Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Өзбекстанга ооган тараптан дагы ракета атылдыбы?


Термездин жанындагы Өзбекстан менен Ооганстандын көзөмөл-өткөрмө пунктун өзбек аскерлери кайтарууда. 15-август, 2021-жылы
Термездин жанындагы Өзбекстан менен Ооганстандын көзөмөл-өткөрмө пунктун өзбек аскерлери кайтарууда. 15-август, 2021-жылы

Расмий Ташкент Ооганстан тараптан кайрадан ракеталык чабуул болду деген маалыматты четке какты. Өткөн ишембиде "Талибан" (Кыргызстанда ишмердиги тыюу салынган) өкмөтү Ооганстандын аймагынан Тажикстан менен Өзбекстанды аткылаган деген негизде кылмыштуу топтун өкүлдөрүн кармаганын жарыялаган болчу.

Талибдердин басма сөз катчысы Забиулла Мужахид ишемби күнү Твиттер аркылуу билдиргендей, 15-июлга караган түнү "Талибандын" атайын күчтөрү Кундуз провинциясынын Канжага айылында "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлеринин чордонун жок кылган.

"Атайын операциянын жыйынтыгында кылмыштуу топтун үч мүчөсү жок кылынып, беш адам кармалды. Алардын автоунаалары жана ок атуучу куралдары конфискацияланды. Алар Өзбекстан менен Тажикстанды ракета менен аткылашкан", - деди Мужахид.

Деген менен бул кабарды көз карандысыз булактар азырынча ырастай элек.

Дүйшөбү күнү Өзбекстандын Коргоо министрлиги чек аралаш аймактарда Ооганстан тараптан үчүнчү жолу ракеталык атуу болгону тууралуу маалыматтарды төгүндөдү.

"Бул маалыматтар жалган жана эч кандай чындыкка дал келбейт. Өзбекстандын Ооганстан менен чек арасы толугу менен өзбек чек арачыларынын көзөмөлүндө турат, кырдаал туруктуу",-деп айтылат расмий билдирүүдө.

Ушул күндөрү интернетте өзбек жергесине коңшу өлкөнүн аймагынан атылган ракеталык дүрмөттөр түшкөнү тууралуу кабарлар кайрадан тарап жаткан.

Акыркы төрт айдын ичинде Ооганстандан Тажикстандын жана Өзбекстандын аймагына үч жолу ракета атылган.

Июль айынын башында Өзбекстандын бийлиги Ооганстан менен чектеш аймагына беш снаряд түшүп, Термез шаарынын маалелеринин бириндеги төрт үйгө зыян келтиргенин билдирген.

Ооганстандык журналист Билал Сарвари 5-июлда Твиттерде сүрөт жарыялап, анда колдо жасалган снаряддар жеңил унаага жайгаштырылганын жазган. Снаряддарды жашылча-жемиш менен көрсөтпөй жаап коюшканын айткан.

Анда да талибдердин өкүлү Забиулла Мужахид Өзбекстанга атылган снаряддар эки өлкөнүн мамилесин бузууну көздөгөн “кара ниет кишилердин” иши экенин билдирген эле. Мужахид күнөөлүүлөрдү таап, аларды жоопко тартууга аракеттене турганын убада кылган.

Муну менен катар 7-майда ооган тараптан Тажикстанды көздөй жети снаряд атылганын ооган маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Тажик атайын кызматы Ооганстандын Тахор провинциясында "Талибан" менен "Ислам мамлекети" террордук уюмунун жергиликтүү бутактарынын кагылышуусу маалында Тажикстанга "кокустан гана ок атылган" деп жарыялаган эле.

Апрель айында "Ислам мамлекети-Хорасан" радикал тобу Ооганстандан Өзбекстандын Сурхандарыя облусундагы аскерий объектилерди көздөй ракета атканы кабарланган. Бирок Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы мындай кабарларды четке каккан.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. 12-июль, 2022-жыл. Москва.
Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. 12-июль, 2022-жыл. Москва.

Ал арада "Талибан" кыймылынын делегациясы 25-26-июлда Ташкентте өтө турган Ооганстан боюнча эл аралык конференцияга катышарын Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов билдирди.

"Биз Ооганстанда бийлик орноткон "Талибан" кыймылынын делегациясын күтүп жатабыз. Бул кыймылдын конференцияга катышуусу "биз аларды тааныйбыз" дегенди билдирбейт. Бул жолугушуу эл аралык милдеттенмелерди жана ал жерде кол коюлган келишимдерди аткаруусун камсыз кылууга багытталган", - деп баса белгиледи Норов.

Ооганстан боюнча эл аралык конференция 25-26-июлда Ташкентте өтүп, ага 20дан ашуун өлкөнүн делегациялары катышат.

Кыргызстанда "Талибан" кыймылы экстремисттик уюмдардын тизмесине киргизилген. Буга чейин Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков бир нече жолу Ооганстанга барып, талибдердин өкүлдөрү менен сүйлөшүп келген.

Былтыр 15-августта Ооганстандын бийлигин басып алган талибдердин бийлигин азырынча бир да мамлекет тааный элек.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG