Москвада, Киевде, Брюсселде, Вашингтондо жана башка борбор калааларда дипломаттар, шайланган лидерлер, аскердик жетекчилер жабык талкууларды өткөрүп жатат.
Согуш талаасында азыр үстөмдүк албетте Орусия тарапта. Анын армиясы 1100 чакырымга созулган фронт тилкесинде украин күчтөрүн болушунча сындырууга аракет кылууда. Андан тышкары Москва ансыз да чарчап-чаалыккан калкты кычыраган кышта дагы тоңдуруп, суусуз калтыруу үчүн Украинанын энергожайларына тынымcыз сокку уруyну улантууда.
Ал эми Батыштын сүйлөшүү залдарында маанай жаңжалды токтотууга ыктагандай. Мындай риторика АКШ президенти болуп Дональд Трамп шайлангандан кийин дагы күчөдү. Ар кандай эсептер менен Орусия Украинага кол салган 34 айдан бери эки тараптан өлгөндөрдүн жана жараат алгандардын саны миллиондон ашты. Бул сан дагы өсүп жатат. Трамп январда ант берип, расмий кызматка киришкиче эле Украинадагы согушту "24 сааттын ичинде" токтотуу жолун табууга сөз берген.
"Тынчтык сүйлөшүүлөрү акыр-аягы болору тууралуу көп талкуулар, кептер жүрүп жатат. Чындыгында бизде эч кандай план жок. Андай план эч кимде жоктой. Албетте, жериндеги кырдаал учурда Украинанын пайдасына эмес экенин баары көрүп турат. Ошондуктан бул абдан оор учур", - дейт Брюсселдеги Carnegie Europe аналитикалык борборунун директору Роза Бальфур.
Ок атышууны токтотуу тууралуу талкууланып жаткан демилгерлер, сунуштар тууралуу азырынча эмнелер белгилүү?
Бейпилдик күчтөрү?
Бул аптада европалык жана америкалык расмий адамдар ок атышуу токтоп, согушту аягына чыгаруу же элдешүү тууралуу келишим жетишилгенде Батыштын аскерлерин Украинага бейпилдик күчтөрү катары жиберсе болобу деген суроонун айланасында баш катырышты.
Маалыматтарга караганда, Франциянын президенти Эммануэл Макрон Украинада 40 миңдей аскер жайгаштырууну демилгелеп, бул сунушун Польшанын өкмөт башчысы Дональд Туск менен талкуулоо үчүн 12-декабрда Варшавага жөнөп кетти.
Экөөнүн жолугушуусунан кийинки маалымат жыйында Туск журналисттерге Польшанын Украинага аскер жиберүү ниети жок экенин айтты. Ошондой эле Варшаваны бул боюнча эч ким күчтөй албастыгын кошумчалады.
Батыштын бейпилдик күчтөрү тууралуу сунуш алгач ирет Парижде Макрон Трамп жана украин президенти Владимир Зеленский менен жолугуп жатканда айтылган. Америкалык Wall Street Journal басылмасынын маалыматында, буга чейин Украинаны коргоодо жана колдоодо европалыктар көбүрөөк активдүү роль ойнош керек деп билдирип жүргөн Трамп европалык аскерлер жеринде ок атышууну токтотуу жараянына көз салып турса деген ою менен бөлүшкөн.
Wall Street Journal жазгандай, Трамп алардын арасында америкалык аскерлер болушун каалабайт. Бирок Кошмо Штаттар колдоо көрсөтүшүн колдойт.
Сентябрь айында он баскычтан турган "Жеңиш планын" жарыялаган украин жетекчилиги Батыштын бейпилдик күчтөрүн жайгаштыруу демилгесин колдойт. Анткен менен мурдагы украиналык дипломат Александр Харанын пикиринде Москва буга макул болбой коюшу мүмкүн.
"Албетте, баары бул тууралуу талкуулап жатканы жакшы. Бирок тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого эч кандай негиз жок. Анткени Орусиянын эсебинде, ал дагы эле Украинанын таш-талканын чыгара алат жана Батыш бир ар аз коркуп жаткандай, ал эми Трамп Киевге басым жасап, курал-жабдык жана башка жардам бербей коюшу мүмкүн", - дейт Хара.
НАТО боюнча өнөктөштөр
Москва 2022-жылы Киев НАТОго мүчө болууну каалагандыктан Украинага кол салганын билдирип, актанып келет.
9-декабрда Зеленский аскердик альянска кошулуу абдан чоң мааниге ээ экенин дагы бир ирет кайталады. Анткен менен НАТОнун көп мүчөлөрү Украинанын кошулушун анчейин деле жактырбагандай. 2008-жылкы саммитте АКШ менен Европанын лидерлери балким бир кезде кошулушу мүмкүн деген компромисске келгени менен де-факто жол картасын түзүшкөн эмес. Айрым расмий адамдар жана эксперттер бул Орусиянын 2022-жылкы кол салуусуна алып келген катачылык болгонун белгилешет.
Орусия Украинага согуш ачканы НАТО дагы кеңейип, ага Швеция менен Финляндия кошулду. Украинаны кабыл алуу учурда жарым-жартылай башка мамлекет оккупацияланган, абдан чаалыккан өлкөнү кошуу дегенди билдирмек. Бул блоктун көп мүчөлөрү үчүн маселе жаратмак.
Кошмо Штаттар дагы бул демилгени анча жактырбайт. Маалыматтарга караганда, Парижде Трамп Макрон менен Зеленскийге ал Киевдин мүчөлүк тууралуу арызын колдобостугун айткан. Бул тууралуу Wall Street Journal басылмасы жазды.
Отставкадагы австралиялык генерал-майор Мик Райан өз блогунда жазгандай, Украинанын НАТОго мүчө болушун кийинкиге жылдыруу — бул "Орусиянын талаптарынын алдында капитуляция жана Путиндин чоң жеңиши".
"Бул Путиндин жана ага окшош авторитардык ишмерлердин акылында Орусиянын Украинага каршы агрессиясы ишке жараганын бекемдейт. Анткени "Украина НАТОго мүчө болбосун" деген согушка чейинки Путиндин негизги талабы болчу", - дейт Райан.
Буфердик зона?
Эгер эле кандайдыр бир күтүүсүз окуя болуп кетпесе, Украина аймактык жоготууларга учурашы толук мүмкүн. Орусия учурда украин жерлеринин 20% дайын оккупациялап турат. Анын ичине Донбасс толугу менен жана Крым жарым аралы кирет.
Көп байкоочулар кандайдыр бир нейтралдуу, Түндүк Корея менен Түштүк Кореяны бөлүп тургандай демилитаризацияланган тилкенин түзүлүшүн туура көрүшөт.
Путин мындай демилгени мартта, шайлоодо кайра шайлангандан кийин көтөргөн.
"Биз кайсы бир учурда, керек деп эсептеген кезде, бүгүнкү күндө Киев режиминин көзөмөлүндөгү аймактарда кандайдыр бир "санитардык зона" түзүүгө аргасыз болушубуз толук мүмкүн", - деди ал.
Украина үчүн эң оору — бул чийин кайдан өтөрүн жана экономикалык базасынын канчасын жоготорун аныктоо. Орусия басып алган Донбасс аймагына Украинанын тоо кен жана оор өндүрүш тармагынын бир топ бөлүгү туура келет. Айрым эсептерге караганда, Орусия Украинанын сегиз миллион гектар айдоо жерин оккупациялап алган.
Август айында Украина кескин кадам жасап, Орусиянын Курск аймагына кирип барып, аймактын жарымын өз карамагына алган. Кийинчерек Зеленский бул кадамга Харьковдон орус ракеталарын оолактатуу үчүн буфердик зона түзүү максатында барышканын түшүндүргөн. Харьков аймагы боюнча Украинанын экинчи чоң шаары саналат.
Жайдан бери Орусия украин күчтөрүн артка сүрүп, басып алынган аймактын дээрлик теңин кайтарды.
Буфердик зонада байкоо жана текшерүү жүргүзүү кыйын. Дрон согушунун өнүгүп баратышы да кырдаалды оорлотушу мүмкүн.
"Камчы" менен "таттуу токоч"
Украинаны курал-жабдык менен камсыздаган эң негизги демөөрчү Кошмо Штаттар жана Ак үйгө келе турган Трамптын администрациясы кандай кадамды тандарынан алдыдагы сүйлөшүүлөр көз каранды.
Трамп Жо Байдендин администрациясынын Украинага курал-жабдык жеткиришин жылдап сындап келген. Ал ошондой эле "Зеленский шылуундук менен алектенген" деп айтканы бар. Трамп андан тышкары өзүнүн ишкерлик жөндөмдөрү Путин менен макулдашууга жетүүгө жардам берерин билдирген.
Трамп Украина боюнча атайын чабарман кылып отставкадагы подполковник Кит Келлогду дайындоону сунуштады. Ал Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө вице-президент Майк Пенстин кеңешчиси болчу.
Келлог авторлордун бири болгон, ноябрдагы шайлоого чейин жарыяланган макалада фронт тилкесин ушул бойдон кармап, "камчы" жана "таттуу токоч" ыкмасын колдонуу менен Киев менен Москваны сүйлөшүүгө көндүрүү планы жазылган.
Киев үчүн "камчы" деген АКШ курал-жабдык берүүнү токтотот дегенди билдирет. Москва үчүн "камчы" бул дүйнө базарларын мунайга толтуруп, анын баасын арзандатуу. Анткени Орусиянын бюжети кара майдын баасына абдан көз каранды.
Москва үчүн "таттуу токоч" бул санкцияларды алуу же Украинанын НАТОго кошулуусун кийинкиге жылдыруу. Киев үчүн "таттуу токоч" бул аскердик жардам берүүнү улантуу, Орусия басып алган аймактарды тааныбоо. Бул деген Вашингтон 40 жыл бою Балтиканын үч мамлекетин СССРдын бөлүгү катары тааныбагандай эле болот.
План боюнча, бир нече күндө аяктай турган согуш үч жылга созулуп, өлкө экономикасына чоң сокку уруп жаткандыктан Кремл Трамптын жаңы шартына ачыктыгын ишарат кылууда.
Бирок күмөн санагандар да бар.
"Биз Путин сүйлөшүүлөргө олуттуу карайт деп ойлобойбуз. Ал балким сүйлөшүүгө даяр болушу мүмкүн. Бирок жеңип жатканда бул үчүн анда стимул деле жок. Ал убакыт анын пайдасына иштеп жатканына ишенет",-деди "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна НАТОнун ысымын атабаган жогорку даражадагы өкүлү.
Макаланы кыргызчага Элиза Кененбаева которду.