Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

ИМге кошулган полковниктин өлүмү тастыктала элек


Гүлмурод Халимов
Гүлмурод Халимов

Британиялык "Таймс" журналы "Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулуп кеткен тажик полковниги Гүлмурод Халимов өлгөнүн кабарлады.

Журналдын 15-мартта жарык көргөн санында “Ислам мамлекети” радикал тобунда аскер лидери болуп турган Халимов өткөн аптада Мосулдун батышындагы аба соккуларында жок кылынганы кабарланган.

Басылманын Ирактагы булагы Халимов соңку айларда үч жолу аба соккуларына кабылганын маалымдаган. "Гүлмурод Халимов Мосулдагы жихадчыларды жана эл аралык коалицияга каршы автоунааларды жардырууну уюштурууга жооптуу болуп турган" - деп белгилейт "Таймстын" өз булагы.

"Таймс" басылмасы Халимов экстремисттик топтун маанилүү фигураларынын бири болуп саналгандыктан "Ислам мамлекети" радикал тобу үчүн бул чоң жоготуу экенин белгилейт.

Азырынча тажик бийлиги бул маалыматты ырастай элек. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги бозгун экс-командир боюнча акыркы айларда эч кандай маалымат жок экенин билдирди.

Жоголгон тажик полковниги Сириядан табылды

Жоголгон тажик полковниги Сириядан табылды

Тажикстандык полковник, ОМОНдун мурдагы командири Гүлмурод Халимов Сириядагы “Ислам мамлекети” тобуна кошулганын интернетте жарыялады.

Буга чейин дагы массалык маалымат каражаттарында Халимов оор жараат алганы жана өлгөнү жөнүндө кабарланып, бирок кийинчерээк интернетке анын тирүү экенин тастыктаган сүрөт-видеолор чыккан.

Ал ортодо Тажикстандын атайын кызматы Халимовдун 18 жаштагы Бехруз Гүлмуродов аттуу уулун камакка алганы кабарланды. Жакындарынын айтымында, экс-полковниктин баласы үч жума мурун Варзоб районундагы апасынын үйүндө кармалган жана учурда Тажикстан Улуттук коопсуздук кызматынын абагында жатат. Күч органдарынын кызматкерлери Гүлмуродов кандай айып менен кармалганын түшүндүргөн эмес. Шектүү топторго кошулуп кеткен тажик полковнигинин өлүмү тууралуу жакындары эч нерсе уга элек экен.

- Биз Варзоб коктусундагы киши жеткис түбүндө жашайбыз. Бизде интернет, телефон жана башка маалымат алуу каражаттары жеткиликтүү эмес. Эч нерсе уккан жокпуз, - деди Гүлмурод Халимовдун агасы Назир Халимов.

Ал эми жубайы Назокат Мурадова күйөөсү менен көптөн бери байланышпай калганын жана өз алдынча жашап жатканын айтууда. Анын төрт баласы бар.

Гүлмурод Халимов 2015-жылы апрель айынын соңунда дайынсыз жоголуп, бир айдан кийин Сирияга кеткени белгилүү болгон. Ички иштер министрлигинин Өзгөчө даярдыктагы мобилдүү бөлүгүнүн мурдагы полковниги интернетке жайгаштырылган видео кайрылуусунда “Ислам мамлекети” тобунун катарына кошулганын билдирген. Ал бул кадамына тажик Ички иштер министрлигинин мусулмандарга карата мамилеси себеп болгонун айткан.

Көп өтпөй Тажикстан күч органдары ОМОНдун мурдагы командири Гүлмурод Халимовго "мекенге чыккынчылык кылды", "кылмыштуу топко жана башка мамлекеттердин аймагында куралдуу кагылышууларга катышты” деген айыптар менен кылмыш ишин козгоп, ага эл аралык издөө жарыяланган. Ал даража жана наамдарынан ажыратылган.

Гүлмурод Халимов 1975-жылы Варзоб районунда туулуп өскөн. Тажикстанда жарандык согуш жүрүп жаткан мезгилде президенттик гвардияда кызмат өтөгөн. 1997-жылдан баштап тажик милициясынын атайын бөлүмүндө кызмат кылууга өтүп, полковник наамына жеткен.

2016-жылы сентябрь айында Ирактын айрым медиалары бозгунда жургөн тажик полковниги Гүлмурод Халимов “Ислам мамлекети” радикал тобунун аскер лидери болуп дайындалганын кабарлашкан эле. Халимов АКШнын "өзгөчө кооптуу террорчулар" тизмесине киргизилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG