Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:15

Тажикстан: жума намазды токтоткон буйрук


Тажикстан. Нурабад районундагы мечит. 2-май, 2019-жыл.
Тажикстан. Нурабад районундагы мечит. 2-май, 2019-жыл.

Тажикстандын Нурабад районунда жергиликтүү бийлик мечиттерди жаап, жума намазга тыюу салганы тууралуу кабар социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып жатат.

Нурабаддагы бир нече мечиттер жума күнү жабык болгону өткөн аптада ачыкка чыккан. Район бийлиги бул айтылгандарды четке кагып, мечитке келген эл сел коркунучунан улам таратылганын айтууда. Бирок аймактын бир катар тургундары мечиттер бийликтин тапшырмасы менен жабылганын билдиришти.

"Азаттыктын" тажик кызматынын кабарчылары Нурабадга барып, бир катар мечиттерди кыдырып келди.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Нурабад районунун борбордук мечитинде 26-апрелде жума намаз окулган эмес.

Нурабад району. Тажикстан.
Нурабад району. Тажикстан.

Ар аптада жума намазга миңден ашык киши чогулган мечиттин айлана-тегерегинде жашагандар ал күнү имам келгендерди үйлөрүнө тарап кетүүгө чакырганын айтып беришти.

Айыл жашоочусу Рахим Хакназаров имамдын кадамын түшүнбөй калгандардын бири:

«Чынында бул көрүнүш бир-эки күнгө созулду. Анын себебин сураган жокпуз. Азыр Аллага шүгүр! Бардык мечиттердин эшиктери ачык».

Ал эми башка тургундар жума намаздын алдында имамга телефон чалуу болгонун, андан кийин ал дубанда жазгы аскерге чакыруу планы аткарылбай калгандыктан, мечиттердин баары жабыларын жарыя кылганын билдиришти.

Олимжон Косимовдун айтымында, имам план толмоюнча мечиттер ачылбай турганын билдирген:

«Мечиттин имам-хатиби балдарды армияга жиберүүгө үндөдү. Мындай чакырыктар ар аптада жума намаз убагындагы насааттарда да жаңырат».

Нурабад районундагы мечиттин короосу.
Нурабад районундагы мечиттин короосу.

​​Жума намазга келген элди таратып жибергени айтылган Нурабад районунун борбордук мечитинин имамы Файзуллодон комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Кийинчерээк ал Интернет аркылуу видеокайрылуу жолдоп, жума намазга тыюу салынды деген маалыматты "чагым" катары баалап четке какты. Жергиликтүү бийлик да тыюу салуу болгонун төгүндөдү.

Район акимчилигинин дин иштери бөлүмүнүн башчысы Эраж Зафаров "намаз табият кырсыгынын алдын алуу максатында жылдырылган" деп түшүндүрдү.

«Намазга тыюу салууга, мечиттерди жабууга эч ким буйрук берген эмес. Өткөн жума күнү нөшөрлөгөн катуу жаан жаап, сел жүргөн. Райондогу борбордук мечиттин жанында дарыя бар. Мечитке келген эл сел коркунучуна байланыштуу тарап кеткен. Насаат учурунда имамдар кыздарга билим берүүнүн мааниси, жаштардын экстремисттик уюмдарга азгырылышынын алдын алуу тууралуу чакырык ташташат. Нурабадда коомдук жайлар же ресторандар жок. Адатта калк мечиттерге жыйналат. Керек учурда биз бул мүмкүнчүлүктү колдонобуз».

Эраж Зафаров.
Эраж Зафаров.

​Ошол эле маалда Зафаров мечиттер менен жума намаз аскердик өнөктүктү ишке ашыруу максатында колдонулган жок деп кошумчалады. Дубанда жазгы аскердик чакыруу планы 30-апрелде толук аткарылганы белгилүү болду.

Тажикстанда мусулмандар жана диний эксперттер бийликти бул ыкманы пайдалануудан оолак болууга, от менен ойнобоого чакырышууда.

Алар ислам дининде жума намаз милдеттүү парздардын бири экенин эскертип жатышат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү учурда Нурабадда бардык мечиттер кадимкидей эле иштеп жатат деп ишендирди.

Расмий маалыматка караганда, райондогу 105 кыштакта кырктан ашуун мечит бар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG