Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Мурдагы полковник ИМдин кол башчысы болду


Гулмурод Халимов
Гулмурод Халимов

Тажикстандык Гүлмурод Халимов Сириядагы “Ислам мамлекети” аталган террордук уюмдун аскер кол башчысы болуп дайындалганы тууралуу маалымат чыкты. Ага чейин бул террордук уюмдун аскерий лидери Умар ал-Шишани АКШнын абадан соккусунан быйыл июль айында өлгөнү кабарланган. ИМдин жаңы аскер башчысы ким?

Гүлмурод Халимовдун “Ислам мамлекети” аталган террордук уюмдун аскер башчысы болуп дайындалганын Ирактын маалымат каражаттары 3-сентябрда жазып чыкты. Башка маалымат булактары аны тастыктай элек.

Террорчуларга жакын маалымат каражаттары да маалымдаган эмес. Бул алардын коопсуздукка байланыштуу көргөн чарасы катары сыпатталууда.

Бирок бир нече күн мурун Кошмо Штаттар Гүлмурод Халимовдун дареги тууралуу маалымат бергенге 3 млн. доллар төлөөрүн жарыялаган. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басарынын жардамчысы Курт Райс 30-августта тажик журналисттери менен телефон аркылуу өткөрүлгөн конференцияда маалымдаган.

Райстын айтымында, Кошмо Штаттар тажик милициясынын атайын багыттагы тобунун мурунку башчысы Гүлмурод Халимовду “Ислам мамлекети” аталган террордук уюмдагы эң чечүүчү фигуралардын бири деп эсептейт.

Гүлмурод Халимов Орусия жана АКШда окуп, машыгуулардан өтүп келген. Ошондуктан ал бул өлкөлөрдүн тартип коргоо органдарынын согуш ыкмаларын мыкты билет. Кошмо Штаттар мына ошонусу менен Халимов коркунучтуу деп эсептейт.

Гүлмурод Халимов 2014-жылы апрель айынын соңунда жоголуп кеткен. Андан бир айдан кийин анын Сирияга кеткени маалым болгон. Ал интернетке жайгаштырылган видео кайрылуусунда “Ислам мамлекети” тобуна кошулганын билдирген. Анын мындай кадамга баруусуна тажик Ички иштер министрлигинин мусулмандарга карата мамилеси себеп болгонун айткан. Өз кайрылуусунда Халимов АКШ жана Орусияда антитеррордук окуулардан жана машыгуулардан өткөнүн да белгилеген.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы өткөн жылы май айында ОМОНдун мурунку командирине каршы "мамлекеттик чыккынчылык", "кылмыштуу топко мүчө болуу" жана "чет өлкөлөрдө согуштук аракеттерге катышуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. Ага эл аралык издөө жарыяланган.

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Махмадризо Халифзода 5-сентябрда “Азаттыктын” тажик кызматына Гүлмурод Халимовду жоопкерчиликке тартуу аракеттери жасалып жатканын билдирди:

- Анын жаңы кызматка дайындалышы менен эле эмес, ага чейин эле аны жоопкерчиликке тартуу боюнча тийиштүү органдарга тапшырмалар берилген.

Тажикстандын Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Умаржони Эмомали Гүлмурод Халимовдун дайындалышы тууралуу маалымат менен кабардар экенин билдирди:

- Албетте, биз өзүбүздүн аракеттерибизди ачыкка чыгара албайбыз. Азыркы кезде анын дайындалганы тууралуу маалымат каражаттарынан билгенибизди гана айта алам. Ал эми зарыл болгон ыкчам тергөө иштердин баары жасалууда.

Гүлмурод Халимов 1975-жылы Дүйшөмбүгө жакын Варзоб районунда туулган. Тажикстанда жарандык согуш жүрүп жаткан мезгилде президенттик гвардияда кызмат өтөгөн. 1997-жылдан баштап Тажикстан милициясынын атайын бөлүмүндө кызмат кылууга өтүп, полковник наамына жеткен.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG