Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

Тажик түрмөсүндө тополоң чыкты


Хоженттеги түрмөнүн сырткы көрүнүшү. 8-ноябрь, 2018-жыл.
Хоженттеги түрмөнүн сырткы көрүнүшү. 8-ноябрь, 2018-жыл.

Тажикстандын Хожент шаарындагы түрмөдө тополоң чыкты. Аны басуу учурунда бир нече адамдын өмүрү кыйылганы кабарланды. Бийлик өкүлдөрү шаршембинин кечиндеги окуяга эмне себеп болгонун айтыша элек. Хоженттеги кырдаалдан улам Кыргызстан Тажикстан менен чек арасында көзөмөлдү күчөткөнү белгилүү болду.

Хожент шаарынын чекесиндеги түрмөнүн айланасында бүгүн ашыкча кыймыл байкалбайт. Бирок шаршембинин кечинде күчөтүлгөн тартиптеги бул колонияда тополоң чыкканы белгилүү болду. Андан соттолгон адамдар менен кошо түрмө кызматкерлеринин да өмүрү кыйылганы кабарланып жатат.

Алгач “Reuters” маалымат агенттиги жазасын өтөп жаткан 13 адам өлтүрүлгөнүн атын атагысы келбеген үч кишиге шилтеме кылып билдирген. Көп өтпөй “France-Presse” агенттиги абакта отурган 20дай киши жана эки түрмө кызматкери мерт болгонун жазды.

Тополоңдо каза тапканы айтылган түрмө кызматкери Эхсон Ёкубовдун жаназасынан тартылган сүрөт. 8-ноябрь, 2018-жыл.
Тополоңдо каза тапканы айтылган түрмө кызматкери Эхсон Ёкубовдун жаназасынан тартылган сүрөт. 8-ноябрь, 2018-жыл.

“Азаттыктын” тажик кызматы тополоң маалында түрмөнүн кеминде бир кызматкери - 29 жаштагы Эхсон Ёкубов каза тапканын, анын сөөгү Матчин районундагы өз айылына жеткирилгенин тактады.

Окуядан кабары бар булактар “Азаттыкка” түрмөдөгү тополоң кошумча күчтөрдүн жардамы менен басылганын айтышты.

- Абактагылардын айрымдарынын колунда бычак бар эле. Алардын бир бөлүгү өлтүрүлдү. Кайсы бири качып кетүүгө үлгүрүштү, - деди атын атагысы келбеген булактардын бири.

Жергиликтүү тургундар түрмө тараптан атышуунун добушун укканын айтып жатышат.

- Кечки саат 10дор чамасында адамдардын кажы-кужу үндөрү угула баштады. Мен жакын жерде үйлөнүү үлпөтү өтүп жаткан го деп ойлоп койдум. Анан ок атылгандай туюлду. Мен дагы эле "фейерверк атылып жаткандыр" дедим. Бирок андан кийин атышуунун добушу даанараак угула баштады, - деди Хоженттин түрмөгө жакын жайгашкан кичирайонунун башчысы Диловар Умаров.

Хожент шаарындагы жабык жайларды тескеген башкармалык шаршемби күнү түрмөдө өзгөчө абал түзүлгөнүн ырастап, бирок "ок атылды" деген маалыматтарды четке какты.

Тополоңдун себеби азырынча белгисиз

Тополоңдун себептери боюнча азырынча жоромолдор гана айтылып жатат. “Reuters” агенттиги Ички иштер министрлигинин бир кызматкерине шилтеме кылып, тополоң өзүн “Ислам мамлекети” тобунун өкүлү катары мүнөздөгөн соттолуучу түрмө кызматкерине кол салгандан кийин башталганын кабарлады.

Хожент - Тажикстандын экинчи ири шаары.
Хожент - Тажикстандын экинчи ири шаары.

“Азаттыктын” кабарчысы сүйлөшкөн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү "тополоңго түрмө кызматкерлери менен абактагылардын ортосундагы кайым айтышуу себеп болду" деген жоромолду айтып жатышат. Бирок бул маалыматтар расмий түрдө ырастала элек.

- Расмий бийлик өкүлдөрү алигиче түрмөдөгү тополоңдун себептерин, канча киши мерт болгонун айтыша элек. Биз эртең менен ал жакка барсак, бизди түрмөгө жакын жолотушкан жок. Жетекчилик абакка жакын келүүгө тыюу салганын, иликтөө жүрүп жатканын айтышты. Биздин маалымат боюнча кеминде беш адам ооруканага жеткирилди, - деп билдирди Хожентте жүргөн “Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчысы Махсуми Мухаммадража.

Тажикстандын түндүгүндөгү Хожент шаары Өзбекстандын Бекабад жана Кыргызстандын Лейлек райондоруна жакын жайгашкан. Жергиликтүү тургундардын айтымында, коопсуздук күчтөрү бул шаарды коңшу өлкөлөр менен байланыштарган бардык жолдордо текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Хожент түрмөсүндөгү тополоңдон улам Кыргызстан Тажикстан менен чек арасында көзөмөлдү күчөттү. Бул тууралуу өлкөнүн Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева 8-ноябрда билдиргенин "Интерфакс" агенттиги маалымдады.

Хожент түрмөсүндөгү чуулгандуу окуялар

Хожент шаарындагы колонияда жазасын өтөп жаткан адамдар качууга аракет кылган же тополоң чыккан учурлар буга чейин да катталган. 2016-жылы үч адам бул түрмөнүн тарбия бөлүмүнүн жетекчисин бычактап, андан соң качып кетүүгө аракет кылышкан. Түрмө кызматкери алган жараатынан каза тапкан.

Дүйшөмбү шаарындагы түрмөлөрдүн бири.
Дүйшөмбү шаарындагы түрмөлөрдүн бири.

Качууга аракет кылгандардын бири - Ирактагы согуштук аракеттерге катышканы үчүн 14 жылга кесилген 30 жаштагы Мирзозариф Каюмов тополоң учурунда мерт болгон. Дагы бирөө - Хабибжон Юсупов жарадар болуп, колго түшкөн. Болгону бир адам - Пакистандагы согуштук аракеттерге катышканы үчүн 20 жылга кесилген Рамзуллохон Додохонов качып кетүүгө үлгүргөн. Бирок ал көп өтпөй кайра кармалган.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги бул адамдар “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулуш үчүн абактан качууну көздөшкөнүн билдирген.

2010-жылы август айында Тажикстандын коопсуздук кызматынын тергөө абагынан өтө кооптуу кылмышкерлер катары мүнөздөлгөн 25 киши качып чыккан. Алар бир нече түрмө кайтаруучусун өлтүрүп кетишкен.

Качкандардын арасында Тажикстандын 14, Орусиянын, Ооганстандын жана Өзбекстандын 11 жараны болгон. Бул окуядан кийинки издөө иштери бир жыл бою уланып, качкындардын баары же кармалып же жок кылынган. Жети адамды кармоого Ооганстандын коопсуздук күчтөрү жардам берген.

Бул окуядан кийин Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын ошол учурдагы башчысы Хайриддин Абдурахимов жана анын үч орун басары кызматтан кеткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG