жаратты. Өлкөнүн Миграция департаменти аны четке какканы менен мигранттардын арасында түйшөлгөндөр көп. Өткөн аптада түрк президентинин мыйзамсыз миграция тууралуу билдирүүсүнөн кийин текшерүү күч алды.
Стамбулда жашап, иштеген кыргызстандыктар экономикалык таңкыстыкты жон тери менен сезгенин, айрымдары мекенине кайтуунун камын көрө баштаганын "Азаттыкка" айтып беришти.
"Запкы тартып, алдангандар көп". Түркияда кыз-келиндер кабылган кыйынчылыктар
Узап бараткан жылы Түркияда дайынсыз кеткен кыргызстандык кыз-келиндер тууралуу утур-утур кабар чыкты. Алардын көбү алданып калган, психологиялык басым көргөн, ур-токмокко кабылган деген маалымат бар. Түркияда чет өлкөлүктөрдүн виза алышына байланышкан маселе бар. Экономикалык абалдан улам үйүнө акча сала албай жаткан мигранттар да бир топ. Анталия шаарындагы "Кыргыз айымдары" коомунун жетекчиси Периза Асанаалиева бул өлкөдө иштеген кыргызстандык кыз-келиндердин көйгөйүн"Азаттыкка" айтып берди.
Түркиядагы Жаңыл: Зилзалада мышыгым сактап калды
Быйыл 6-февралда Түркия менен Сириянын чектеш аймагында соңку маалдагы эң катуу зилзала болуп, анын курмандыктары 50 миңден ашканын Анкара билдирди. Сирияда 6 миңдей адамдын өмүрү кыйылган.
Жаңыл Токоева зилзаланын очогу болгон Кахраманмараш шаарында турат. Апаатты бир жыл мурун көчөдөн асырап алган мышыгы алдын ала сезип, экөө көчөгө чуркап чыгышкан. Көп өтпөй жер силкинген. Жаңыл шаардын четинде гидроэлектростанцияда баш калкалап турган жеринен "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
Мен дароо кийинип, мышыгымды, телефон, капчыгымды алдым да көчөгө чуркап чыктым. Чыгып баратып кошуналарымдын эшигин каккылап ойготконго аракет кылдым. Көчөгө чыкканда эле дароо жер титирей баштады. Көз алдымда үйлөр кулап түштү. Дароо алыстап качтым. Үйлөр кишилердин үстүнө кулап жатты. Алысыраак жерге качканга аракет кылдым.
Италиядагы кыргыздар: мыйзамсыз миграция азабы
Италияда кыргызстандыктардын көпчүлүгү Неаполь шаарында жашап, иштешет. Алардын арасында убактылуу виза менен гана келип, калып калгандары четтен чыгат. Мыйзамдуу каттоосу жок мигранттар Европанын башка өлкөлөрүнө чыга албайт, мекенине кайтып кете албай жылдап кала беришет. “Данисте” бул жолу Италиядагы кыргыздардан кабар алды. (Айгерим Акылбекова, Бексултан Абибакир уулу)
Италияда расмий эсепте 5-6 миңдей, ал эми бейрасмий маалыматта 10 миңдин тегерегинде кыргызстандык бар. Италия - Европа өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын эң көп жараны иштеп, жашап жаткан мамлекеттердин бири.
Германия: Украин качкындарды баккан, немис президентинин сыйына татыган Мунара
Германиянын Йена шаарында жашаган кыргызстандык Мунара Абдывасиева былтыр украин качкындарын коопсуз жакка жайгаштыруу боюнча ыктыярчылардын коомун түзгөн. Учурда ал түзгөн коом качкындар гана эмес, шаардагы башка жардамга муктаж адамдар менен да иш алып барууда. 8-сентябрда Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин чакыруусу менен барып, ардактуу коногу болуп келдик. "Азаттык" 12 жылдан бери немис жергесинде жашаган Мунара Абдывасиеваны кепке тартты.
Кыргызстандын Берлиндеги элчилигинин маалыматына караганда, немис жергесинде 10 миңдин тегерегинде кыргызстандыктар жашайт.
"Мен киммин? Кыргызмынбы же орусмунбу?"
Дүйнөдөгү соңку геосаясий окуялар, анын ичинен Орусия Украинага басып кирип, согуш ачканы Жер шарынын булуң-бурчундагы кыргызстандыктарга да таасирин тийгизди. Адатта жалаң орусча түш жоруган айрым мекендештер эне тилинде гана сүйлөөгө аракеттенип, кыргыз тилин жигердүү үйрөнө башташты. Мындай көрүнүш айрыкча чет жакта жашаган мекендештердин арасында көбүрөөк байкалат. Венгриядагы Печ университетинин студенти Медина Шамшидинова даярдаган макаланы бул жерден окуңуз.
"Технология заманында Кыргызстанда Америкадагыдай жашаса болот"
Саламат Тентимишов жубайы Нурсел менен Сан-Франциско аймагында эки жыл мурун ресторан ачкан. "Америка кыялына" жетеленип барган мекендештин ийгилигинин сыры эмнеде? "Азаттыктын" журналисттери 12 жыл мурун АКШга энесине жардам бергени барып, кийин өз алдынча бизнес баштаган мекендешти кепке тартты. (Улан Асаналиев)
Кыргызстандан көчүп кеткен жана кайтып келген мигранттар
Жакшы жашоо издеп, Кыргызстандан чет жакка жер которгондордун агымы уланууда. Ошол эле учурда башка өлкөдөгү жашоону көргөндөн кийин кайра мекенине кайткандар дагы бар. "Азаттык" сыртта жүргөн жана туулган жерине кайтып келген мигранттар менен баарлашты.
Миграциянын багыты өзгөрдү. Европага оогон кыргызстандыктар
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, соңку тогуз айда Орусияда эмгектенген кыргызстандык мигранттардын саны дээрлик 180 миңге жакын же 30% кыскарды. Ал эми миграциялык каттоого тургандардын саны 60% азайган. "Азаттыктын" түшүндүрмөсүн бул жерден көрүңүз.
"Мекендештер-2023": Мигрант кантип инвестор болот?
4-ноябрда Бишкекке чогулган мекендештер сыртта жүргөн журтташтар Кыргызстанга салган капиталды кантип өлкөнү өнүктүрүүгө багытуу түрдө жумшай алабыз деген маселени талкуулашты. Мигранттар мекенине салган миллиарддар тууралуу бул жерден окуңуз.
"Мекен-картты" кимдер ала алат?
Кыргызстандын жарандыгынан чыгып, башка өлкөнүн паспортун алган мекендештер, алардын балдары жана неберелери “Мекен-карт” деген документ алса болот.
Мындай макамы барлар Кыргызстандын жараны ээ болгон укуктардын баарын колдоно алат. Болгону Кыргызстандагы шайлоого катыша албайт жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтарда иштей албайт.