Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

"Талибан" бийлигине бир жыл. Ич ара тиреш күч алды


 "Талибан" өкмөтүндө премьер-министрдин орун басарынын кызматын аткарган Молдо Абдул Гани Барадар (ортодо) жана кыймылдын башка мүчөлөр. Кабул, 24-апрель, 2022-жыл.
"Талибан" өкмөтүндө премьер-министрдин орун басарынын кызматын аткарган Молдо Абдул Гани Барадар (ортодо) жана кыймылдын башка мүчөлөр. Кабул, 24-апрель, 2022-жыл.

Бир жыл мурун талибдер Батыш колдоп турган ооган өкмөтүн кулатып, бийликти басып алышкан. "Талибан" кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) бир жыл ичинде бийлигин бекемдеп, ички оппозицияны толук жок кылды. Адистердин божомолуна караганда, топ ичинде талаш-тартыштын күч алышы талибдердин бийлигине коркунуч жаратууда.

"Талибан" кыймылы ошондой эле аялдардын укугун, сөз эркиндигин коргоо талаптары менен чыккан журналисттерди, укук коргоочуларды түрмөгө камап, ур-токмокко ала баштады.

Талибдерге каршылык көрсөткөндөр алгылыктуу натыйжага жете алышкан жок. Ал эми өлкө ичинде "Ислам мамлекети-Хорасан" кыймылы жаңы режимге азыркыга чейин коркунуч жаратууда. Бул топ ири калааларда ондогон адамдын өмүрүн алган жардырууларды уюштурууну улантып келет.

"Талибан" кыймылы алардын мизин кайтарганы менен толук жеңе элек. Серепчилер азыркы режимге "Ислам мамлекети-Хорасан" тобунан да чоң коркунуч бар экенин белгилешет. Бул - талибдердин ич ара пикир келишпестиги. Ар кандай маалыматтарга караганда, "Талибандын" ичиндеги топтордун арасында бийлик жана экономикалык ресурстар үчүн күрөш жүрүүдө.

Бийликке келгенине бир жыл болгонуна карабай, бир да мамлекет "Талибан" кыймылынын бийлигин тааный элек. Талибдер «Ал-Каиданын» жогорку лидери Аймаа аль-Завахириге баш паанек берип, калкалап жүргөн деген маалымат тараган.

АКШ “Ал-Каида” террордук уюмунун анабашы, дүйнөдөгү эң кооптуу террорчу атыккан Айман Завахири жок кылынганын 31-июлда билдирген. Ал уюмду 2011-жылы Усама Бен Ладенден кийин жетектеп калган. Расмий маалыматка караганда, "ал-каидачылардын" анабашы Кабулда дрондун соккусунан өлтүрүлдү.

"Талибандын" жоокерлери "Ал-Каиданын" лидери Айман Завахири өлтүрүлгөн аймакты кайтарып турушат. Кабул. 2-август, 2022-жыл.
"Талибандын" жоокерлери "Ал-Каиданын" лидери Айман Завахири өлтүрүлгөн аймакты кайтарып турушат. Кабул. 2-август, 2022-жыл.

Куралдуу жана куралсыз оппозиция

1990-жылдардан бери талибдерге көз салып келген оогандык ардагер журналист Сами Юсафзайдын айтымында, "Талибандын" бийлиги Ооганстандын соңку 40 жылдык тарыхындагы бүтүндөй мамлекетке көзөмөл орноткон жалгыз режим. Бул кыймыл үчүн маанилүү.

Юзафзайдын пикирине караганда, мындай үстөмдүк өлкөдө 1990-жылдардагыдай жарандык согуштун башталышына жол бербейт. Ал кезде Ооганстандын аймагын ар түрдүү топтор башкарган. Талибдер 1996-жылы жарандык согушта жеңишке жетип, бийликти колуна алган кезде да өлкөгө толук көзөмөл орното алган эмес.

Бул жолу да талибдерге каршы өлкөнүн ар кайсы аймактарында куралдуу чакан топтор каршы чыккаг. Алардын бири - Улуттук каршылык көрсөтүү фонду. Аны можахеддердин мурунку кол башчысы, 1980-1990-жылдары өзү туулган Панжшер өрөөнүн совет аскерлерине, кийин талибдерге каршы турууда аскердик база катары пайдаланган Ахмад Шах Масуддун уулу Ахмад Масуд башкарат.

Улуттук фронттун күчтөрү талибдерге улам чабуул уюштурганы менен өрөөндү өз карамагына толук ала алышкан жок.

Вашингтондогу Жакынкы Чыгыш институтунун Пакистанды жана Ооганстанды иликтөө боюнча аналитикалык борборунун директору Марвин Вайнбаумдун айтуусуна караганда, Ооганстандын коңшулары жана чет элдик державалар каршылык топторун колдоо менен кеңири жарандык согуштун тутанышына кызыкдар эмес.

"Алар тескерисинче, качкындардын агымына түрткү боло турган гуманитардык кризистен өтүп кетүү үчүн Кабулдагы өкмөттүн жетиштүү деңгээлде туруктуу болушун көздөшөт". - дейт ал.

Вайнбаум кошумчалагандай, эл аралык коомчулук Ооганстандагы "Ислам мамлекети-Хорасан" сыяктуу трансулуттук топтордон тараган коркунучту алдын алууну көздөйт.

Укук коргоочулар талибдерди кылмышка шектүүлөрдү сотсуз жазалап, туш келди ар кимди кармап, айрымдарды дайынсыз жоготуп, кыйноого алып жатканы үчүн айыптап келишет. Кыймылдын мүчөлөрү негизинен укук коргоочуларды, активист аялдарды, журналисттерди жана интеллигенция өкүлдөрүн бутага алышкан.

Ички талаш-тартыштар

Эксперттердин баамында, талибдерге ички пикир келишпестиктер эң чоң коркунуч жаратышы мүмкүн. Анткени азыртадан эле бийликти жана экономикалык ресурстарды ич ара бөлүштүрүү зордук-зомбулукка чейин алып келүүдө.

Июнь айында талибдер өлкө түндүгүндөгү диссидент кол башчыга каршы аскердик өнөктүк жүргүзүшкөн. Байкоочулардын айтымында, уруштун чыгышына кирешелүү көмүр шахтыларына ээлик кылуу маселеси себеп болгон.

Серепчилер белгилегендей, учурда өлкө чыгышында отурукташкан "Талибандын" бир фракциясы - Хаккани тобу менен кыймылдын түштүктөгү канатынын ортосунда атаандашуу күч алууда. Андан тышкары "Талибанга" мүчө саясий ишмерлердин, талаа командирлеринин, диниятчыларынын ортосунда да пикир келишпестиктер бар.

Доха келишими

Завахаринин өлүмүнөн кийин Кошмо Штаттар талибдерди 2020-жылкы Доха келишимин бузуп, террордук уюмдун лидерин жашырганы үчүн айыптады. Чет элдик аскерлердин чыгышына алып келген бул келишимге ылайык, талибдер террорчуларга баш калка бербеши керек эле. Талибан "Завахиринин Кабулда экенин билбегенин" айтты.

Жыйырма жыл мурда талибдер "Аль-Каиданын" лидерин өткөрүп берүүдөн баш тартканда, Америка Ооганстанга өз аскерлерин киргизген.

"Завахаринин Кабулдун борборунда аныкталышы талибдердин бийлигин мыйзамдаштыруу аракетине жана Батыштын жардам көрсөтүү ниетине сокку урду", - дейт Вашингтондогу Тынчтык институтунун улук аналитиги Асфандьяр Мир.

XS
SM
MD
LG