16-майда Украинанын президенти Владимир Зеленский Албанияда өтүп жаткан Европа саясий шериктештигинин саммитинде сүйлөп жатып, Стамбулдагы орус-украин сүйлөшүүлөрүндө негизги артыкчылык эч кандай шартсыз ок атышууну токтотууга жетүү экенин айтты.
"Эгер бүгүн Стамбулдагы орусиялык өкүлдөр буга макул боло албаса... анда Путин дипломатиялык аракеттерди көзгө илбей жатканы 100% айкын болот», - деди Зеленский.
Зеленский ошондой эле бул сүйлөшүүлөрдө туткундарды айырбаштоо жана Орусиядан украиналык балдарды кайтаруу боюнча маселелерди талкуулоо маанилүү экенин белгиледи.
16-майда Европа өлкөлөрүнүн лидерлери Европанын саясий шериктештигинин саммитине чогулушту. Күн тартибиндеги маселелердин арасында Европанын коопсуздугу жана демократиялык туруктуулугу, анын ичинде Украинадагы согушту жөнгө салуу маселелери бар.
Албаниянын баш калаасы Тиранада өтүп жаткан европалык лидерлердин саммитине украин президенти Владимир Зеленский да катышууда.
Ушул эле күнү Стамбулда орус-украин делегацияларынын сүйлөшүүлөрү өтүп жатат. Жолугушууга Киевдин делегациясын коргоо министри Рустем Умеров, Москванын делегациясын президент Путиндин жардамчысы Владимир Мединский жетектеп барган. (AiA)
Шерине