Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Тажикстан: элди сестенткен даярдык


Тажикстандын күч түзүмүнүн өкүлдөрү
Тажикстандын күч түзүмүнүн өкүлдөрү

Тажикстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду утурлай коопсуздук чаралары да күчөтүлдү. Бийлик муну туруксуздукту бузууга дилгир күчтөр саясий өнөктүктөн пайдаланышы мүмкүн деп негиздейт.

Коопсуздукту көзөмөлдөөнүн жанданышын тургундар арасында колдогондор да, туура эмес деп баалагандар да бар.

Күчөтүлгөн чара Башмыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду утурлай киргизилгенин “Азаттык” радиосунун тажик кызматы өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып билдирди. Маалыматка караганда, деструктивдүү күчтөрдүн республикадагы кырдаалды чайпалтуу аракетине жол бербөө максатында коомдук тартипти көзөмөлдөө жанданган.

Милициянын өкүлү маанилүү саясий өнөктүктөрдүн алдында коопсуздук чараларын күчөтүү башка мамлекеттерде да колдонулуп келаткан тажрыйба экенин белгилейт.

Ушул тапта бардык шаарларда жол кайгуул кызматкерлеринин саны көбөйгөн. Мамлекеттик мекемелердин административдик имараттарында түнкү кезметчилик уюштурулган. Ага кошумча ар бир мамлекеттик уюмдун башкы имаратын экиден милиционер кайтарат.

Дүйшөмбү шаарынын тургуну Садриддин Садриддинов буга чейин төрт ирет шайлоого катышканын, анын баары тынч өткөнүн белгилөө менен мунусунда коопсуздук чараларын күчөтүү эл арасында ар кандай чочулоо жаратып жатканын айтты:

- Күч түзүмдөрү коопсуздукту көзөмөлдөшүнө ишенебиз. Мурдагы шайлоолор тынч өткөн. Мунусунда да эч кандай олку-солку болбойт. Бизге эч кандай күчтөр коркунуч келтирген жок.

Тажикстандагы жалпы элдик добуш берүү өнөктүгү Ооганстанда кырдаал курчуп, экстремисттердин аракети күчөй баштаган кезге туш келди. Аналитик Саади Намозов соңку айларда Тажикстанда да кырдаал курч экенин белгилейт. Ал муну күч түзүмдөрүнүн бир канча ирет жасаган теракт коркунучу жөнүндөгү билдирүүлөрү менен бышыктайт:

- Эки адам президентке кол салууга аракет кылды. Дагы экөө Сириядан кайтып келип, Хатлон облустук Ички иштер башкармалыгын жардырууну көздөп, кармалышты. 9-май күнү Жеңиш майрамында теракт жасоого бел байлаган бир канча адам колго түштү.

Серепчинин айткандарын чечмелей турган болсок, 2015-жылдын сентябрында Дүйшөмбүнүн Исмоили Сомони райондук соту президент Эмомали Рахмонго кол салууга аракет кылган эки адамды камоо чечимин чыгарган. Жакында орусиялык жана тажикстандык күч түзүмдөрү биргелешкен операция жүргүзүп, Хатлон облусунда жардыруу пландагандарды кармаган эле.

Тажикстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 22-майга белгиленген. Анын жаңы долбоорунда президенттикке талапкерлердин жашын 35тен 30га чейин түшүрүү каралган. Бул 2020-жылы өтчү президенттик шайлоого мамлекет башчы Эмомали Рахмондун уулу Рустам Эмомалинин катышуусуна мүмкүнчүлүк берет.

XS
SM
MD
LG