Стамбулдун Долмабахче сарайында Украина, Орусия жана Түркия өкүлдөрүнүн жолугушуусу башталды. Бул тууралуу бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары кабарлады.
Би-би-синин жеринде жүргөн кабарчысы жолугушуунун башында эки тараптын өкүлдөрү бири-бири менен кол алышпаганын билдирди.
"Интерфакс" өздүк булактарына таянып, Орусиянын делегациясы жолугушууларга АКШнын өкүлдөрү катышуусуна каршы болгонун жазды.
Жолугушууда Киевдин делегациясын коргоо министри Рустем Умеров, Москванын делегациясын президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектеп жатат.
Мунун алдында Стамбулда АКШ, Украина жана Түркия өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Ал сүйлөшүүлөргө АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио, Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан, Украин президентинин кеңсе башчысы Андрей Ермак жана тышкы иштер министри Андрей Сибига катышты.
Өткөн аптада орус президенти Владимир Путин 2022-жылдын жазында үзгүлтүккө учураган сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн Киевдин делегациясы 15-майда Стамбул шаарына келсин деген талап койгон. Украин президенти Зеленский ага макул болуп, Путин өзү да катышууга тийиш деп билдирген.
Владимир Путин Стамбулдагы сүйлөшүүлөргө өзү барбай турганын билдирип жана төмөнкү деңгээлдеги технократтардан куралган делегацияны жиберген.
(AiA)
Шерине