Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Тажикстан: Диний партиянын мүчөлөрү өмүр бою кесилеби?


"Ислам кайра жаралуу" партиясынын абактагы мүчөлөрү
"Ислам кайра жаралуу" партиясынын абактагы мүчөлөрү

11-майда Дүйшөмбүдөгү жабык сотто Башкы прокуратура "Ислам кайра жаралуу" партиясынын 13 мүчөсүнүн жана төрт лидеринин күнөөлөрү толук далилденгенин айтып, аларга эң жогорку жаза берүүнү сурады.

"Ислам кайра жаралуу" партиясынын лидерлери: Саидумар Хусайни, Махмадали Хаит, Киёмиддин Авазов жана Абдукаххор Давлатту өмүр бою эркинен ажыратууну, ал эми партиянын калган тогуз активисттин сегиз жылдан 23 жылга чейин абакка кесүүнү прокурор соттон өтүнгөн. Айыпталуучулардын арасындагы партиянын юристи, 44 жаштагы жалгыз аял Зарафо Рахмонини сегиз жылга эркинен ажыратуу суралды.

Айыпталуучулардын туугандары прокурор сураган жазаны «катаал жана ырайымсыз» деп “Азаттык” радиосунун тажик кызматына айтышкан.

Соттун кийинки отуруму 12-майда өтөт. Анда адвокаттар менен айыпталуучуларга акыркы сөз берилмекчи. Алар сот ырайымдуулук кыларына үмүттөнүп турушканын туугандарына айтышкан.

Тажикстанда былтыртан бери тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын 13 мүчөсү - партиянын жетекчисинин орун басарлары Саидумар Хусайни жана Мухаммадали Хайит, ошондой эле Абдукаххори Давлат, Рахматуллои Раджаб, Зубайдуллои Розик, Мухаммадалии Файзмухаммад, Хикматулло Сайфуллозода, Киёмиддин Авазов, Зарафо Рахмони, Махмадшариф Набиев, Абдусамад Гайратов, Саттор Каримов, Вохидхон Косидинов сот жообуна тартылууда.

Айыпталуучулар былтыр 16-17-сентябрда Тажикстандын коргоо министринин мурунку орун басары, генерал Абдухалим Назарзоданын куралчан тобуна каршы жүргүзүлгөн операциядан кийин камакка алынган. Алардын бардык үй-мүлктөрү камакка алынып, туугандарына Тажикстандан чыгып кетпөө жөнүндө тил кат жаздырылган.

Абдухалим Назарзода
Абдухалим Назарзода

Тажик бийликтери Ислам партиясын, анын жетекчилигин былтыр күздөгү куралдуу козголоңго катышы бар, өкмөттү кулатууну көздөгөн деп айыптап келет.

Коңшу өлкөнүн Жогорку Соту Борбор Азияда расмий катталган жалгыз исламчыл саясий партияны экстремисттик жана террордук уюмдардын катарына кошуп, ишмердүүлүгүнө толук тыюу салган.

Камоолорго чейин Тажикстандан чыгып кетүүгө үлгүргөн партия лидери Мухиддин Кабири болгон айыптарды четке кагып, бийлик ал окуяны партияны жабуу үчүн колдонуп жатканын айтып келет.

Ушул тапта Ислам кайра жаралуу партиясынын камактагы мүчөлөрүн коргоп жүргөн адвокат Бузургмехр Ёровдун үстүнөн да сот иши жүрүүдө. Ага "көз боёмочулук кылган", "документтерди оңдогон", “экстремисттик уюм түзгөн”, “экстремизмге чакырган”, “улут аралык араздашууну козуткан” деген кинелер тагылган.

Human Rights Watch уюмунун Борбор Азия боюнча аналитиги Стив Свердлов соңку жылдары Тажикстанда адам укуктары одоно бузулуп жатканын, абактарда саясий туткундардын саны кескин көбөйгөнүн, мындай кырдаал оор кесепеттерге алып келерин эскертти:

- Биз быйыл Тажикстанда алдыңкы оппозициялык партия жабылып, террористтик уюм катары жарыялангандан кийин партиянын жүздөгөн мүчөлөрү камакка алынганын көрдүк. Алардын көбү чет өлкөлөргө качууга мажбур болгон. Ошондой эле чет өлкөдөгү азыркы тажик бийлигине оппозициялык маанайдагы саясий ишкерлерди ошол эле Орусия жана Түркиядан Тажикстанга эстрадициялоо аракеттери байкалды. Эки жыл мурун тажик түрмөлөрүндө саясий туткундар саналуу болсо, акыркы убакта алардын саны кескин көбөйдү. Алардын арасында юристтер менен журналисттер да кездешет.

Стив Свердлов
Стив Свердлов

​Бишкекте жашап, иштеген чөлкөм боюнча аналитик Стив Свердлов коңшу өлкөдө түзүлүп калган кооптуу кырдаалдын келечегин мындайча мүнөздөйт:

- Жөнөкөй адамдар жана саясий оппозициянын лидерлери жарандык иш-чараларга катышканы үчүн түрмөгө түшүп кала турган болсо, бул өлкөдө демократия урап, авторитардык системанын түзүлгөнүн түшүндүрөт. Эгерде бийлик мамлекетте стабилдүүлүктү сактагысы келсе, башкача жолду тандашы керек. Тажикстанда Ислам кайра жаралуу партиясына жана оппозицияга бийликтин кысымы, интернетти жана мамлекеттик эмес уюмдарды көзөмөлгө алуу аракеттери 1997-жылы түзүлгөн тынчтык келишимине сокку урууда. Ал жылдары болгон жарандык согуштун кайталанышын тажик эли каалабайт. Кандай болсо да Тажикстан үчүн аябай катаал мезгил башталды.

Ислам кайра жаралуу партиясы 1992-1997-жылдары Тажикстанда саясий бийлик менен оппозициялык топтордун ортосунда чыккан тирешүүдөн тутанган жарандык согуш маалында түзүлгөн.

Беш жылга созулган согушта тынчтык орнотуу максатында Бириккен тажик оппозициясынын жана Ислам кайра жаралуу партиясынын жетекчиси Саид Абдулло Нури өлкө президенти Эмомали Рахмон менен тынчтык келишимине Москвада кол коюшкан.

Ислам кайра жаралуу партиясы бир топ жыл бою кадыр-баркы боюнча Тажикстандагы экинчи партия болуп келген. Партия мүчөлөрү соңку 15 жылда парламентке такай шайланып жүрүп, былтыр марттагы шайлоодо беш пайыздык босогону багындыра албай калган. Былтыр партиянын расмий 45 миңдей мүчөсү бар экени айтылган.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG