Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Трамп бюджет жыйынынан чыгып кетти


Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси президент Дональд Трамп менен Ак үйдөгү жолугушуу жыйынтыксыз аяктагандан кийин кабарчылардын суроолоруна жооп берип жаткан учуру. Вашингтон, 9-январь, 2018-жыл.
Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси президент Дональд Трамп менен Ак үйдөгү жолугушуу жыйынтыксыз аяктагандан кийин кабарчылардын суроолоруна жооп берип жаткан учуру. Вашингтон, 9-январь, 2018-жыл.

Шаршембиде Демократиялык партиянын жетекчилери Мексика менен чек арада дубал куруу долбооруна каршылыгын кайталаган соң, президент Дональд Трамп жаңы эле башталып жаткан кездешүүдөн дароо чыгып кетти.

«Азыр эле Чак жана Нэнси менен кездешүүдөн кетип калдым, бул - убакытты бекер коротуу», - деп жазды Дональд Трамп шаршембиде «Твиттерге». «Мен алардан: «Өкмөттүн ишин дароо жандандырсам, 30 күндөн кийин эмне болот? Дубал же темир тосмо орнотууну караган, чек арадагы коопсуздук чараларын колдошобу?» -деп сурадым. Нэнси: «Жок» деп жооп берди. Мен: «Жакшы калгыла, анда башка жол жок» дедим».

Президент мурунку күнкү телекайрылуусунда Конгресстин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси менен Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумерди Ак үйдөгү кезектеги жолугушууга чакырып, Мексика менен чек арада тосмо куруу боюнча долбоорун колдоого үндөгөн. Бирок демократтар адегенде өкмөттүн ишин жандандырууну, андан кийин гана курулуш маселесин талкуулоону сунуш кылып келатышат.

Президент андай дубал мыйзамсыз миграцияга, наркотрафикке жана АКШ менен Мексиканын чек арасында түзүлгөн «гуманитардык кризиске» бөгөт коюуга жардам берет деп эсептейт.

Шумер Ак үйдүн жанына чогулган журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Трамп жолугушуудан кетип калганын бышыктады:

- Тилекке каршы, президент туруп кетип калды. Спикер Пелосиден: «Дубалга макул болосуңарбы?» – деп сурады. «Жок» деген жоопту укканда: «Анда талкуулай турган нерсе да жок», - деп чыгып кетти. Каалаганына жете албаганда туталанып кеткенине дагы бир жолу күбө болдук.

Шайлоо өнөктүгүнүн маалында Трамп иммиграцияны чоң мүшкүлдөрдүн бири деп баалап, Мексика менен чек арада дубал орнотууга убада берип келген. Бирок «курулушту кошуна өлкө каржылайт» деген. Мексиканын бийлиги андай мүмкүнчүлүктү четке каккан.

Конгресстеги демократтар чек арада дубал тургузууга дээрлик 6 миллиард доллар бөлүүнү караган жаңы бюджетти колдоодон баш тартышкан. Анын ордуна алар чек арадагы коопсуздукту камсыз кылууга 1,3 миллиард доллар чегерүүнү сунуш кылышкан.

Трамп болсо дубалддын долбоору камтылбаган бюджетке кол койбой тургандыгын айтып келатат. Ушундан улам 19 күндөн бери өкмөттүн иши жарым-жартылай токтоп, жүз миңдеген мамлекеттик кызматкер маянасыз отурат.

Трамп бийликке келгенден бери өкмөттүн иши ушуну менен үчүнчү ирет токтотулушу. Ал узактыгы жагынан 1995-96-жылдардагы рекордду жаңыртышы мүмкүн.

Өткөн жуманын этегинде Трамп менен демократтардын майнапсыз аяктаган сүйлөшүүлөрүнөн кийин президент Конгресс дубал курууну финансылоого макул болбосо, өкмөттүн ишин айлап, керек болсо жылдап токтотууга даяр экенин айткан. Демократтар буга «курулушка бир да цент бөлбөйбүз» деп жооп кайтарышкан.

Президент дубалды Конгресстин макулдугун албастан тургузуш үчүн чукул кырдаал киргизүү мүмкүнчүлүгүн четке какпайт. Бейшембиде Трамп Техаска, Мексика менен чек ара тилкесине барганы жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG